Уран кенинде чалгындоо иши убактылуу токтойт

Уран кенин чалгындоо үчүн "Юразия в Кыргызстане" компаниясы лицензия алган. Сүрөттүн автордук укугу facebook\omurbek abdrahman
Image caption Уран кенин чалгындоо үчүн "Юразия в Кыргызстане" компаниясы лицензия алган.

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан 35-40 километрдей четте жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршылык күчөгөнү ачык байкалууда. Буга мисал катары ошол жердин өзүндө нааразылыкка чыккандардан сырткары коомдук медиадагы каршылык петициясын да айтууга болот. Кызыл-Омпол уран кени иштетиле турган болсо кесептеи оор болот деген кабар желдей тарап, талкуу кызып турган чак. Сөз болуп жаткан кенди чалгындоого 2010-жылы уруксат берилген. Анын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Коомчулукта катуу каршылык болуп жаткандыктан бул боюнча өкмөттүн атайын комиссиясы түзүлдү. Эми калган иш саналуу күндөн кийин өкмөттүк комиссиянын кортундусуна жараша болот. Бул жөнүндө аталган комиссиянын теңтөрагасы Абдыкалык Рустамов Би-Би-Сиге билдирди. Ал так чечим чыкканга чейин, чалгындоо иши да токтотулушу керектигин буга чейин эле сунуш кылганын да баса белгиледи.

Би-Би-Си бул теманы Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, профессор Жумабай Сагындыковдун катышуусунда талкуулайт.

Талкууну толугу менен бул жерден көрсөңүз болот:

Уран кенин чалгындоо үчүн "Юразия в Кыргызстане" компаниясы лицензия алган.

Тема боюнча башка макалалар