Сот Азимжан Аскаровдун үйүн камакка алды

Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү камакка алынды Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption Аскаровдун Базар-Коргондогу үйү камакка алынды

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун үйүн сот кайра камакка алды.

Укук коргоочунун жубайы маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун үй-бүлөсүнө 170 миң сом эсебинде кенемте акы төлөп бербегени үчүн Аскаровдун кыймылсыз мүлкү кайрадан талашка түшүп жатат.

Экинчи дубль

Бишкектин Октябрь райондук соту Аскаровдордун Базар-Коргондогу үйүн 28-февралда камакка алды.

Укук коргоочунун үйү биринчи жолу 2010-жылы Аскаровго козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Бирок анда "турак-жай мураска калган жападан жалгыз мүлк экени жана айыпталып жаткан кылмыш ишине тиешеси жок" экенин жүйө келтирилип, кайра камактан чыгарылган.

Бирок эми ал экинчи ирээт жарандык доо арыздын негизинде камакка алынып жатат.

"Мыйзамдарга ылайык, эгер үй кылмыштуу жол менен сатылып алынбаса жана күрөөгө коюлбаган болсо, үйдү камакка алууга болбойт. Кенемте акы өндүрүү боюнча сот чечими 2012-жылы эле чыккан. "Сот аткаруучулардын макамы тууралуу" мыйзамы боюнча сот чечими чыккандан кийин үч жыл өтүп кетсе, үйдү камакка алууга болбойт",- деди Би-Би-Сиге Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов.

Жактоочу үйдү кайтарып алууга азыр аларда эки жол бар экенин айтууда: кайра сотко кайрылуу же Хадича Аскаровага компенсацияга жете турган каражат таап берүү.

"Кенемте акыга акчам жок"

Соттук териштирүү узакка созулуп кетет деп чочулаган адвокат экинчи жолго көбүрөөк ишеним артып жатат.

Бирок Хадича Аскарова анын туруктуу кирешеси жок экенин, пенсиясын кенемте акы эмес, күнүмдүк жашоосуна жеткире албай убара болуп жатканын айтты:

"Төрт миң пенсия алсам, мен аны кантип төлөйм. Бардыгын төгө албайм да. Чалым жөндөн-жөн эле бейкүнөө кесилип, турмөдө өмүр бою отура турган болсо. Мына он жыл болду, ошондон бери жалгыз жашап атам. Эки жыл кайненем менен жашадым, ал да күйүттөн өтүп кетти".

2012-жылы Жалал-Абад облустук соту Базар-Коргондо өлтүрүлгөн милиционердин жубайынын арызынын негизинде Аскаровду ага 170 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок жети жыл жабырлануучу тарап ал акыны доолаган эмес. Хадича Аскарова күйөөсүнө катталган кыймылсыз мүлктү өзүнө каттатууга киришкен маалда үйү камак алынды деп, бул эки жагдайды байланыштырып жатат.

Image caption Аскаров үчүн Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу кызматташуу келишиминен бир тараптуу чыгып кеткен

Би-Би-Си маркумдун жесири Чынара Бечелова менен байланышып, ал тараптын да жүйөөсүн укту. Бечелова мураска калган деп ал үйдү Аскаровдор кезинде кайтарып калышканын, эми турак жай күйөөсүнөн жубайына өтүп жатканын, андай шартта кенемте акы өндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонун айтууда.

"Биз Аскаров менен дагы жети адам менен соттошконбуз. Биздин доо-арыбызга ылайык, моралдык жана материалдык зыянды төлөп беришсин. Үй Аскаровго жазылыптыр, эми анын аялына өтүп аткан экен. Анан биз дагы сотко кайрылдык да, сот камакка алды", -деди Бечелова.

Ал каргашалуу Ош окуяларынан кийин жетим калган балдарын өзү бутуна тургузуп келе жатканын айтып, сот чегерген суммадагы акчаны гана талап кылып жатканын айтты.

Эл аралык резонанс

2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы болгон жана массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деген айыптар менен Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган эле.

Бирок Аскаров өзү азыркыга чейин өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып келет.

Анын соттук иши эл аралык деңгээлде резонанс жаратып, БУУ баштаган эл аралык уюмдар, АКШ, Евробиримдикке кирген айрым өлкөлөр Аскаровго карата чыккан сот өкүмү туура эмес болгонун белгилеп, аны бошотууга чакырышкан эле.

Саясий фигурага айланган укук коргоочунун айынан Кыргызстан Кошмо штаттары менен кызматташтык келишимин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир тараптуу денонсациялаганга чейин барган.

Учурда анын жактоочулары күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык ишти кайрадан кароо өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып турган убагы.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар