Паспорт тендерине шылуундар аралашканбы?

Электрондук паспорт бланктарына байланыштуу козголгон соңку кылмыш ишине катыштыгы бар "Гарсу Пасаулис" ишканасы таза эмес экендигин УКМК билдирди. Бул тууралуу өкмөт парламентте жылдык отчет берип жатканда маалым болду.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption 2012-жылдан тартып УКМК тарабынан паспортко байланыштуу 150 кылмыш иши козголгон

"Гарсу Пасаулис" компаниясына карата Брюссель прокуратурасы эки кылмыш ишин козгогон экен. Мындай маалыматты Reuters агенттигине шилтеме берүү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы парламентте айтты. Андагы маалыматка ылайык, компания Конго республикасы менен Коморск аралдары үчүн паспортторду чыгарып, аны кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө саткан. Бир паспорттун баасы жүз миң долларга чейин чыккан.

"Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча OCCRP аттуу эл аралык уюмдун серепчилери бул жакшы эмес фирма экенин айтышкан. Ошого карабастан тендерди уюштурган биздин айрым кызматкерлерибиз аларды сынактан өткөрүп коюшту. Бул атайлап жасалгандай. Учурда айрым бейөкмөт уюмдар УКМК санариптештирүүгө каршы чыгып жатат деп айыптап жатышат",- деди Идрис Кадыркулов.

УКМК бул иш боюнча 16-апрелде тендердик комиссиянын төрагасы Руслан Сарыбаевди, статс-катчы Данияр Бакчиевди жана "Инфокомдун" башчысы Талант Абдуллаевди кармады. Алар тендер өткөрүүдө кайсы бир ишкананын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелүүдө. Атайын кызмат сынактын негизинде мамлекет 250 миллион сомдон ашык зыян тарткан деп жатат.

"Жалпак тил менен айтканда төрт жүз жыйырма сомго сатып алчу бланкты беш жүз сексен беш сомго алмакпыз. Ошондо айырма жүз алтымыш беш сом болуп жатат. Буга бизде далил жетиштүү",- деди Кадыркулов.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Гарсу Пасаулис" компаниясына карата Брюссель прокуратурасы эки кылмыш ишин козгогон экен

"Экономикалык зыян жок"

Ызы-чуу башталары менен Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча сынакты жараксыз деп тапты. Ага тендерде мыйзам бузуу болду деп текшерүүлөр башталгандан кийин, сынактан жеңип алган компания менен келишимге кол коюу мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгон.

"Тендердик комиссиянын төрагасы Руслан Сарыбаев мыйзам бузган эмес. Данияр Бакчиев менен "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев комиссиянын курамында жок болгон. Жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланктары алынган жок. Мамлекеттин казынасынан "Гарсу Пасаулис" ишканасына эч кандай каражат төлөнгөн эмес. Андыктан экономикалык зыян келтирилгендиги тууралуу айтуу кыйын",- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз өкүлү Элзат Кыдырмышева.

Бул камоолорго бир катар укук коргоочулар да каршы чыгып жатышат. Алар паспорт маселесинде УКМКнын өзүнүн кызыкчылыгы бар деген пикирде.

"Паспорттун шылтоосу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин тизгинин тартып коюуну көздөп жатышат. Анткени, быйыл санариптештирүү жылы болгондуктан бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, ири суммадагы каражат бөлүнүүдө. Андыктан биздин кожоюн УКМК, алар менен кеңешип иш алып баралы деп туруу үчүн бул камоолор керек болду",- деген эле Би-Би-Сиге Рита Карасартова.

Сүрөттүн автордук укугу SCOTT PETERSON
Image caption Электрондук паспорт

Биометрикалык паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендер былтыр октябрда жарыяланып, беш ишкананын сунушу каралган. Тапшырган документтери квалификациялык талапка ылайык келбегендиги жана толук болбогондугу үчүн Veridos, Muhlbauer ишканалары жана "Банкнот фабрикасы" сынактан четтетилген. Жыйынтыгында литвалык "Гарсу Пасаулис" ишканасы жеңүүчү болгон.

"Коррупцияга чырмалышкан"

Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн тендерлер жөнүндө маселе биринчи жолу чыгып жаткан жок. Мындан эки жыл мурун, бул мекеменин мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев вице-премьер-министр кезинде тендерден утулган ишкананын кызыкчылыгы үчүн тапшырма берген деп айыпталган эле.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү басып чыгарууга жарыяланган тендерге эки компания катышып, бирок Мамлекеттик каттоо кызматы жеңген компания менен келишим түзбөстөн, тендерден утулган компаниядан 40 миң нуска бланкты сатып алганы ашкере болгон.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Паспорт маселеси боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын бакандай үч өкүлү кармалды

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга паспорт мыйзамсыз берилгени боюнча бир нече факты ачыкка чыккан. 2017-жылы Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган элүүдөн ашык кыргыз жараны аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган.

2016-жылы болсо Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон уйгур улутундагы 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы белгилүү болгон. Жакында эле Украинада террордук чабуул боюнча шектелип кармалгандардын экөөнүн жанынан Кыргызстандын паспорттору чыкканы тууралуу маалымат коомдун кыжырын ого бетер келтирди.

"Кыргызстанга окшогон жакыр мамлекеттерде паспорт болобу же башка документтерди алуу болобу, бардыгы акчага байланышкан. Кимде ким мамлекетти башкарып жаткан адамдардын, жетекчилердин, паспорт чыгарып жаткандардын каржы маселесин чечип бере турган болсо, паспортту оңой эле алып алса болот. Бул тармактар коррупцияга чырмалышып калган",- деди мурдагы депутат Равшан Жээнбеков.

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери бул тармакты реформалоо аракети жүрүп жатканы менен көйгөйлөр дале чечиле элек. Кыргыз өкмөтү көпчүлүк учурда сырттан кармалган паспорттор жасалма экенин айтып актанып келишет.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2012-жылдан тартып аталган кызмат тарабынан жасалма паспорттор боюнча 150 кылмыш иши козголгон.

Тектеш темалар