Д.Касеинов: Ош шаарына чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат

Ош шаарында "Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аталышындагы эл аралык салтанаттын негизги бөлүгү башталды.

Сүрөттүн автордук укугу official

2019-жылы Ош "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" болот деп таанылган. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу кеңеши чечим кабыл алган эле. Ушуга байланыштуу байыркы Ош шаарында илимий практикалык конференциялар, жарманкелер жана маданий иш-чаралар өтүүдө. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов бул аракет Ош шаарына чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет деп айтты.

Дюсен Касеинов: Канча айдан бери Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот деп айтып келе жатабыз. Эми расмий түрдө түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары ачылып жатат. Мисалы, Ошко жүз киши келсе, анын токсону шаарды биринчи жолу көрдү. Алардын арасында илимпоздор, коомдук жана маданий кызматкерлер бар. Ошту бүтүндөй дүйнөгө таанытчу ошол кишилер. Салтанат башталгандан тартып кыргыз элинин байыртадан берки каада-салттарына күбө болуп жатабыз. Сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүн ийне жибине чейин көрсөтүп талдап беришти. Жарманкелер уюштурулуп, өнөрпоздор оюн-зоокторун тартуулап, чоң концерттер болуп жатат. Мунун бардыгы жергиликтүү жана чет элдик маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырылууда. Канчалаган өлкөлөр менен ири долбоорлорду ишке ашырууга, өз ара кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Андыктан бул салтанаттан кийин Оштун аброю сөзсүз жогорулайт. Жыл бою ТҮРКСОЙдун иш-чаралары дал ушул шаарда өткөрүлөт. ЮНЕСКОдон келген коноктор дагы жыл ичинде бир катар иш-чараларды өткөрүүнү максат кылууда. Бул саамалык көп жылга созулчу кызматташтыктын фундаменти болот.

Би-Би-Си: Демек Оштун түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланышы шаардын туристтик, экономикалык потенциалын жогорулатат экен да?

Дюсен Касеинов: Сөзсүз түрдө. Бул жерде ишкерлик үчүн дагы форумдар өтүп жатат. Андай иш-чаралар бүгүн-эртең өтүп эле токтоп калбайт, андан ары уланат. Келген ишкерлер жергиликтүү бийликке өздөрүнүн сунуштарын айтып, бирдиктүү пландарды түзүүдө. Ал эми быйыл чет мамлекеттен келчү туристтердин агымы сөзсүз өсөт.

Би-Би-Си: Өзүңүзгө белгилүү болгондой Ош шаарында 2010-жылы коогалаңдуу окуялар болду. Шаардын өнүгүүсү үчүн улуттук аралык ынтымак башкы маселелерден эмеспи. Улуттар аралык ынтымакты мындан ары дагы бекемдөө үчүн дагы кандай аракеттер көрүлүшү керек дейсиз?

Дюсен Касеинов: Тилекке каршы учурунда Ош шаары ошол окуялар менен дагы дүйнөгө таанылды. Ал жылдар жеке эле Ош үчүн эмес, жалпы кыргыз эли үчүн кыйын учур болду. Көп үй-бүлө жоготууга учурады. Учурда абал мурдагыдай эмес. Шаар кыйла жакшырды, эли дагы ынтымакка шерик болуп келет. Биздин максат дагы ошол. Шаарды жакшы жагынан даңазалоо. Калк-арасындагы карым-катнашты жаңы деңгээлге көтөрүү. Ош окуясы сыяктуу баштан өткөргөн кыйынчылыктарды бүгүнкүдөй ири иш- чаралар менен унуткаруу керек.

Би-Би-Си: Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп буга чейин Түркстан, Мары сыяктуу бир катар шаарлар аталбадыбы. Мындай статуска ээ болуу менен ал шаарларда эмне өзгөрдү?

Дюсен Касеинов: Мен көп мамлекетти кыдырган киши катары сизде муну айткым келет, Түркияда канча жыл жашасам дагы Кастамону деген шаарды билбептирмин. Качан гана Түркия мамлекетинин азаматтары ал шаарды түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору кылууну сунуштагандан кийин гана билдим. Кичинекей Кастамонуну учурду бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттер билет. Ош болсо андан бир топ чоң, Кыргызстандын экинчи борбору. Бирок Ошту билбегендер дагы көп. Андыктан Ош түрк дүйнөсүнүн борбору аталышы менен сөзсүз бир топ мамлекеттерге таанылат.

Би-Би-Си: Мындан бир канча жыл мурун Би-Би-Сиге берген маегиңизде түрк тилдүү мамлекеттердин маданий байланыштары өксүк деген бааңызды бердиңиз эле. Андан бери бул кемчилик жоюлдубу?

Дүйшөн Касеинов: Бул көйгөй жакын арада чечиле калат деп ишенбейм. Учурда чоң деле өзгөрүү болгон жок. Мына ошондой өксүктөрдү бүгүнкүдөй иш-чаралар менен жоюу керек. Ошондо жоголгон маданий байланышты улантып, калыбына келтиребиз.

Тектеш темалар