С.Менг: Уран кенин чалгындоо, изилдөө ишине 271 млн сом сарпталды

Кызыл-Омпол аймагы
Image caption Кызыл-Омпол аймагы

Кызыл-Омпол уран кени жайгашкан Көк-Мойнок айыл аймагында өкмөт мүчөлөрү жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын техникалары кендин аймагынан чыгарылып жатканын айтты.

Би-Би-Си «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын жетекчиси Светлана Менгди маекке тартып, орусиялык "Экономи Полимерс" компаниясы менен кандай байланышыңыздар бар деп сурады.

Светлана Менг: Биздин ишкананын аталган орусиялык компания менен эч кандай байланышы жок.

Би-Би-Си: Лицензия алган компания 10 жылдан бери эки айыл өкмөткө салык төлөп, каражат жумшап келгенин Кыргызстандын өкмөт башчысы айтып жатат. Ар кандай божомол, такталбаган маалымттар чыкпашы үчүн канча салык төлөп же социалдык пакет үчүн кимге, качан, канча каражат жумшаганыңыздар боюнча маалымат бере аласыздарбы?

Светлана Менг: 2012-жылдан баштап азыркы убакытка чейин жалпысынан геологиялык чалгындоо иштерине 271 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Биздин компания Тоң районунун негизги жана эң ири салык төлөөчүлөрүнүн бири. 2012 жылдан баштап төлөмдөрдүн жалпы өлчөмү 91,7 млн сомду түздү. Алардын ичинде лицензиялык төлөмдүн эсебине Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө 33,4 млн сом жана Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө 14,7 млн сом, Финансы министирлигине 9,1 млн сом которулган, Социалдык фондко 23,5 миллион сом которулган, Тоң районунун салык кызматына 11 миллионго жакын сом төлөнгөн.

Image caption Кызыл-Омпол аймагындагы атайын идиштер

Би-Би-Си: Чындап эле сиздер зыянсыз, эң соңку технологияга басым жасай турган болосоңуздар эмне үчүн эски эле уран калдыктары сакталган жайларга кайрылган жоксуздар?

Светлана Менг: Калдыктардан уранды иштеп чыгаруу технологиялары бар, бирок азыркы убакытта алар өтө татаал жана кымбат, өзүн өзү актабайт. Андан тышкары калдыктардын көлөмү жетишпейт. Табигый уран чачынды кенин жана калдыктарын иштетүү технологияларын салыштыруу мүмкүн эмес.

Би-Би-Си: Лицензия биринчи изилдөөгө, кийин чалгындоого деп берилген экен. Изилдөө жана чалгындоо деген лицензиялардын ортосунда эмне айырма бар?

Image caption Уран маселеси боюнча өкмөт мүчөлөрү Балыкчы шаарында эл менен жолугушту

Светлана Менг: Лицензия алгачкы берилген 2010-жылы мыйзамда геологиялык изилдөө деп аталган. 2012-жылы кабыл алынган Жер казынасы жөнүндө мыйзамга ылайык геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо деп, изилдөө иштери бөлүнгөн. Геологиялык издөө (поиск) бул негизинен кеңири аймактарда геологиялык кендерди жер кыртышынын тышкы көрсөткүчтөрү боюнча изилдөө, карталарды түзүү ж.б. Геологиялык чалгындоо болсо тандалган кен тилкелердин изилдөөсүн жүргүзүү. Бул этапта буроолоо (бурение), жер кыртышын казуулар, геофизикалык изилдөө, үлгүлөрдү алуу жана алардын лабораториялык изилдөөсүн жүргүзүү ж.б. 2012-жылдан баштап биздин компания геологиялык чалгындоо жана изилдөө иштерине 271 млн сом сарптаган. Бул убакытта төмөнкү иштер жүргүзүлдү: Бургулоонун жалпы көлөмү - 9650 п.м. (60 скважина), Геологиялык казуу - 4500 м3, Скважиналык геофизика - 7000 п.м., жер кыртышынын үлгүлөрү - 8420 даана.

Би-Би-Си: Сиздердин колуңуздардагы лицензия чалгындоогобу же иштетүүгөбү?

Светлана Менг: Азыркы убакытта биздин колубузда геологиялык чалгындоого лицензия бар. Иштетүү лицензиясы жок.

Image caption Уран кенин чалгындоо жүрөт деген аймактын бир өңүрү

Би-Би-Си: Өкмөттүк комиссиянын тең төрагасы Абдыкалык Рустамов "компания буга чейин казган жерин рекултивация кылат" деп айтты. Сиздер эгер ушул бойдон иш токтотула турган болсо деле ошол жерди рекультивация кыласыздарбы?

Светлана Менг: Ушул бойдон иштин токтотушунун мыйзамдык негиздерин изилдеп көрүш керек. Жер казынасы (Закон О недрах) жөнүндө мыйзамына ылайык биздин компания атайын банк эсебине рекультивация кылууга каражат топтогон. Ошол каражат рекультивация иштерин жүргүзүүгө сарпталат.

Би-Би-Си: Сиздер чалгындоо ишине 270 млн сом сарптаганыңыздар, чалгындоону аяктаганыңыздар айтылууда. Эгер 270 млн сом сарпталып, кезек иштетүүгө жеткен болсо анда бири-бирине карама-каршы маалымат кайдан чыгып жатат жана эмнеден кабар берет?

Светлана Менг: Туура, биз бул каражатты жумшап геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, кендин запастарын мамлекеттик баланска койдук. Кийинки кезек бул кендерди иштетүүдө.

