Ч.Сааданбек: "Инстаграммдан" баш тарт, "Одноклассники" колдон дегенге орус жаштары көнөбү?

Мыйзамга каршы өткөн акциялар
Image caption Интернеттин эркин болушун талап кылган Орусиядагы акциялар

Орусиянын президенти Владимир Путин «эгемен Рунет» деген атка конгон автономдуу интернет боюнча мыйзамга кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет.

Орус бийлиги документтин негизги максаты - интернеттин Орусиядагы сегментинин өз алдынчалыгын камсыз кылаарын, дүйнөлүк желе менен байланыш үзүлүп калганда дагы үзгүлтүксүз иштей турганын айтууда. Мыйзамды профилдик эксперттер жана ассоциациялар сынга алып жатышат.

Мунун Орусия менен өнөктөш болуп келе жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө тийгизген таасири кандай? Бул суроону"Биздин Мурас" коомдук фонунун жетекчиси Чоробек Сааданбек менен талкууладык.

Би-Би-Си: "Суверендүү интернет" деген эмнени түшүндүрөт?

Чоробек Сааданбек: Мыйзам демилгечилеринин сөзүнө таянсак, "Суверендүү интернетти" алар "батыш өлкөлөрү Орусияны интернеттен ажыратып коюшса дагы из өз алдынча иштей беребиз" деп түшүндүрүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption "Биздин Мурас" коомдук фонунун жетекчиси Чоробек Сааданбек

Бирок атайын эксперттердин, адистердин пикирине көңүл бурсак, мыйзамчылар айтып жакандай Орусияны интернеттен ажыратып салуу мүмкүн эмес. Акыркы убактарда орусиялык жаштар интернет аркылуу эле уюшуп, саясий митингдерге чыгып, бийликтин аракетине каршы көз караштарын билдирүүдө кеңири колдонуп жатат. Менимче, мыйзамдын негизги максаты мурдагыдай эле баарын көзөмөлгө алуу үчүн болуп жатат.

Би-Би-Си: Орусия бийлиги мыйзамды кабыл алды. Бирок мындай жагдай эмнеге айрым кыргызстандыктарды кабатыр кылууда?

Чоробек Сааданбек: Ага негизги себеп биз интернетти орусиялык компаниялар аркылуу алабыз. Магистралдык каналдар трафикалык алмашуу борбору аркылуу өтөт. Трафиктик алмашуу борборлор жаны суверендүү делген интернет борбору боюнча алар да ошол өлкөнүн көзөмөл органынан өтүп калат. Жөнөкөй айтканда "чыпкалайт". Ал жерде атайын техникалык алгоритм түзүлүп , ошого жооп берген компаниялар сырткы интернет менен трафик алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Ошондуктан бизге бул таасирин такыр эле тийгизбейт деп, так кесе айтуу кыйын. Мисалы бизде "Билайн" компаниясы бар. Ошол эле компания Орусияда Касакстанда бар. Бир канча жыл мурун Москвада чектелген байланыштар, Казакстанга да таасирин тийгизген. Ошондуктан келечекте "Билайн" компаниясы баардык кардарлары үчүн контентти "чыпкалап" бере турган болсо, демек, Кыргызстан да андан четте калбайт. Азыркыдай каалаган видеосун көрүп, угуп же окуй албай калышы мүмкүн. Ошондуктан ушул жагдайлар тынчсыздандырып жатканы түшүнүктүү.

Би-Би-Си: Чоробек мырза, ушул мыйзамды иштеп чыккандар бизге чет жактан агресивдүү саясат жүрүп, биздин ишибизге кийлигишип жатат дегендей жүйөнү айтып келишти. Ушунун өзү мыйзамдын авторлору чечмелеп жаткандай болсо "маалыматтык согуш" дагы күчөп жатат дегенди түшүндүрбөйбү?

Image caption Интернеттин эркин болушун талап кылган Орусиядагы акциялар

Чоробек Сааданбек: Бир кезде согуш эми маалыматтык талаада жүрөт деп айтышчу. Азыр ошол турмуш чындыгына айланды. Биз көрүп жатабыз ошол эле Америка , Англия, Европа Биримдиги Орусияны шайлоого кийгилишүүгө аракет кылып жатат деп доомат коюп жүрүшөт. Мындан сырткары алардын жарандарынын жеке маалыматтарын уурдап, пропаганда, фейк маалыматтарды таратып, кандайдыр бир саясий процестерге кирүүгө аракет кылып жатат деген сынды көп эле угуп жатпайбызбы. Ошонун кесепеттери, ошонун таасирлери деп айтсак болот.

Би-Би-Си: Ушул мыйзамды Орусияда деле баары кош колдоп кубаттаган жок. Нааразычылык акциясы менен көчөгө чыккандарды көрдүк. Эми мындан ары эмне болушу мүмкүн?

