Баткендик окуучуну кармап кеткен тажик жараны камалды

Баткендин облустук милициясы тогуз жаштагы окуучунун уурдалган окуясын эки тарап биргелешип иликтей баштаганын билдирди. Эки күн мурун чек ара тилкесиндеги Ак-Сай айылындагы Ворух анклавына кыргыз баланы тажик жараны кармап кеткен окуя болгон эле.

Баткен облустук милициясынын башчысы Аскарбек Ашыралиевдин айтымында, тажик жараны окуучуну унаасы таш менен урду деп алып кетип, тажик милициясына өткөргөн экен.

"Тажик жараны окуучу баланы экскаваторду таш менен урду деп, Тажикстандын милиция бөлүмүнө алып барып тапшырып бериптир. Алар бизге кабар берип, баланы алып келдик. Азыркы учурда аймакта кырдаал тынч. Тажикстандык кесиптештер кечээ ал киши камакка алынганын билдирди. Биз дагы фактыны каттого алып, өз амалдарыбызды жүргүзүп жатабыз",-деди Аскарбек Ашыралиев.

Баткендик журналист Аскар Баймуратов тарткан тасма:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Баткендик окуучуну кармап кеткен тажик жараны камалды

Жарым саат аралыгында эле окуучуну артка кайтарып келишкен. Учурда окуучу ооруканада, анын коркуп калганы айтылды.

"Аябай коркуп калыптыр, сүйлөй албай титирейт. Куру доомат кылып эле баламды кармаптыр",-деди баланын апасы Айпери Абдилазис кызы.

Бул окуядан кийин чек ара тилкесиндеги айыл тургундары чогулуп келип, Исфара-Ворух жолун жаап салышкан. Бүгүнкү күнү чек арада кырдаал тынч.

"Чогуу ойноп олтурган балдардын бири чуркап келип бизге кабар берди. Бир тажик ээрчитип кетти, деп айтты. Артынан барсам жок экен. Бул эми адам уурдоо да. Эл анын жоопко тартылышын талап кылып жатат. Бирок тажик тарап бербей жатат",-деди Ак-Сай айлынын тургуну Рахматтилла Зикиров.

Өткөн айда эле ушул аймакта чек ара чатагы катталып, тажик тараптан эки киши каза тапкан эле. Кыргызстан тараптан алты киши жаракат алган. (AbA)

Тектеш темалар