"Кылбаган ишти мойнума алдырып, камап коюшту": Абжалдын окуясы

"Кыргызстанда милиция бөлүмүнө түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат"
Image caption "Кыргызстанда милиция бөлүмүнө түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат"

Токтогул районунун 25 жаштагы тургунуна Жалал-Абад ОИБдин опер кызматкерлери күчкө салып кылмыш илип жатканын анын апасы айтып чыкты. Жабырлануучунун адвокаты облустук милицияда кыйноо фактысы болгон деп, чара көрүү талабын койду.

Кыргызстанда Башкы прокуратура кыйноо фактыларын далилдөө кыйын иш деп келатат. Абжал Нурбековдун окуясынын анык-чынына жеткенге тергөөнүн тиши өтөбү?

"Айла жок апа, мойнума алышка туура келди"

Абжал убактылуу кармоочу жайдан апасына видео жолдоп, анда денесиндеги көгалаларын көрсөтүп деген:

" Айла жок апа, мойнума алышка туура келип калды. Мени кечирип коюңуз. Кылбаган ишимди мойнума алдырып, камап коюшту. Мени көрбөй калсаңыз, кечирип коюңуз".

Абжал Нурбеков 2-апрелде Жалал-Абад ОИБдин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир килограмм гашиш менен кармалган.

Бирок анын апасы баласынын шектүү жагдайда кармалганын айтып жатат.

ОИБ кызматкерлери Абжалды группалаш баласы аркылуу кылтакка түшүрүп, андан кийин убактылуу кармоочу жайда кыйноо аркылуу кылмышты мойнуна алдырган, дейт Гүлмира Шакирова:

"Болушунча урду, анысына чыдамакмын дейт. Качан гана башыма желим баштык кийгизип, үчүнчүсүндө өзүмдү жоготуп, өзүмдү жакшы сезип, башка жакта жүргөндөй, учуп бараткандай эчтеке сезбей калдым дейт. Канчага созулганын билбейм деди. Бир маалда көзүмдү ачсам, бетимдин баары суу дейт. Жаакка чапкылап, өзүмө келтирип атыптыр дейт. Өзүнө келип, эмне күнөө койсоңор да мойнума алам, бирок өлтүрбөгүлөчү деп жалыныптыр".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2018-жылы кыйноолор жөнүндө 377 арыз түшкөн. Прокуратура органдары 351 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. 2017-жылы 417 арыздын 383 боюнча кылмыш иши козголгон эмес.

2-апрелге караган түнү Абжалды үйдө уктап жаткан жеринен мурдагы группалашы телефон аркылуу сыртка чакырып чыккан. Машинеде, жабырлануучунун айтымында, милициянын Замир аттуу опер кызматкери да болгон.

Абжалдын группалашы ага таңгак акча сунуштап, убактылуу сенде болсун, менде турса короп кетет деп акча берген. Андан кийин рулдагы группалашы магазинге суусундук алганы кетип, Абжал машинеде калып, капыстан милициянын эки машинеси келген.

Ага чейин эле машинанын алдыңкы орундугунда отурган Замир деген опер кызматкер поликтен ак заты менен желим баштык алып чыгып, сен ушуну сатып жүрүпсүң деп сүрөткө тарта баштаган. Бул жабырлануучу тараптын окуя боюнча түшүндүрмөсү болуп жатат.

Жалал-Абад ОИБи мындай мазмунда айыптоолорду четке кагып, "бул баланы милиция кызматкерлери урду деген маалымат жалган. Анткени наркотикалык заттар менен кармалган учурда, милиция бөлүмүнө алып келгенде, сурак жүргөндө атасы жанында жүргөн. Медициналык байкоодон өткөндө дагы, денесинде жарааты жок деген жыйынтык чыккан. Ал эми убактылуу кармоочу жайдын ичинен өз ара чырдашып, денесиндеги жараат ошодон болушу мүмкүн", -деп билдирүүдө.