Чоробек Сааданбек: Ким каршы чыкты? Эң башкысы жаштар, интернеттин активдүү, жигердүү колдонучулары каршы чыгып жатат. Себеби, маалымат эркиндигине көнө түшкөн жаңы муун пайда болду. Аларга интернеттеги чектелген жашоону кабыл алуу мүмкүн эмес. Өтө маанилүүсү бул мыйзамды Орусиянын эсеп палатасы да колдогон эмес. Анткени муну ишке ашыруу үчүн аябай көп каражат сарпталат. Демек, көзөмөл кылчу иштердин баары мамлекеттин эсебинен каржылана тургандыктан мамлекеттик бюджетке да мүмкүн аябай чоң таасири болот го. Андан сырткары азыр сырткы дүйнө менен трафик алмашуу учурунда кандай муктаждыктар пайда болсо, кимдин кандай мүмкүнчүлүгү пайда болсо, ошого жараша уюшулган. Бул хаотикалык же оптималдык уюшуу деп айтылып жүрөт. Эми ошонун баарын Роскомнадзор кайрадан түзүп, эрежелерин өзгөртүп, каналдарын бириктирүү иши жүрүп жаткан чакта жок эле дегенде интернеттин ылдамдыгы жай боло баштайт. Ошондуктан муну түшүнүп туруп, бизнес чөйрөсү колдогон жок. Себеби, бул алар үчүн машакат жана баш оору. Ошол эле банктар үчүн дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан маалыматтык алмашуу бизнестин жаны, каны болуп калды. Ушул жагынан алганда бул мыйзам "сиз кичине жай дем алыңыз" дегендей эле болуп калчудай. Жаштар, бизнесмендер, өздөрүнүн эле эсеп палатасы да каршы болгону ушундан болсо керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Би-Би-Си: Чоробек мырза, сиз айткандай мыйзамга интернеттин эң негизги колдонуучусу болгон жаштар каршы чыгып жатса келечеги кандай болушу мүмкүн?

Чоробек Сааданбек: Бул менимче токтоп калбайт. Бүгүн эле башталган иш эмес да, 2012-2013 жылдары башталган. Андан кийин баскыч-баскыч менен мыйзам даярдалып келди. Башында бул ишке 20 млд рубль керек дешкен. Азыр 30 млд болду. Бирок андан сырткары трафик алмаштыруучу компанияларды туташтыруу жана башка иштерге азыркы күндө 134 млд рубль керек деп жатышат. Бул иштин финансылык негизи түзүлүп бүттү окшойт.

Би-Би-Си: Германиялык Вольфках Клайн Вехтер деген атайын эксперт да пикирин билдирген экен. Анын айтымына караганда "Суверендүү интернет" деген долбоордун келечеги жок, бул өзү нонсенс деп жатат. Чынында эле эксперт сыпаттагандай бул нонсенспи?

Чоробек Сааданбек: Кандай нерсе болсо деле баардык нерсе мүмкүн иш. Бирок анын сапаты кандай болот ал бөлөк маселе. Учурунда бул мыйзам жаңыдан талкууланып башатаганда "чибурнет" деп аябай тамаша кылышкан. Азыр көрүп жатабыз да Орусиянын өзүнүн бизнесмендери өздөрүнүн бизнесин интернетке онлайн өткөзгөндө, банк кызматтары болобу же технологиялык кызматтарбы батыштын технологиясын колдонот. Ошол эле Виза, Мастеркард сыяктуу төлөм кызматтарын пайдаланышат. Ошонун баары батыштын технологиялары. Эми элестүү айтканда мерседес менен жугилини салыштыргандай иш болот.

Би-Би-Си: Орусияда ушундай аркеттер жүрүп жаткан чакта "Фейсбук" сыяктуу дүйнөлүк гиганаттар жөн эле карап турбаса керек. Мындай жагдай инженер-програмисттердин дегеле улуш багыттагы адистердин ортосундагы күрөшкө алып келсе керек?

Сүрөттүн автордук укугу ALEXANDER RYUMIN/TASS

Чоробек Сааданбек: 2005-жылдары Веб 2.0 деген түшүнүк пайда болгон. Элдин баары азыркы месенджерлерде жазышып жаткандар мурун интернет чаттарда жазышчу элек. Эми 5G технологиясы келе жатат. Илон Маск спуниктери орбитага чыгарып ошол аркылуу аябай жогорку ылдамдыктагы интернетти дүйнө жүзү боюнча тарата алабыз деген мүмкүнчүлүктү берип жатат.

Би-Би-Си: Кээ бир эксперттер Орусия кайсы бир денгээлде Кытайды туурап жатат деп сөз кылууда. Бул пикир канчалык негиздүү?

Чоробек Сааданбек: Кытайды туурай албайт. Бул моделде Кытай интернетти башынан эле жаап койгон. Кытайда интернеттин өзүнчө аналогу бар деп айтсак болот. Анткени алардын өлкөсү аябай чоң, киши саны жетиштүү. Ошондон улам "Вотсапты" колдонбой эле алардын өздүк башка сайты бар. Анын колдонуучулардын саны бүгүнкү күндө вотсаптан ашып эле кетпесе кем эмес. Ошол эле учурда анын вотсап киргизе элек функциялары бар. Мисалы, Кытайда төлөмдөрдүн аябай көп бөлүгүн ошол Вичат аркылуу жүргүзөт экен. "Гугл" жок бирок өздөрүнүн аналог программалары бар. Орусия менин оюмча туурай албайт. Эң чоң себеп - Орусия калкы эркин интернетти көрүп, билип калышты. Анын артыкчылыктарын билишет. Ошондуктан бүгүндөн баштап аларга "Инстаграмм", "Вотсап" колдонбойсуң, болгону "Одноклассники" же "Вконтакте" колдоносуң деп чектөө киргизип коё албайт.

Тектеш темалар