Адашкандын айыбы жокпу? Сириядагы кыргыз жарандары жардам күтөт

Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 800гө чукул Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 800гө чукул

Он чакты адамдан турган демилгелүү топ президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Сирияда кармалып турган жакындарын Кыргызстанга кайтарууга көмөк сурады.

Буга чейин Борбор Азиядан Казакстан менен Тажикстан айрым жарандарын Сирия менен Ирактан кайтарганы белгилүү.

Кантип кайтыштын жолун издеп...

Сирияга алданып барып калган делген жарандардын жакындары 3-майда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Кыргызстандык кыз-келиндер жана алардын балдары ал жакта адам чыдагыс шартта кармалып жатат дешип, алар бийликтен жакындарын мекенине кайтарууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатышат.

"2014-жылы баарыбыздын балдарыбыз-кыздарыбыз ошол жакка алданып, кетишкен. Эми азыр кайрылып келе албай, эмне деген гана жашоону көрүп атышат. Ал жерде күйөөсү кайтыш болуп, эки баласы менен кызым отурат, кантип кайтыштын жолун билбей боздоп. Президент, өкмөт башчыга үнүбүздү угузар киши таппай отурабыз. Ушул балдарыбызга кечирим болуп, жазыксыз неберелерибизди кыздарыбыз менен кайтарып бериңиздер",- дейт Ысык-Көлдөн келген Чолпон Абдылдаева.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сирияда ата-энесин ээрчип кеткен ондогон кыргызстандык балдар бар экени айтылат

Аны менен тагдырлаш Ысык-Көл, Чүй, Бишкек, Жалал-Абад, Оштон келген ондогон жарандар бейкүнөө неберелери менен кыз-келиндерин Кыргызстанга алып келүүнүн айласын таппай турушат.

Алардагы маалыматтар боюнча жакындары "Рахол" аттуу лагерде кармалууда.

Сириядагы кыргызстандыктар

Сирияда жалпы төрт миңден ашык Борбор Азия жарандары бар экени айтылып келет. Search for Common Ground уюмунун билдирүүсүндө, учурда Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 801 адамды түзүүдө.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюмунун өкүлү Надим Хоури былтыр Сирияда болуп кайткан. "Азаттыкка" быйыл февралда маек куруп берип жатып, ал Сирияда кыргызстандык бала-чакалуу алты аялды көргөнүн айткан. Балдары менен эсептегенде ал жерде 18-20 кыргызстандык чыгышы мүмкүн.

Хоуринин айтымында кыргыздар "Рож" лагеринде жашашат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сирияда 800гө чукул кыргызстандыктар бер делүүдө

"Алар, азыр деле ушул лагерде деп ойлойм, эреже катары аларды бийликтери алып кетмейин ошол жакта күн кечире беришет. Так айта албайм, бирок азыр деле ошол жерде деп ойлойм", - деген укук коргоочу.

Бийлик демекчи, бардык эле Борбор Азия өлкөлөрү Сирияга кеткен жарандарын буга чейин кайтарууга ашыкпай келди. Себеби, террористтик идеяга сугарылган айрым жарандар мекенине кайтып барып, ири экстремисттик акциялар уюштурушу мүмкүн деген чочулоолор болду.

Бирок "Ислам мамлекети" уюму Сирия менен Иракта позициясын жогото баштаганы, Борбор Азия мамлекеттеринин бул багытта саясаты өзгөрө баштагандай.

"Адашкандын айбы жокпу?"

Кыргызстанда ата-энелер президентке кайрылып жаткан чакта, Сириядагы БУУнун качкындар лагеринде кармалып турган 34 тажикстандык аял өздөрү мекенине кайтуу өтүнүчү менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чыгышты.

30-апрелде Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен тажик жарандарынын 84 баласы Тажикстанга кайтарылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тажик бийлиги бир да чоң кишини мекенине кайтара элек.

Диний радикалдуулук менен айыгышкыс күрөш жүргүзүп келген Өзбекстанда деле Сирияга кетип адашкандарга мамиле жумшаргандай:

"Өзбекстанда болсо президент атайын буйрук кабыл алып, ага ылайык ведомство аралык комиссия тузүлүп, кайра кайтып келүүгө кызыкдар ар бир жарандын арызын карап, ал киши канчалык экстремисттик же террористтик уюмдарга катыштыгы бар талдап туруп, эгер катыштыгы аныкталбаса, алып келип, кол сунуу жараяны менен чыкты", -дейт Борбор Азиядагы дин жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров.

Сүрөттүн автордук укугу MIKHAIL KLIMENTYEV/TASS
Image caption "Казакстан, өз жарандарын кайда болбосун, дайым колдой турганын көрсөттү"

Казакстан быйыл жыл башында Сирияда атайы операция жүргүзүп, 47 жаранын Мекенине кайтарган. Алардын 30 - кичине балдар.

"Казакстан, өз жарандарын кайда болбосун, дайым колдой турганын көрсөттү", -деген эле анда өлкөнүн мурунку президенти Нурсултан Назарбаев.

Бул окуянын алдында эле Сирияда күрт лагериндеги кыргызстандык келиндер мекенине алып кетүүнү коомдук сайттар аркылуу өтүнүшкөн.

"Бул жерде биз менен катар эле башка чет мамлекеттердин да жарандары бар, алардын көпчүлүгүн мекенине алып кетишти. Казакстан да жарандарын алып чыгып кетүүгө даярдап жатат. Бул дүйнөдө адашпаган адам болбосо керек... Бизди туура түшүнүңүздөр. Кыргызстандын жарандары сиздерди күтүп жатабыз",- делет "WatsApp" аркылуу келген кайрылууда.

Бирок бул кайрылуу коомдук сайттарда кызуу талкууланып, азыркы абалы үчүн Сирияга кеткендердин өздөрүн айыптаган комментарийлер көп жазылган.

"Кыргызстанда мыйзам лоялдуу"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Сириядан жакындарын кайтарып берүү өтүнүчү менен быйыл кайрылуулар түшө элек. Бирок былтыр мындан мазмунда сурануулар болгон.

"2018-жылы ушундай мазмунда үч кайрылуу келип түшкөн. Аларды текшерип карап чыкканда, ал кайрылууга кол койгон жарандардын бардыгы Кыргызстандын жарандары эмес болуп чыккан. Эгер алар өздөрүнүн мамлекетине барса, оор жазаларды алат. Кыргызстанда мыйзамдар лоялдуу болгон үчүн бизге келип калып калгысы келгендер болууда", -деди БиБиСиге УКМК өкүлү Рахат Сулайманов.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сирияга барып келгени үчүн былтыр Кыргызстанда 41 адам соттолгон

Сирияга барып келген жарандарга карата Кыргызстанда эки мыйзам колдонулат. Чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуу беренеси (5-7 жыл) жана жалданмачылык (8-15 жылга чейин). Бирок соттук териштирүү маалында сапардын максаты, тергөөдөгү кызматташуу, согуштук аракеттерге катышканбы же жокпу такталып отуруп, жаза жумшартылып берилген учурлар бар.

Баш прокуратура былтыр Сирияга кеткен 110 кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал иштердин 55и сотко өтүп, 41 адам соттолгону айтылат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар