Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөттү

коллаж

Кыргызстандын Жогорку Соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөттү.

Буга чейинки сот чечимдеринин баары жокко чыгарылып, ишти Биринчи май райондук соту кайра карап чыга турган болду.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдан февраль айынын аягында "Мегаком" компаниясынын тегерегиндеги чырга байланыштуу камакка алынып, ага "коррупция" боюнча айып тагылган. Орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, анын көрсөтмөсү менен камалган. Кийин Бишкектин 1-Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Аны менен чогуу партиялашы Дүйшөнкул Чотонов дагы айыпталып, сот жообуна тартылган эле.

Соттук жараяндын жүрүшүндө белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.

Ө.Текебаевдин сот процессинде аны жактап экс-президент Роза Отунбаева баш болгон көп саясатчылар көрсөтмө беришкен. (AbA)