Укук коргоочулар: УКМК укуругу узарбасын

Атайын кызматты реформалоо боюнча онлайн петицияга кол чогултуу уланып жатат Сүрөттүн автордук укугу Temir Sydykbekov
Image caption Атайын кызматты реформалоо боюнча онлайн петицияга кол чогултуу уланып жатат

Президент Соооронбай Жээнбековго атайын кызматты реформалоо талабы коюлууда. УКМК экс-президенттин тушунда саясий атаандаштарга каршы курал болуп, эми азыркы бийлик түптөлгөн ал системаны пайдаланып, анын жолоюна түшүү коркунучу бар, дешет укук коргоочулар.

"Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!" онлайн петицияга 400дөн ашык киши кол койду.

Реформа талабы

Атайын кызматты реформалоо үчүн петицияда эки негизги сунуш берилип жатат: Антикоррупция кызматын УКМКнын карамагынан чыгаруу жана мекемеден тергөө функциясын алып салуу.

"Экөөнү тең УКМКдан чыгаруу керек. Антикоррупция кызматы киреше декларацияларын текшерип аналитикалык гана кызматты аркаласа. Сатып алуусу көп болуп, кирешеси аз болсо, демек ал жерде коррупция бар. Тергөө функциясын УКМКдан алып, кайра Баш прокуратурага берүү Баш мыйзам боюнча мүмкүн эмес экен. Конституциялык реформа бул аябай оор жана узакка созулат. Андыктан, Тергөө комитетин түзүп, башка күч органдарындагы бардык тергөө функцияларын ага өткөрүп берүү керек", - дейт петициянын демилгечиси, жарандык активист Рита Карасартова Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Петицияны демилгелеген жарандык активист Рита Карасартова

Коррупция менен күрөш мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин негизги ураандарынын бири болуп, 2011-жылы Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн.

Бул атайы орган кызматтык кылмыштарга каршы иш алып барып, жемкорлук шыгы бар айыл өкмөтүнөн министрлерге чейин чиновниктерди бутага алып келди.

Шайлоо шарапаты

Бирок президенттик шайлоону утурлай 2015-жылдан тарта УКМК, анын ичинде АКС кызматтык кылмыштарга шылтоолоп, бийликке оппонент бир топ саясатчыларга карата саясий курал болуп колдонулду, дешет байкоочулар.

2016-жылы башталган "Белизгейт" жаңжалы буга кашкайган далил болду. Себеби, анда айып коюуга негиз болду делген документтердин чын-бышыгы эмдигиче далилдене элек.

Мындан тышкары ондогон саясатчылар коррупция жана мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирген деп камалып, кармалды.

Бийлик алмашканы эки жылга таяса дагы, экс-президент саясий куралга айланткан УКМКнын табияты өзгөрбөй жатканын айтылууда.

Президентке сабак

Өзгөрмөк түгүл, 2016-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык кызматтык кылмыштарды тергөө Баш прокуратурадан УКМКга берилип, башка бийлик бутактарына басым көрсөтүү үчүн президенттик институтка эбегейсиз мүмкүнчүлүк ачылды.

"Бул система Атамбаевдин убагында түзүлгөн. Кийинки келген президентке бул майдай жаккан курал болуп атат. Сот, парламент, аткаруу бийлиги бүт баары УКМКнын аркасы менен президентке көз каранды болуп атат. Бирок бул жакшылыкка алып келбейт. Атамбаевдин тагдыры азыркы президентке сабак болушу керек", - дейт Рита Карасартова.

Кезинде Атамбаевдин ишенимдүү, жакын адамдарынын дээрлик баары коррупция айыбы менен учурда камакта. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов, президенттик аппараттын жетекчисини мурунку орун басары Икрам Илмиянов өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келишет.

Сүрөттүн автордук укугу Sputnik Кыргызстан
Image caption Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун соту

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция үчүн айыпталып камакта жаткан Сапар Исаков буга чейин ага карата саясий куугунтук болуп жатканын белгилегени да бар.

Ал арада Атамбаевдин жеке жансакчысы Дамир Мусакеевге мыйзамсыз байыган деген айып тагылып жатат.

Мындан тышкары мурунку Баш прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын буга чейинки жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилиги да каралат деп күтүлүүдө.

"Биринчи, кадрдык реформа"

Абдил Сегизбаев демекчи, 2014-жылы мурунку президент өзүнүн жакын адамын УКМКга жетекчи орун басары кылып дайындаган. Бир жылдан кийин Сегизбаев атайын кызматтын төрагасы болуп, кесипкөй эмес адамдын олуттуу кызматка дайындалышы анда коомчулук сынына да кабылган болчу.

"Атайын кызматка көп жылдардан бери эксперимент кылып, четтен кадрлар коюлуп жыйынтыгы жакшы менен бүткөн эмес. Мисалы, 2005 жана 2010-жылдагы окуяларды билесиңер. УКМКны кимдер башкарып турду эле? Кесипкөй эмес адамдар. Абдил Сегизбаев деле коопсуздук тармагында иштеп көрбөгөн жигит эле да", -дейт Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов

Сүрөттүн автордук укугу Kloop.kg
Image caption "УКМКга кесипкөй адамдар керек"

Чекист УКМКдагы реформа алды менен кадрдык реформадан башталыш керек дейт.

Былтыр Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков күч жана коопсуздук органдары коррупция менен күрөшкөндүн ордуна өздөрү коррупцияга малынганын айткан.

Президент, ал тургай, УКМКга караган Антикоррупциялык кызматка токтолуп жатып, анын айрым кызматкерлери кол тийбес кастага айланыптыр деген.

Бирок өлкө башчысы анын тазалоо же текшерүү боюнча тапшырма берген эмес.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар