Элчи салды жаңжалды, эл ошого таң калды

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси муфтият уюштурган ифтарга барып, чыр чыгарганы коомдо кызуу талкууга алынууда. Бул ансыз да Кыргызстан менен Түркия ортосунда байма-бай көтөрүлүп келген "Сапат" билим берүү мекемелерине байланыштуу маселени кайрадан козгоду. Түркия өзү Гүлен кыймылынын бөлүгү катары караган мектептерди бүт дүйнө боюнча жаптырууга аракеттенип келет.

Image caption "Сапат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган

Түркия элчиси "Сапат" билим берүү мекемелерин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен ооз ачарга бирге чакырылганы үчүн ачууланган. Женгиз Камил Фырат муфтийди баш кылып кекетип, "же Түркияны, же террорчу уюмду тандагыла" деп, ресторандан чыгып кеткен.

"Мындан кийин каяктагы муфтият. Мен сага келип 35 млн долларга мечит куруп берейин. Сен болсо мени террорист менен бир жерге отургуз. Бул жерге ФЕТО террордук кыймылын кантип чакырасыңар? Рамазанда ушундай иш жасалабы? Же Түркияны же террористтик уюмду тандагыла. Түркия мамлекети менен террористти бир орунга коюп жатасыңар. Мен дароо президентке айтам. Экинчи мага муфтият тууралуу сөз кылба. Мен үчүн мындан ары муфтият жок",- деди элчи.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Фетхуллах Гүлен

Сынга кабылган элчи

Сөз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемелерине убагында динаятчы Фетхуллах Гүлендин таасири чоң болгону белгилүү. Гүлендин өзүн Түркия үч жыл мурун ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет. Президент Режеп Тайып Эрдоган динаятчынын кыймылын "террордук" деп таануу керектигин айтып чыккан эле.

"Марал" радиосунун башкы директору Руслан Акматбек ооз ачуу учурундагы окуяга күбө болгондордун бири.

"Биринчиден, "Сапат" мамлекеттин үлүшү бар билим берүүчү мекемеси. Сот өкүм чыгарып аны террордук уюм деп тапкан эмес. Экинчиден, элчи ал жерде конок. Анын эч кимди көзгө илбей жасаган кадамдары дипломатиялык этикага жатпайт. Анын көз карашына туура келбесе, жөн эле туруп кетип калышы керек болчу. Кийин ооз ачыруу үчүн чакырган мекеме менен өз ара сүйлөшүп алмак"

Түркия бийлиги Гүлендин кыймылын жок кылуу аракетин өз өлкөсүндө жүргүзүү менен эле чектелген жок. Алар динаятчы менен байланышы бар башка өлкөлөрдөгү окуу жайлардын баарын жаптыруу аракетин көрүп келет.

Түрк бийлигин кооптондурган эмне?

Саясат талдоочулар бул жерде Гүлен өзүнүн идеологиясын билим берүү аркылуу таратууга аракет кылууда деген маанайдагы Түркиянын кооптонуусу бар дешет.

Алмазбек Атамбаев президент кезинде түрк бийлиги Кыргызстанга да ушул маселе боюнча кайрылган. Бирок кыргыз президенти түрк тараптын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары четке каккан эле.

Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption Жээнбеков менен Эрдоган

Былтыр Эрдоган түрк тилдүү өлкөлөрдүн кезектеги саммитине Бишкекке келгенде бул маселе кайрадан көтөрүлгөн. Буга жооп кылып, Сооронбай Жээнбеков "Сапат" билим берүү жайлары мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.

"Кыргызстан менен Түркиянын достук мамилеси эки өлкө үчүн тең маанилүү. Бирок түрк бийлиги ички саясатты тышкы саясат менен аралаштырбашы керек. Кайсыл гана өлкө болбосун, ички көйгөйүн коңшу мамлекеттер аркылуу чечкени туура эмес. Эки өлкө маанилүү өнөктөштөр экенин эске алганда, анча-мынча кишилерди жана билим берүү мекемелерин курал катары колдонгон болбойт. Эки өлкө ортосунда маани бере турган мындан дагы чоң маселелер бар",- деди Президентке караштуу башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Би-Би-Сиге.

Саясатташкан "Сапат" мектептери

"Сапат" билим берүү мекемеси "Себат" деген аталыш менен Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түркиядагы 2016-жылкы окуялардан кийин анын аты "Сапат" болуп өзгөрүлгөн. Мекеменин 30 пайыз үлүшү мамлекетке таандык. Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери мектепти колдоого алып келген түрк бийлиги эми аны "террордук уюм" деп атап жатканы акылга сыйбаган иш, дейт Руслан Акматбек.

"Мындай нерсе дүйнөдө болгон эмес. Бул мектеп Кыргызстанга эмне берди? Доомат койгондой анын бүтүрүүчүлөрү көмүскө иштерди кылып жатабы? Өлкө мыйзамын бузуп, коопсуздугуна залакасын тийгиздиби? Эрдогандын айтканына эмес, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ишине жараша баа беришибиз керек",- деди Руслан Акматбек.

Ушул маселеге байланыштуу түрк бийлигинин АКШ менен дагы мамилеси солгундай түшкөн эле. Түркия белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен кызматташкан деп айыптап, АКШ жараны, христиан пастору Эндрю Брансонду камакка алгандан кийиин Вашингтон Түркияга каршы санкцияларды киргизген. Бул санкциялар Түркиянын экономикасына катуу сокку болбой койгон жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар