Оштогу каруусу бош бизнеске кабелтең колдоо керек

Кыргызстандын экинчи ири шаары Ошто эл аралык деңгээлдеги маданий иш чаралар жана бизнес форумдар өтүп, ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдөн өкүлдөр катышууда. Уюм Ош шаарын 2019-жылдагы "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялаган. Муну шаар бийлиги туризм жана бизнес тармагын өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү катары баалоодо. Бирок чоң бизнестин баары борбор шаарга жыйылып калган өлкөдө, башка шаарлардын мүмкүнчүлүгү кандай?

Image caption Ошто элдин негизги тирчилиги базар менен байланыштуу

Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу Ош- чакан бизнес эң көп жайылган шаар. Эгемендик жылдардан кийин реэкспорт менен жан багып келген аймакта соңку жылдары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аракети жанданды.

Image caption Ошто жыйырма миңдин тегерегинде ишкер бар

"Он беш жыл мурун кийим тигүүчү беш машина сатып алып тигүүчүлүктү баштагам. Учурда шүгүр цехим кеңейди, жүз кишини иш менен камсыздап жатабыз. Күнүнө 300-400 кийим тигебиз. Кыз-келиндерибиз жумасына он миң, он беш миң сомдон маяна алат"- деди ишкер Чынара Рыспаева.

Оштогу бүгүнкү бизнестин абалы

Чынара өткөн кылымдын 90-жылдарында чакан ишкерликти баштагандардын бири. Учурда ал негиздеген кийим тигүү ишканасы Ош гана эмес, коңшулаш Тажикстан, андан ары Казакстан, Орусиянын базарына чейин чыга алды. Азыр мындан дагы чоң ишканага айлануу максаты бар.

Image caption Жеке ишкер Чынара Рыспаева

Бирок мындай бутуна турган ишкерлер саны Ош шаарында көп деле эмес дейт Ишкерлерди колдоо борборунун жетекчиси Искендер Субанкулов. Анткени Оштун шартында чоң бизнести жаратуунун өзү татаал деди ал.

"Шаардыктардын көбү соода- сатык менен иш алып барышат. Өндүрүш көп деле эмес. Учурда кондитердик азыктарды, курулуш материалдарын чыгарууга, жеңил-өнөр жайды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бирок мунун бардыгы майда-барат ишканалар. Мурдагыдай ири ишканаларды ачканга Оштун рыногу туура келбейт. Шаарда учурда катталган тургундардын саны 250 миңдин тегерегинде болсо, жашап жаткандар 500 миңден ашат. Бирок бул деле чоң рынок болуп бере албайт. Андыктан ишкерлер тобокелге салып чоң өндүрүштөрдү баштоодон коркушат",- дейт Ош шаарынын ишкерлерди колдоо борборунун жетекчиси Искендер Субанкулов.

"Ош өзүн рынок катары эмес, өндүрүшчү катары таанытуусу керек"

Советер союзу ыдырагандан кийин Оштогу "Текстиль", “Жибек комбинаты” сыяктуу ири жеңил өнөр-жайлар талкаланып, миңдеген жумушчу орундары жоюлуп кеткен. Элдин негизги тирчилиги базар менен байланыштуу. Ош шаарынан 12 чакырым аралыкта Борбор Азиядагы эң ири дүң соода базарларынын бири Кара-Суу бар. Бирок азыркы шартта реэкспорт менен эле жүрө беребиз дегендин өзү туура болбойт,- дейт Субанкулов. Инвесторлорго өзүбүздү рынок катары эмес, өндүрүшчү катары таанытышыбыз керек деди ишкер.

Image caption Ошто шаардыктардын көбү соода- сатык менен иш алып барышат

"Учурда бизге башка мамлекеттерден келип жаткан ишкерлер өздөрүнүн продукцияларын сатууну гана көздөп жатышат. Биз колдонуучу катары эмес, өндүрүүчү катары алардын базарларынан орун алышыбыз өтө маанилүү. Андыктан өкмөт, жергиликтүү бийлик өзүбүздүн ишкерлердин, дыйкандардын кызыкчылыгын коргой билүүсү шарт. Сырттан ташылып келип жаткан айрым товарларга чектөө киргизилиши керек деп ойлойм",- деди Искендер Субанкулов.

Инвесторлордун кызыгуусу

Ошто өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле бизнестин кызмат көрсөтүү тармагына басым жасалган. Шаарда расмий каттоого алынган мейманканалардын саны жыйырманын тегерегинде. Андан тышкары тамактануучу жайлар, эс алуу, жеке билим берүү борборлору дагы көбөйүүдө. Улуу Жибек жолунун тоомунда жайгашып Фергана өрөөнүндөгү чоң шаарлардын бири Ош чет элдик инвесторлорду кызыктырабы? Түркиядан келген ишкер Уурхан Сезер албетте, кызыктырат деп эсептейт. Ал жакында эле Ошко жаңы ачылган оорукананын негизги инвестору.

"Азыр жетимиш кишилик ооруканабызды ачтык, жакын арада дагы жүз сексен кишилик ооруканабыз ишке берилет. Кийинки чоң пландарыбыздын бири кыргыз-түрк медициналык окуу жайын куруу. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Ош ден- соолук туризминин борбору болот. Учурда Кыргызстандан Орусия, Түркия, Индия сыяктуу мамлекеттерге канчалаган оорулуулар дарыланганы кетип жатат. Мындан кийин тескерисинче, ошол өлкөлөрдөн Ошко дарыланыш үчүн келе башташат. Мындан жергиликтүүлөр дагы көп пайда табат. Дарыланууга келген ар бир киши бул жердеги мейманканаларга жатат, ресторандардан тамак жейт, соода-сатык иштерин жүргүзөт. Мунун бардыгы өлкө экономикасы үчүн чоң өбөлгө".

Ишкерлер Ош шаарында кайра иштетүү ишканаларын жандантуу керек деп жатышат. Айталы, айыл-чарба товарларын чийки саткандан азыр пайда түшпөйт. Аны ташып жеткирүү жагы дагы чоң машакат болуп калды. Бирок өкмөттүк колдоолорсуз жана инвесторлорсуз чакан жана орто бизнести бутуна тургузуу кыйын.

Тектеш темалар