"Сабаттуу бол" чакырыгына саясатчылар кулак салабы?

15- майдан тартып Кыргызстанда "Сабаттуу бол" өнөктүгү башталат. Ага мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана башка бардык каалоочулар катыша алат. Бул иш-чара сабаттуу жазуу жана сүйлөө маданиятын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү

Соңку убакта мамлекеттик кызматкерлердин сүйлөө жана жазуу маданиятындагы оркойгон кемчиликтер жөнүндө коомчулукта сын-пикирлер күчөп жатканда мындай сынактардын мааниси чоң болчудай.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилинде сабаттуу жазып жана сүйлөй билүү талабы коюлганы менен мындай аракет бирдиктүү жолдо бара жатат деп айтуу кыйын. Алардын сабаттуу жазуу жана сүйлөө маданиятына азыркы учурда сын-дооматтар көп болуп жатат.

"Жогорку кызматта отурган мамлекеттик кызматкерлердин көбү адабий тилдин нормасында, маданияттуу сүйлөп- жаза алышпайт. Үйүндө отургансып жалпак тилде, көпчүлүк учурда орусча терминдерди аралаштырып сүйлөшөт жана жазышат. Айрыкча документтерди, илимий маалыматтарды жазууда көйгөйлөр абдан көп",- деди педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асипова Би-Би-Сиге.

"Атың чыкпаса, жер өрттө"

Мындай сындар жөн жеринен чыгып жаткан жок. Өткөн жылы эле Бишкек мэринин мамлекеттик тил боюнча тапшырган сынагынын жыйынтыгы коомдук сайттарга жарыяланып, анын жазган дил баянындагы каталар жана Курман айтта эл алдына чыгып сүйлөгөнү коомчулуктун сынына кабылган эле.

Мамлекеттик тилде сүйлөө жана жазуу маданиятынын төмөндүгү боюнча дооматтар көп айтылып келген мамлекеттик бийлик органдарынын башында Жогорку Кеңеш турат. Жакында эле төраганын өкмөт башчыга жолдогон катындагы каталар ташка тамга баскандай бөлүп көрсөтүлүп, жарыяланып кетип, эл ичинде катуу сындалды.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Жогорку Кеңеш төрагасынын өкмөткө жазган каты

Жазылган текстти тыңдап окуй албай депутат Тазабек Икрамов дагы бир нече жолу уят болду. Ал чыгарган мыйзамы менен эмес, терминдерди айта албай тили сынган учурлары менен элдин эсинде калды.

"Балык башынан..."

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тартып өлкө мамлекеттик тилди өнүктүрүү эмес, аны калыбында кармап туруу менен гана алек болуп жатканы сынга кабылып келет. Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, бул багытка жылда олчойгон каражат бөлүү менен гана сабаттуулук маселеси чечиле калбайт:

"Өкмөттөн же соттордон Жогорку Кеңешке келген каттарды карасаң, жалан расмий тилде. Бул өкмөттүн тил саясатын кандай жүргүзүп жатканынан кабар берет. Аларга салыштырмалуу парламентте мамлекеттик тил маселеси жөнгө салынып калды десек болот. Бирок айрым кесиптештеримдин эне тилинде эркин сүйлөй албай эжелеп, какап-чакап жатканы бизди уят кылууда. Жогорку Кеңеш үч бийлик бутагынын бири. Негизги мыйзам чыгаруучу орган. Андыктан мамлекеттик тилдин ордосу биз болушубуз керек. Эл өкүлдөрү, эне тилдин өкүлдөрү болушу керек".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңеш

Тилчилердин айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилде сүйлөө жана жазуу сабаттуулугун жакшыртуу үчүн талапты катуу коюу керек. Эң негизгиси ар бир адамдын, ар бир кызматкердин өзүнүн жекече аракети керек.

"Кыргыз тилинин жазуу эрежелери жупкадай болгон эле кичинекей китеп. Анын ичинде 91 параграф бар. Өздөштүрүп алуу кыйын деле эмес. Болгону биздин чоңдордо жоопкерчилик төмөн. Ошого жараша жыйынтык болуп жатат",- дейт тилчи Үмүт Култаева.

"Сабаттуу бол" акциясы

Эртең Кыргызстандын бардык аймактарында "Сабатуу бол" акциясы башталат. Иш-чара жалпы кыргыз коомун сабаттуу болууга үндөйт. Ага мектеп окуучуларынан тартып, мамлекеттик, муниципалдык жана коммерциялык мекемелердин өкүлдөрү катышса болот.

"Ушул жат жазууга катышат элем деп кызыгып жаткандардын көбү жаштар, мугалимдер, доктурлар. Тилекке каршы, мамлекеттик чоң кызматта отургандар тарабынан кызыгып сураган эч ким болгон жок",- деди Мамлекеттик тил боюнч улуттук комиссиянын өкүлү Аида Ишеналиева.

Image caption Эртең Кыргызстандын бардык аймактарында "Сабатуу бол" акциясы башталат

Жарандарды сабаттуу жазып, сүйлөөгө үйрөтүүдө Мамлекеттик тил комиссиясы аракет кылган жок деп айтууга болбойт. Бирок тилчилер анын иши чабал жүрүп жатканын жана ушул күнгө чейин кыргыз тилинин идеологиясы жок экенин жүйө тартышууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар