Батукаевди бошоткондордун башында ким турат?

Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган дарыгердин жактоочусу ишти адилет кароону талап кылып президентке кайрылды. Эмил Макимбетовдун адвокаты муну саясий маселе деп атады. Айрымдар ага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзү аралашкан деп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган

Батукаевдин оорусун аныктоого Макимбетов катышкан эмес деди бүгүн жактоочу. Анын жүйөсүндө дарыгер көп сыр катылган саясий иштин курмандыгы болуп жатат.

"Тартип сакчылары жана өкмөт каякты карап отурушту эле? Алар анализге алынган үлгү материалдын корголушу үчүн жооптуу болчу. ДНК эксперт катары бир нерсени ачык айтып коеюн. Кылмыш иши боюнча үлгү материалдар протоколдук негизде, күбөлөрдүн катышуусу менен алынат. Тергөөчүнүн көз алдында ага мөөр басылат. Тиешелүү мекеменин кызматкерлеринин коштоосунда алынып келет. Мөөр басылган үлгү Онкологиялык борбордун директорунун сейфинде эмес, тергөөчүдө сакталат. Тергөөчү токтом токугандан кийин гана үлгү материал текшерүүгө жөнөтүлөт. Батукаевден анализ алганда бул эрежелердин бардыгы сакталган эмес. Эмнеге үлгү материалдар мөөр басылбай, кол коюлбай текшерүүгө берилет? Мындан улам аны алмаштырып коюшкан жокпу? деген суроо жаралат. Болгондо дагы алынган анализ Батукаевдин эжесинин унаасы менен алынып келип жатпайбы",- деди Анара Кыштобаева.

Кылмыштуу чөйрөнүн төбөлү атыккан Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу өткөн аптада дарыгер кармалган. Макимбетов учурда коррупция жана жасалма документ берүү беренелери боюнча шектелүүдө.

"Айыккыс ооруга чалдыккан Азиз"

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылы Нарын шаардык сотунун чечими менен бошотулган. Анын эркиндикке чыгуусуна "айыккыс ооруга чалдыгып, абалы оор" деген дарыгерлердин корутундусу негиз болгон. Батукаев абактан чыгары менен чартердик рейс менен Чеченстанга учуп кеткен. Окуя парламентте кызуу талкууланып, комиссиялар түзүлүп, бирок ал болгону ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акунду иштен алуу менен аяктаган.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Азиз Батукаев Кыргызстандан 2013-жылы чыгып кеткен

Президент жана өкмөт катуу сынга кабылып, алардын бул ишке түздөн-түз тиешеси болгон деген пикирлер айтылган. Атамбаев президент убагында мурдагы вице-премьер министрди айыптаган.

"Соттон чыккандан кийин эле кетип калганы суроолорду туудурат. Прокуратура кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат. Менимче бул жерде мурдагы вице-премьер министр Шамил Атаханов кемчиликтерди кетирген".

Эски жара ырбады

Алты жылдан кийин кылмыш ишинин кайра жанданып жатышы өлкөдө мурдагы жана азыркы бийликтин тиреши күч алган учурга туш келди. Экс-депутат Равшан Жээнбеков Батукаевдин иши учурда саясий маселеге айланды дейт.

"Жаңы бийлик үчүн мурдагы бийлик өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоо дайыма жеңил. Аларда мурдагы бийлик өкүлдөрүнөн өч алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Адилеттүүлүк үчүн бир нерсени айта кетейин. Азыркы президент эмне үчүн өкмөт башчы кезинде маселени кабыргасынан койгон жок? Көйгөйдү көтөрүп чыгуу үчүн сөзсүз эле президент болушу керек беле?".

Батукаевдин иши 2019-жылдын январында кайра жандандырылган. Бул тууралуу башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып айткан. Чуулгандуу ишке түздөн түз аралашкандардын бири катар ушул депутат дагы айтылып жүрөт. Анда ал Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп турган эле.

"Батукаевдин иши боюнча жалгыз менин атым караланып, жаманатты болдум. Бирок аталган маселе боюнча чечим кабыл алган органдар болгон да. Ошол эле Жогорку Сот, Жаза өтөө кызматы, Саламаттык сактоо министрлиги, чиновниктер. Ошонун бардыгы эч кандай жаза алган жок. Кызматтан алынган жок. Бул иштин кайра жандандырылганы туура болду. Эми кимдин ким экени белгилүү болот",- деди мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Азиз Батукаев

Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айып коюлган. Ал өлүм алдында жатат деп абактан чыгарылып, мекенине учуп кеткенден кийин кыргыз расмийлери Батукаевдин ден-соолугу жакшы экенин, атүгүл жаш кызга үйлөнгөнүн өздөрү айтып чыккан.

Тектеш темалар