Ишкер: Жегенге болбойт деген жашылча кыргыз базарын каптоодо

Т. Токтогазиев: Бажыда коррупция бар экенине 100 пайыз ишенем. Статистикадан алып, бир эле мисал айтайын. 2017-жылы бир жылда 122 тонна эле помидор кириптир.
Image caption Т. Токтогазиев: Бажыда коррупция бар экенине 100 пайыз ишенем. Статистикадан алып, бир эле мисал айтайын. 2017-жылы бир жылда 122 тонна эле помидор кириптир.

Кыргыз ишкерлери өлкөнүн базарын Өзбекстан, Тажикстандан аткезчилик менен ташылган помидор, бадыраң каптады деп кабатыр болууда. Мунун айынан кыргызстандык күнөсканачылар чоң жоготууга учурап жатканы айтылууда.

Би-Би-Си бул теманы Күнөсканачылар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев менен талкуулады.

Би-Би-Си: Кыргызстанга помидор, бадыраң аткезчилик жол менен ташылып жатканын "Фейсбук" баракчаңызга жазып чыктыңыз. Сиздин кандай фактыларыңыз бар?

Т. Токтогазиев: Биринчиден, Жалал-Абаддагы биздин мүчөлөрүбүз кайрылды. Алар учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен тараптагы чек аралардан бир топ товарлар менен кошо помидор, бадыраң көзөмөлсүз өтүп кетип жатканын билдиришти. Ал тургай ал жашылчалар ошол тарапта сатылып жаткан экен. Тилекке каршы, биздин эле бажы кызматында иштеген айрым кишилер дал ушундай көрүнүш менен биздин дыйкандарыбызды өз колу менен "өлтүрүп" жатат.

Image caption Т. Токтогазиев: Негизги маселе "муну жегенге болбойт, жок кылуу керек" десе, алар жөн эле таштанды болуп калганча кандай баада болсо да Кыргызстанга сатылып кетсин, аларга боло берет деген мамиле болуп жатат

Бул көрүнүш тууралуу кеп болгондо эле, "муну менен күрөшүп пайда жок. Себеби ал иште жогорку бийликтеги кээ бир жетекчилердин кызыкчылыгы бар" деп айтып келишет. Бирок биз үмүт үзүп койбостон жыл сайын бул маселеге кайрыла берсек чечилип калат го деген тилек бар. Аткезчиликтин азабы чоң. Бул тармакта бир эле жашылча-жемиш эмес, ар кандай пестициддер, дарылар да келип калып жатат. Аларды колдонгон соң кийин экспортко чыгуу да машакат болуп калышы толук мүмкүн. Себеби, текшере келгенде түшүмдөн уулуу заттар чыгып калып жатат. Аны Казакстанда да, Орусия да албайт. А бизде дыйкандар билбей, таза деп ишенип сатып алышы мүмкүн.

Image caption Т. Токтогазиев: Кечээ жакында эле Жалал-Абаддагы ишкерлерибиз Тажикстандан ташылып келген бадыраңды салыштырып, текшерткен экен. Жыйынтыгында Тажикстандан келген бадыраңдагы дарынын өлчөмү нормадан беш эсе көп чыгыптыр

Би-Би-Си: Күнөсканада өстүрүлгөн жашылчаларга кыштан тарта жай соңуна чейин суроо талап абдан күчөсө керек. Демек, сатып киреше тапсак деп дыйкандар бул учурду зарыга күтсө керек?

Т. Токтогазиев: Жайды этектеп жалпы эле жашылчанын баасы түшөт. А азыркы керектөөнү дээрлик күнөскана жабат. Азыр сырттан ташып келип, биздеги бааны түшүрүп салып жатат. Биз өкмөттөн чоң нерсе суранган жокпуз. Чек араны таптакыр жаап салсак дебейбиз. Болгону баарын мыйзамга ылайык аткарса эле болду эле. Сырттан киргизе турган болсо, адегенде сапатын, тазалагын карап, ал талапка жооп берсе, салыгын төлөтүп каалашынча киргизе берсин. А көмүскө жол менен коррупция кылып киргизип жатса элге зыяндан башка бир тыйын пайдасы болбойт.

Дагы бир маселе бар. Өзбекстандык, казакстандык же тажикстандык айрым дыйкандар өстүргөн помидор, бадыраңдар аябай көп дары менен өстүрүлгөн, ал продукция биздин базарга кирип жатат. Мында негизги маселе "муну жегенге болбойт, жок кылуу керек" десе, алар жөн эле таштанды болуп калганча кандай баада болсо да Кыргызстанга сатылып кетсин, аларга боло берет деген мамиле болуп жатат. Бул коррупция.

Image caption Кыргызстанда жалпысынан 180 гектрага жакын күнөскана бар

Маекти толугу менен бул жерден көрүңүз:

Би-Би-Си: Жыйынтыктап айтканда өздөрүнүн базарына сатууга болбойт, экспортко жарабайт деген товар Кыргызстанга келип жатабы?

Т. Токтогазиев: Ооба, дал ошондой. Алар чек арадан акча аркылуу өтүп кеткен соң бизде анын сапатын эч ким текшербей жатат. Мына мен бир мисал айта кетейин. Кечээ жакында эле Жалал-Абаддагы ишкерлерибиз Тажикстандан ташылып келген бадыраңды салыштырып, текшерткен экен. Жыйынтыгында Тажикстандан келген бадыраңдагы дарынын өлчөмү нормадан беш эсе көп чыгыптыр. Бул бир же эки эсе эмес, беш эсе. Мындай продукцияны жемек турсун дароо жок кылуу керек эле. Биз кээде көрүп жатабыз. Орусияда киргизбей турган жашылча, жемиштерди бульдозер менен тебелетип жок кылып жатпайбы. А мындай товар таза деп өз мээнети менен өстүргөн биздин дыйкандардын мээнетинин баарын текке кетирип жатат.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Тилек Токтогазиев

Би-Би-Си: Сиз бажыдагы коррупция, аткезчилик тууралуу айтып жатасыз. Кечээ жакында эле Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген учурда мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков бажыдагы коррупцияны колдон келишинче көзөмөлгө алып жатканын айтты эле. Андан сырткары, ушундай терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн электрондук форматка өтө баштаганын да кошумчалады.

"Форбс" тизмесине кирген кыргызстандык ишкердин маегин бул жерден көрүңүз:

Т. Токтогазиев: Бажыда коррупция бар экенине 100 пайыз ишенем. Статистикадан алып, бир эле мисал айтайын. 2017-жылы бир жылда 122 тонна эле помидор кириптир. Бул алты фурага жүктөлгөн эле помидор дегенди түшүндүрөт. Бул күлкү келе турган маалымат. Эми ошол жалпы 122 тонна помидордон 4100 сом мамлекеттик казынага түшүптүр. Ким ишенбесе бир эле жолу дыйкан базарга баралы. Ал жерде бир күндө эле 4-5 фура менен помидор сырттан келет. А статистика болсо бир жылдыкын алты фура деп көрсөтүп жатат. Эң эле жөнөкөй алганда статистика 365 эсе кемитип көрсөтүп жатат

Тема боюнча башка макалалар