Оштун маданий кенчине майда мамиле: Куру сөзгө турист келбейт

Ош шаары быйылкы жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылып, апта соңунда салтанаттуу иш-чаралар өттү. Жергиликтүү бийлик мындан пайдаланып, бай тарыхы бар байыркы шаарга туристтердин агымын көбөйтүүнү көздөп жатат.

Image caption 2018-жылы Ошко келген туристтердин саны кыйла өскөн

Оштун туристтик потенциалы эмнеде?

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов Би-Би-Сиген берген маегинде, шаарды түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары табуу менен анын аброю сөзсүз жогорулайт деп айтты.

"Мен көп мамлекетти кыдырган киши катары сизде муну айткым келет, Түркияда канча жыл жашасам дагы Кастамону деген шаарды билбептирмин. Качан гана Түркия мамлекетинин азаматтары ал шаарды түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору кылууну сунуштагандан кийин билдим. Кичинекей Кастамонуну учурду бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттер билет. Ош болсо андан бир топ чоң, Кыргызстандын экинчи борбору. Бирок Ошту билбегендер дагы көп. Андыктан Ош түрк дүйнөсүнүн борбору болуусу менен сөзсүз бир топ мамлекеттерге таанылат".

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Д.Касеинов: Ош шаарына чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат

Сулайман-Тоо

Ош шаары мындан он тогуз жыл мурун өзүнүн 3000 жылдыгын белгилеген. 2009-жылы Ош шаарындагы Сулайман-Тоо да ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген. Бирок туристтердин агымында чоң өзгөрүүлөр жок. Расмийлердин айтымында, жыл сайын Сулайман-Тоого келген чет элдик туристтердин саны беш миңдин тегерегинде.

Ошко келген ар бир турист эң алгач дал ушул тоого чыгып, зыярат кылууга кызыкдар болсо керек. Биз дагы биринчи эле Сулайман-Тоодогу улуттук музей комплексине бардык.

Image caption Оштун эң байыркы шаар экенин далилдеген табылгалар
Image caption Таш бетиндеги байыркы жазуулар

Тоо боорундагы музейде коло дооруна таандык эң байыркы эстеликтерди, таш бетиндеги жазууларды көрүүгө болот. Музейде 30 миңден ашуун баалуу экспонаттар сакталган. Оштун байыркылыгын далилдеген эстеликтердин бири - коло дооруна таандык турак үйлөрдүн орду. Тарыхчылардын айтымында, узундугу 200 метрден кем эмес аянтты ээлеген турак жайлар Сулайман-Тоосунун түштүк ыптасында жайгашкан. Окумуштуулар ушундан улам турак-үйлөр Сулайман-Тоосунун борборундагы бийик асканы тегерете жайгашкандыгы жѳнүндѳ божомолдошот. Демек, 3 миң жыл мурун дыйканчылык менен алектенген калктуу конуш болгон. Мунун далили катары азык-түлүк сакталган 70тен ашуун ороолор табылган экен.

"Дүйнөдө мындай объектилерге мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, көздүн карегиндей сакталат. Сулайман-Тоодо үч миң жылдык тарыхы бар баалуулуктар бар деп мактанып жатабыз. Бирок аларга кам көрүү, сактоо жетиштүү деңгээлде болбой жатат. Музейдеги бир кичинекей ташты ары-бери жылдыруу үчүн атайын адистер керек. Реставрация жүргүзүүдө биздин бир дагы кирпичти жылдырганга акыбыз жок. Аны тиешелүү адистер аткарбаса, биз баалуулугун жоготуп алабыз. Реставрация иштерине миллиондогон сом каражат талап кылынат. Акыркы жолу Оштун 3000 жылдыгына карата реставрация иштери жүргүзүлгөн. Он тогуз жылдан бери реставрация эмес, кармап турууга жетиштүү каражат бөлүнө элек",- деди "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Ибайдуллаев.

Сулайман-Тоодон бир топ жергиликтүү жана чет элдик туристтер менен кезиктик. Түркиядан келген Исмаил Шен Ошко биринчи жолу келген туристтердин бири.

"Элдин маанайы, меймандостугу жакшы таасир калтырды. Сулайман-Тоодогу эстеликтер да кызыктуу экен",-деди Исмаил.

Тоого зыярат кылгандардын көпчүлүгү эле Кыргызстандын ар кайсыл аймактарынан келгендер. Чет жерлик туристтер сейрек, дайым эле ушундай абал, деди музейдин кызматкери Хайрулла Ибайдуллаев. 2010-жылдагы коогалаңдан кийин Ошко келген туристтердин саны кыскарды деп кебин улады ал.

Image caption "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде отуз үч миңден ашуун экспонаттар сакталган

"Июнь окуясынан кийин Сулайман-Тоого келген туристтердин саны кескин төмөндөп кеткен. Бирок соңку үч жылда көрсөткүч кыйла жогорулады. Маселен, 2016-жылы жетимиш-сексен миңдин тегерегинде турист, 2018-жылы эки жүз он эки миң турист келди. Алардын беш миңи чет элдиктер. Бул сан эки-үч эсе көп болушу мүмкүн. Тоонун аймагы жүз отуз төрт гектарды камтыгандыктан төрт тарабы тең тосулган эмес. Көзөмөлсүз кирип-чыккандар арбын. Ал эми тоону тосуп, кирүү-чыгуу жактарын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз жете элек",- дейт Хайрулла Ибайдуллаев.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Июнь окуясынан кийин Сулайман-Тоого келген туристтердин саны кескин төмөндөп кеткен

Туристтерди тейлөө

Исмаил сыяктуу туристтер үчүн биринчи кезекте, тейлөө жагы чоң мааниге ээ. Акыркы учурларда жеке ишкерлер арасында конок үйлөрүн, мейманкана салгандар жанданган.

Image caption Ош шаарында үч жүз миңдин тегерегинде эл жашайт

Ошто жалпысынан жыйырмага чукул мейманкана бар. Аларда негизги шарттар каралганы менен эл аралык деңгээлде беш жылдыздуу стандартка бири дагы төп келбейт. Андан тышкары, ички жолдорго жана транспортко байланыштуу чечиле элек маселелер бар. Маселен, Оштун айрым райондорунда жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор өтө ыңгайсыз болгонун шаардыктар даттанып келген.

"Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички жолдорду колдон келишинче оңдоп-түзөп жатабыз. Андан тышкары бир катар жайкы эс алуучу жайлар ремонттон өттү. ТҮРКСОЙдун иш-чараларынын алкагында жыл ичинде чоң бульварды ачуу алдында турабыз. Учурда отуздан ашуун троллейбус, автобустарыбыз бар. Долбоорлорду жазып, алардын санын көбөйтүү аракети дагы көрүлүүдө. Туристтерди ташып жүрүүчү маршруттук таксилердин дагы шарттары жакшырып жатат",-деп ишендирди Ош шарынын мэри Таалайбек Сарыбашев.

Ош шаары географиялык жактан дагы өтө маанилүү жерде жайгашып, байыркы Улуу Жибек жолунун тоомунда. Оштун байыртадан эле соода, социалдык, экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон. Шаар ар кыл маданияттын, цивилизациянын үлгүлөрүн өзүнө камтып келген.

"Улуу Жибек жолунун тоомунда турган Ош шаары маанилүү соода борбору эле эмес, Чыгыш менен Батышты бириктирген эл аралык, транзиттик дүң сооданы тейлөөчү, которуштуруп жөнөтүүчү, өткөрүүчү маанилүү жай да болуп эсептелген",-дейт тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов.

Image caption Быйыл Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылды

Учурда Оштун көөнөрбөс мурасы катары далай туристтерди өзүнө таратып жаткан тарыхый, маданий-архитектуралык имараттар, мечиттер, медреселер Караханиддер жана Кокон хандыгынын доорунда курулган. Дал ошол мезгилде Ош Фергана чөлкөмүндөгү ири шаар катары өсүп чыккан.

Тектеш темалар