"Кыйноо аймактарда күчөдү"

Абжал Нурбековдун адвокаты Нина Зоотова милицияда жигитке карата жетиштүү далил болбогондуктан, кыйноого барган дейт:

"Эгер колунда далилиң турса эмнеге кишини кыйнайт. Акт түзүп, баңгизаттын салмагын текшерип, сүрөткө тартышып тим болушат эле да. Бул окуяда аларда далил болгон эмес. Кызматтык ишинде ашыкча жылдызча, премия алуу үчүн кыйноого барышкан".

Зоотова шектүү катары кармап алып, анан адамдарга мажбурлап кылмышты мойнуна алдыруу тажрыйбасы аймактарда кеңири тараганына көңүл бурду:

"Бишкекте кыйноолор азайып калды, Баш прокуратура менен ИИМ мындай көрүнүштөрдү борбордо жөнгө салып жатат. Бирок жер-жерлерде күнөөсүн мойнуна алдыруу үчүн кыйноолор көп колдонулуп жатат. Абжалды кыйнагандай кыйноо болсо, Кеннедини деле мен өлтүргөм дегенге макул болушат да".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган.

Буга чейин жүргөн иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда милицияга түшкөн ар бир үчүнчү адам кыйноолорго тушугат.

Кыйноого каршы коалициянын маалыматы боюнча 2016-2018-жылдары кыйноого кабылганын айтып 1 миң 140 киши кайрылган. Анын 94 пайызы ИИМ өкүлдөрүнө каршы арыздангандар.

Соңку жылдары күч органдарын реформалоо боюнча эл аралык уюмдардын каржылоосунда бир катар чоң долбоорлор ишке ашса дагы, тартип сакчылары арасында мажбурлап күнөөнү моюнга алдыруу тажрыйбасы жоюла элек.

Жаңы кодекс, жаңы эреже

Бирок Акыйкатчы институтуна кыйноо фактысы мурдагыдан азайганын айтууда. Кыйноо боюнча 2017-жылы аларга 47 арыз түшсө, былтыр 22, ал эми быйыл үч эле кайрылуу түштү.

"Кайрылгандар саны азайып атат, бирок кыйноолор жашыруун болот. Аныкташ кыйын. Кылмышка күнөөлүү адамдарды кантип издеп, кылмыш ишин кантип ачканды билген айрым милициялар өз кылмыштарын кайра ошентип жапканды да билишет. Далилдеш кыйын. Азыр биздин милиция жаңы ыкмага өтүп, денесине так калтырбай сабай турган болушту", -деди Омбудсмен институтунун өкүлү Альберт Колопов.

Укук коргоочу жаңы кодекстер күчүнө киргени өлкөдө кыйноого каршы күрөштө жылыш бар дейт. Себеби жаңы мыйзамдар боюнча 10 миң сомго чейинки кылмыштар Жоруктар кодекси аркылуу тергелип, ага ылайык шектүүлөрдү камакка алууга негиз жок болуп калды.

"Мурда алардын баарын камай берчү да. Тоок уурдаса деле уурулук деп кармап, камала берчү. Анан сабап атып, ачылбаган кылмыштардын баарын ошол адамга жаап койчу. Азыр майда кылмыштар жорук болуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине түшүп атат, опер кызматкерлер мурункудай суракты өздөрү жүргүзбөй, тергөө сотунун тапшырмасы менен гана барып калды. Мурда өздөрү барып аңдып отуруп, анан чөнтөгүнө баңги зат салып, сабап же опузалачу, азыр алардын барына чек коюлду",- деди Колопов.

Бирок Абжалдын мисалын ала турган болсок, жаңы кодекстер эрежеси аймакка канчалык тарап атат, суроолуу маселе болууда.

Прокуратура органдары өткөн жылы кыйноолор жөнүндө түшкөн арыздардын дээрлик 90 пайызынан ашыгы боюнча кылмыш иш козгоодон баш тарткан. Андан мурдакы жылы да ошондой көрүнүш болгон. Ошол эле убакта түшкөн арыздардын ондон бирине гана кылмыш иши козголгон, ал эми сотко жеткени бирин-серин гана.

Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган. Мындан да башка да кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгону менен, андагы шарттарды аткарбай келе жатканы айтылууда.

Тектеш темалар