Коомдук сайттардагы сын жана мыскыл: Матраимовдор майрамдаган иш-чара

депутаттар Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA

Кыргызстандык интернет колдонуучулар Оштун Кара-Суу районунда өткөн иш-чарага катуу реакция кылгандан кийин бийлик өкүлдөрү актанып түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду.

Жергиликтүү басылмалар кечээ күнү жабыла микрофон сунуп, бир топ чиновникти жарга такап, Матраимовдун жеке иш-чарасына неге барышканын такып сурашты.

Биринчи май күнү Кара-Сууда бир тууган Матраимовдор спорттук, маданий иш-чара өткөрүп, ага өкмөттүн жана парламенттин жоон топ өкүлдөрү барышкан эле.

Жыл сайын "Исмаил Матраимов" атындагы фонд волейбол жана мини-футбол мелдешин өткөрөт.

Эмне үчүн катуу реакция болду?

Матраимовдордун улуусу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Экинчиси, "Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов Бажы кызматын башкарып иштеген. Атамбаев президент Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин бийлигине салыштырып, бажыдагы коррупция жана "Раим миллион" темасын козгоп, анын коррупцияга каршы күрөшүн жасалма деп сынга алып келатканы белгилүү. Өкмөт менен соттошуп, артынан көп сөз ээрчиген Райымбек Матраимовду бийлик өкүлдөрү жандай олтурган сүрөттөр тарагандан кийин, коомдук сайттарда катуу кыжырданган пикирлер жайнады. Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Ал учурда өкмөттүн башында Сапар Исаков эле. Андан кийин өкмөт бажы төлөмдөрү бюджетке эселеп көп түшкөнүн билдирген. Мисалы, Ош бажысы мурда күнүнө эки миллион сомдун тегерегинде чогултса, ошол учурда 15 млн сомго жеткенин айткан.

Көп өтпөй мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, камакка алынды. Ушундан тарта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары "Райым-миллиондор" жаңы бийликти колго алып, "өч ала баштады" деген билдирүүлөрүн айтып келүүдө.

Ошондой сын-пикирлерден кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип баштаганы айтылган эле. (AbA)

Тектеш темалар