Мурат Суталинов боштондукка чыкты

Мурат Суталинов Сүрөттүн автордук укугу facebook\aisuluu berikova
Image caption Мурат Суталинов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдакы башчысы Мурат Суталинов оорусуна байланыштуу шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулду. Бишкек шаардык соту бүгүн Суталиновдун ишин карап, биринчи инстанциянын чечимин четке кагып, ушундай бүтүм чыгарды. Биринчи сот инстанциясында мурдакы генералдын арызын колдобой коюшкан эле.

Жазаларды аткаруу кызматы дагы иштин ушундай чечилишин туура деп колдоого алды. Сот Суталиновдун сот залынан боштондукка чыгарды.

Мурат Суталинов 2005-жылы Бакиев бийликке келген учурда ички иштер министри болду, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетин башкарды. 2010-жылы бийлик алмашуу учурунда болгон кандуу окуялар боюнча айыпталып жыйырма жылга соттолду.

Апрель окуяларынан кийин Суталинов качып кетпей, сот процессине өз ыктыяры менен келген. Андан кийин үй камагына чыгарылып, өкүм күчүнө киргенден кийин түрмөдө жазасын өтөп жаткан.

"Трагедияны токтотконго күчүм жеткен эмес"

Мурдакы генерал бүгүн бошонуп чыккандан кийинки сөзүндө тогуз жыл мурда кандуу окуяда жабыркагандардан дагы бир жолу кечирим сурады:

"Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен".

Муратбек Суталинов ошондой эле Кыргызстандан эч кайда кетпей дарыланарын, аны сыртка кетип калат деп чочулаштын кереги жок деп айтты.

Милдет жана укук

Мурдакы башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиев сотко барып, Суталиновду коргоо иштерине колдоо көрсөттү.

"Милдет менен укукту ким кандай түшүнөөрү бул иште негизги маселе болуп калды. Бул жерде Суталинов кандай адам, кылмышкерби же жокпу, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кишисиби деген сөз жок. Бул жерде ооруга кабылды, баары мыйзамга төп келип турат. Ал чыгышы керек. Ушул сөздү эч ким айтпай жатат. Балким, айтууга сабаты да жетпей жаткандыр? Мыйзам, беренелер төп келген соң чыгарсын деген эле талап. Дарыгерлер тобунун атайын медициналык бүтүмү чыккан. Суталинов рак илдетине кабылган",- дейт мурдагы баш прокурор Эльмурза Сатыбалдиев.

"Жан дүйнөнүн кыйкырыгы"

Суталиновдун аялы Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга келген учурда анын өзүнө маалымат каражаттары аркылуу да кайрылуу жарыялап жолдошун түрмөдөн чыгарууга жардам сураган эле.

"Айрым журналисттер "Жан дүйнөнүн кыйкырыгы" деп жазышты. Менде ушундай муктаждык болду. Себеби буга чейин биздин президентке кайрылып, жооп ала алган жокмун. Мурун менин жолдошум УКМК төрагасы болгон. Путин да убагында бул тармакта ишетегенин эске алып мен ага офицер катары кайрылгым келди. Андан жардам бер деп суранган жокмун. Тек гана офицер катары үн катабы дедим",- деген Гульнара Суталинова.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар