«Уран кенин иштетүүгө каршыбыз!»: Кооптонууга жүйө бар

Кыргызстандын Ысык-Көл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы чакырыктар күчөдү. Жарандык активисттер коомдук сайттар аркылуу каршылык акциясын баштап, петицияга кол топтоп жатышат.

Image caption Майлуу-Суудагы уран заводунан калган урандылар

Орусия менен Кыргызстан биргелешип түзгөн компания кенди чалгындоо үчүн 2010-жылы лицензия алганы белгилүү болду. Биргелешкен компаниянын 40 пайыз акциясы гана Кыргызстанга таандык деп айтылууда. Чалгындоо иштери мындан жети жыл мурун башталган экен. Эл арасындагы каршылыктар күчөгөндөн кийин өкмөт атайын комиссия түздү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов "Марал" радиосуна берген маегинде бул аймакта радиация күчтүү дегенге кошулбай турганын билдирди:

"Бардыгы эле радиациянын зыяндуулугу же ушул сыяктуу пикирлерин айтып жатышат. Ал жакта радиациянын кайсы түрү бар? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Биз атайын мониторинг жасадык. Мындан улам, мен аймакта радиация күчтүү дегенге кошула албайм. Кен жайгашкан аймакта болгону 7-8 чабандын үйү бар экен. Ал эми Балыкчыдан 30 км узак. А Кочкорго чейин андан да узак. Экинчиден, аяктан уранды чайкап туруп эле, Кара Балтага алып кетишет. Анан да, Кызыл-Омпол аймагынын айлана-чөйрөсүн жаңы технологиялар менен коргоп (рекультивация жасап) беребиз деп жатышат. Бардыгы бүткөндөн кийин тыкыр текшерүүдөн өтөт. Кийин ал жерге кайра чөп өссө, мал жайсак жаманбы? Азыр барып көрсөңөр, чөбү саргайып кеткен, уранды алып кетип, дарылагандан кийин айлана кадимкидей тазара түшөт".

Уранды иштетүүнүн кесепетинен коомчулук чочулап, катуу каршылык билдирип жатат. Ысык-Көл биосфералык зона болуп саналат. Ошол себептүү адистер биосфералык зонада зыяндуу өндүрүшкө тыюу салынарын баса белгилешүүдө.

Өкмөттүн реакциясы

Өкмөттүн басма сөз кызматы "премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрдү жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды",-деп кабарлады.

«Уран кенинде иштеген компания 2004-жылы катталган, 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган. 2013-жылы ал экинчи лицензиясын алып, ошондон бери ушул кенде ишин улантып келет. Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчтөндүрүү, анын ачык жана айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы эксперттерди, парламенттин депутаттарын, жарандык коом жана жергиликтүү калк өкүлдөрүн тартуу керек. Болушунча объективдүү жана ачык иштөө кажет. Эгерде уран кениндеги ишмердүүлүк адамдардын саламаттыгына жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда биз кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башка чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын дыкат, ачык жана объективдүү ишин камсыздоону тапшырам. Бул менин талабым жана өкмөттүн позициясы», - деген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр экологиялык маанилүү маселени көтөрүп чыккан жарандарга жана активисттерге ыраазычылык билдирген.

«Ден соолукка зыян келтирүү жана экологияны бузуу мүмкүндүгү маселелеринде эч кандай саясат болбошу керек. Инвестициялар, бюджетке түшүүлөр жана жумуш орундарын түзүү маселелери экинчи пландагы мүнөзгө ээ. Дагы бир жолу белгилей кетсем, чечим ден соолукка жана айлана чөйрөгө, демек биздин келечегибизге зыян келтирүү мүмкүндүгү бар же жоктугуна жараша кабыл алынат. Муну баарыбыз так түшүнүүгө тийишпиз. Ошондуктан комиссия ишин аяктаганга чейин кенде бардык иштер токтотулушу керек. Компаниянын өкүлдөрү комиссиянын ишине активдүү катышып жана анын ишмердигине ар кыл көмөк көрсөтүүгө тийиш», -деген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто эч кандай казуу иштери жүргүзүлгөн жок жана комиссиянын иши аяктап, бардык оң экспертизалар алынганга чейин жүргүзүлбөйт дагы.

Өкмөттүн маалыматы

Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсы КРда 2004-жылы катталган, 2010-жылы 18-ноябрда компания Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кенин геологиялык изилдөө максатында колдонууга 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө укук алган.

2013-жылдын 10-июлунда лицензия уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштерине багытталып кайра түзүлгөн. 2012-жылдан тартып жалпысынан «Кыргызстандагы ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом салышкан. Компания Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Уран иштетүүгө артыкчылыктуу участок катары Таш-Булак кени саналат, анда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Таш-Булактагы уран кени учурда сырьенун жоктугунан токтоп турган Кара-Балта Тоо-кен комбинатына сырье жөнөтүү үчүн негизги жергиликтүү булак болуп саналат. Уран кенинде 250дөй жумуш ордун, ал эми КБТКда - 450 жумуш ордун түзүү пландалууда.

Фергана өрөөнүнө коркунуч туудурган уран калдыктар

Айрым иликтөөчүлөр Кыргызстанда 1960-жылдардан тарта уран кендерин казуу токтотулганына көңүл бурууда. Ага чейин өлкөнүн бир катар аймактарында уран өндүргөн ишканалар иштеген. Ошонун кесепети бүгүнкү күнгө чейин сакталып келүүдө.

Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыгы - Кыргызстандын Майлуу-Суу аймагында. Майлуу-Сууда "Кансыз согуш" жылдарында 1946-жылдан баштап, 22 жыл боюу эки гидрометаллургиялык завод иштеп, уран өндүргөн. Завод 1968-жылы жабылган. Сууга жакын жайга көмүлгөн радиокативдүү калдыктар бүтүндөй Фергана өрөөнүнө коркунуч туудуруп келе жатат. Коркунучтун масштабы чоң.

"Майлуу-Сууда курамында ураны бар уулуу заттар көмүлгөн 23 жай бар. Баардыгы сайдын жээгинде жайгашып калган. Жээктерди чыңдоо иштери 50 жыл мурун жүргүзүлгөн. Андан бери деле жумуштар жүрүп жатат, бирок жетиштүү эмес. Ошондуктан коркунуч бар. Мына, №8-калдык сакталган жайды көрүп турасыңар, сууга өтө эле жакын. Тоо боорунда көчкү коркунучу бар, үстүндө жарака кеткен. Көчкү жүрсө, бул жердеги 700 миң куб уран калдыкты сүрүп сууга алып түшсө, бүтүндөй Фергана өрөөнүн ууландыруу коркунучу бар. Бул аймактагы көпчүлүк уран калдыктары сакталган жайларда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүшү керек. Көбү суу аккан сайдын эле жээгинде турат. Суу жеп баштабасын деп убактылуу чыңдоо иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Авариялык калыбына келтирүү иштерине деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын 3-4 миллион сом бөлөт. Бул эми толук калыбына келтирүүгө жетпейт",-деген эле 2018-жылыдын ушул айларында Би-Би-Сиге берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин Майлуу-Суудагы адиси Каныбек Ташкенбаев.

Анын айтымында, калдык сактоочу жайларга эң чоң коркунуч туудурган бул табигый кырсыктар. Маселен, 2017-жылы уран калдыгы сакталган жайлардын бирине жакын жерге көчкү түшүп, сууну бөгөп калган.

"Суу калдык сакталган жайга чейин көтөрүлүп кетсе, кесепети оор болот эле. Бактыга жараша тосулган көчкүнү жарып кетти",-деген адис.

Буга чейин эл аралык жардамдар аркылуу суу жээгиндеги өтө кооптуу делген калдыктардын бири жылдырылып, башка жайга көмүлгөн экен.

Радиациондук калдыктар сакталган жайлардагы экологиялык абалга баа берип, техникалык-экономикалык негиздемелерди жасаган германиялык «Визутек» компаниясынын адистери Майлуу-Сууда атайын изилдөөлөрдү өткөрүп жүрөт.

Image caption "Суу жеп баштабасын деп убактылуу чыңдоо иштерин жүргүзүп келе жатабыз",-деди Каныбек Ташкенбаев.

"Эки жыл ичинде жер кыртышын, абаны, сууну иликтеп, изилдөө тыянагынан кийин гана кайсыл уран сакталган жайлар элдин салматтыгына кооптуу, кайсынын жылдырыш керектиги белгилүү болот",-деп билдирген Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурaдил Маматов.

Миң-Куштун Туюк-Суусу

Нарындын Миң-Куш аймагында советтер союзу маалында уран кени казылып, кийин анын калдыктары төрт жайга көмүлгөн. Алардын бири Туюк-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жайга жакын жерди көчкү коркунучу тооруп турат.

"Азыр калдык сактоочу жайга унаа жолу салынып жатат. Көчкү коркунучу тооруп тургандыктан уран калдыгын башка жайга көчүрүү аракетин көрүлүп жатат. Менимче 2019-жылы калдыкты көчүрүү иштери башталат",-деп билдирген Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Ниязбеков.

Мындан үч жыл мурун уран калдыгын көчүрүүгө 1,8 млрд. рубль керектелери айтылганы бар. Анын жетимиш пайызын Орусия өзүнө алганы тууралуу маалыматтар болгон.

Image caption Миң-Куш

Бул жайга жакын жерде жашаган 22 бүлөнү өкмөт көчүрөбүз деп эскертип кеткен менен эч кандай чарасын көрө элек.

Мындан сырткары калдыктар сакталган жайлар Ала-Буканын Шекафтар айылында бар. 1946-1967-жылдары уранды иштеткен шахтадан чыккан калдыктар сегиз жайга көмүлгөн. Кажы-Сай, Сумсарда дагы калдык көмүлгөн жайлар бар.

Калдыктар көмүлгөн жайларга атайын белгилер коюлган менен мал аралап кеткен, кишилер кенебей жүргөн учурлар көп.

Мурда союз учурунда айланасы тосулуп турган. Кийин аны эл бузуп-жарып кеткен. Кыргыз бийлиги эл аралык жардам аркылуу калдык сактоочу жайларды бекемдөө, зыянсыздандыруу маселесин соңку жылдары байма-бай көтөрө баштады. Буга чейин Европа өнүктүрүү банкы менен Еврокомиссиянын ортосунда Борбор Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу, зыянсыздандыруу боюнча атайын эсеп ачылганы айтылган. Бул эсепке Европа Биримдиги 16,5 миллион евро жана Норвегия 600 миң евро каражат которгон. Долбоор жалпы Борбор Азияны камтып (үчөө Кыргызстанга, төртөө Өзбекстан жана Тажикстанга таандык), 85 миллион евро керектелет деп эсептелген. Эми калган 70 миллион евро табыла элек.

Тажикстандагы уран калдыктар

Тажикстандын түндүгүндө уран кенин иштетүүдөн калган 54,8 миллион тонна калдык калганы айтылып жүрөт. Жалпы аянты 180 гектар жерди ээлеген жайга көмүлгөн.

Бул жерлерде дагы калдык жайларын бекемдөө, зыянсыздандыруу иштери жүрбөгөндүктөн, төмөн жагындагы Сыр дарыяга түшүп, Өзбекстан, Казакстанга коркунуч жаратат деген кооптонуу бар.

Аймакта уран өндүрүү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталып, 1980-жылдары токтотулган.

Тектеш темалар