"Уран кенин чалгындоого берилген уруксат кагазы толук бойдон кайра артка алынды",- деп Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди. Боронов катышкан Балыкчы шаарындагы чоң жыйыныды толугу менен бул жерден көрүңүз:

Би-Би-Си: Иштетүүгө лицензия алышыңыздар керек эле. Бирок сиздер буга чейин эле бул ишти баштап жибергениңиздерди комиссия жетекчилеринин бири Абдыкалык Рустамов айтты. Алар бул кемчиликтин баарын жакында айтмакпыз деп жатат. Сиздер мыйзамдарды, технологияны сактайбыз деп жаткан компания кантип казуу иштерин баштап жибердиңиздер? Сиздерге кайсы документ, кайсы орган мындай укук берген? Иш баштала элек жатып, ушундай кадамдарга барып жатсаңыздар сиздердин убадалар курулай сөз дегенди түшүндүрбөйбү?

Светлана Менг: Туура, иштетүүгө лицензия алына элек, ошондуктан мыйзамды сыйлаган компания катары эч кандай иштетүү аракеттери жүргүзүлгөн эмес. Казуу иштери чалгындоо долбоорунда каралган Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жабдууларын өндүрүштүк сыноолорун жүргүзүү үчүн ири көлөмдөгү кендин үлгүсү алынгандыгына байланыштуу болгон.

Image caption Өкмөт мүчөлөрү катышкан Балыкчы шаарындагы жыйында эл ачуу сын, дооматтарын айтты

Би-Би-Си: Өкмөт башчы өкмөттүк комиссиянын корутундусу чыкканча чалганыдоо иши токтосун деди. Бирок геолог, адистер чалгындоо иши буга чейин эле аяктап, тиешелүүү мекемеби же органбы Таш-Булакта урандын 3500 тонна запасы бар деп кабыл алганын айтып жатат. Сиздердин расмий билдирүүгө ылайык келбеген карама-каршы маалыматтын жаралышы эмнеден кабар берет?

Светлана Менг: Биз өкмөттүн бул чечими менен макул болуп жериндеги бардык иштерди токтоттук. Айта кетчү маалымат, геологиялык чалгындоо Кызыл-Омпол лицензиялык аймагынын Таш-Булак кенинде гана аяктаган. Бул кендин запастары тиешелүү түрдө корголуп мамлекеттик баланска коюлган. Бирок Таш-Булактан тышкары Кызыл-Омпол лицензиялык аймагында дагы көптөгөн кендин обьектилери бар. Бул аймакта изилдөөнү дагы узак жылдарга жүргүзсө болот.

Би-Би-Си уран кенинин айланасындагы чуунун чоо-жайын буга чейин да кенен талкуулаган эле

Би-Би-Си: Сиздер ишти уланта турган болсоңуздар казуунун кандай ыкмасын колдоносуздар? Бул боюнча Германиядагы кыргыз инженери да күмөн санап жатат.

Светлана Менг: Таш-Булак чачынды кенинин өзгөчөлүктөрү техникалык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылууда артыкчылык берет. Чачынды кен (россыпь) - пайдалуу кенди камтыган борпоң калдык материалдардын жыйналуусу. Чачынды кен негизги тоо тектеринин кыйроосунун натыйжасында түзүлөт. Таш-Булак кенинде Урандын орточо курамы 12 грамм/тонна. Радиоактивдик заттын төмөн өлчөмү радиациялык коркунучтун төмөн деңгээлин камсыздайт. Кендеги орточо табигый радиациялык фон 40 мкР/саат, жеткиликтүү өлчөм болсо 55 мкР/саат. Ошондуктан кенди иштетүүдө радиациялык коопсуздук толук камсыз кылынат жана эч кандай коркунуч жаралбайт. Долбоорлонгон баштапкы материалдарды кайра иштетүү ыкмалары жана коопсуздук чаралары толук техникалык жана радиациялык коопсуздугун камсыз кылат.

Кенди жериндеги иштетүүнүн натыйжасында радиоактивдик заттарды камтыган тектер тазаланат жана калыбына келтирилет. Тоо өндүрүш иштерин жүргүзүүнүн астында жердин түшүмдүү кыртышы алынып өзүнчө үймөккө чогултулат. Кийин ал калыбына келтирилет. Кен казуу иштери жардыруусу жок жүргүзүлөт. Тектин көлөмдөрү экскаваторлор менен авто унааларга жүктөлөт жана байытууга жиберилет. Кенди кайра иштетүүдө механикалык гравитациялоо ыкмасы колдонулат. Натыйжада пайдалуу кен химиялык заттарды колдонбостон бөлүнүп чыгарылат. Бир гана жүгүртмө суулар колдонулуп, кийин жасалма көлмөдө топтолуп, кайра тазаланат. Кендин кийинки кайра иштетүүсү Кара-Балта тоо кен комбинатында жүргүзүлөт. Концентратты Кара-Балта тоо кен комбинатына ташуу атайын Германияда жасалган көлөмү 200-300 кг болгон коргоочу контейнерлерде жүргүзүлөт. Алар бекем жабылып, кыйроо учурунда дагы материал чачылбайт. Бул айлана чөйрөнү булгоого жол бербейт. Ташуу процесси толук камсыздандырылат жана бардык учурда атайын кайтарууга алынат. Кара-Балта тоо кен комбинатында урандын концентраты (U3O8) иштелип чыгат жана экспортко жиберилет. Азыркы учурда Таш-Булак кенинен түшкөн материалдарды кайра иштетүү үчүн комбинатта өндүрүш жабдууларын кайра куруу жана оңдоо иштери жүрүп жатат.

Тектеш темалар