УКМК төрагасын иштен кетирген паспорт чыры

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти. Ал паспорт маселесине байланыштуу тергөө иштерине кийлигишүү ыктымалдыгы жөнүндө пикирлерди четке кагуу үчүн кызматынан баш тартканын айтып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматынан кетти

Соңку учурда коомдо биометрикалык бланктарга байланыштуу талкуу күч алды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды паспорт менен камсыздоодо Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамдарды одоно бузуп жатканын айтса, жарандык коом УКМК санариптештирүүгө кийлигишип, тоскоолдук кылууда деп сындап жатат.

Паспорт көйгөйү бүгүн Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлдү. Маселе татаалдашып кеткенин айткан Дастан Бекешев депутаттык комиссия түзүп, ишти иликтөөнү сунуштады.

"УКМК төрагасынын ал жерде байланышы бар. Эгер парламент реакция кылбаса, коомдун катуу сынына кабылат. Бул тууралуу маалыматтар көп, аны ачыкка чыгаруу керек. Тендерге катышкан айрым кишилер комиссия түзүлсө, бир топ маалымат беребиз деп жатышат",- деди депутат.

Жаңы жагдайлар

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова паспорт боюнча жаңы жагдайларды ачыктагандан кийин чыр ого бетер ырбады. Анын айтымында, УКМКнын экс-төрагасы Алина Шаикова менен президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди ресторанга чакырып, чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү менен тааныштырып, документ даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

Атайын кызмат болсо чет өлкөлүк ишкерлер менен расмий эмес жолугушуу болгонун ырастады. Бирок УКМК "КБА НотаСис С.А." компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөнүн белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Электрондук паспорт

Мындай билдирүү жарандык коомдун кыжырын келтирди. Коомдук ишмер Эдил Байсалов УКМК төрагасынын кызматтан кетиши туура кадам болгонун айтып, сурак берип жаткандардын иши адилеттүү тергелип, тендер маселеси аягына чыгарылышы керек деп кошумчалады:

"Башынан эле бул киши өзү кызыкдар экенин көрсөтүп койду. Тендерден жеңип алган литвалык "Гарсу Пасаулис" ишканасы шек жаратып жатат деп Жогорку Кеңешке маалымат берди. Бирок бул жерде шек жараткан "КБА НотаСис С.А." ишканасы болуп жатат. Аталган мекеме Бразилия, Нигерия, Марокко жана Казакстан мамлекеттеринде ыплас иштерди жүргүзгөнү үчүн Швейцариянын соту тарабынан 35 млн доллар айып салыныптыр. Эки жетекчиси камалыптыр. Ошондой компаниянын өкүлдөрүн эң кымбат ресторанда кабыл алып, мамлекеттик кызматкерлер менен жолуктуруп ортомчу болуп жатканы өтө туура эмес кадам болду".

УКМК паспорт чырына байланыштуу 16-апрелде тендердик комиссиянын төрагасы Руслан Сарыбаевди, статс-катчы Данияр Бакчиевди жана "Инфокомдун" башчысы Талант Абдуллаевди кармаган. Алар тендер өткөрүүдө кайсы бир ишкананын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелүүдө. Атайын кызмат сынактын негизинде мамлекет 250 миллион сомдон ашык зыян тарткан деп жатат.

Алар кармалгандан кийин көп узабай эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикова иштен кетип, мекеменин мурдагы жетекчиси жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоев УКМКга сурак берген эле.

Жарандык коомдун сыны

Санариптештирүү жылында өлкөдөгү эң алдыңкы IT адистер сурак берип, шектүү катары камалып жатканын бир катар укук коргоочулар сындап келет.

"Паспорт чырында башынан эле күмөндүү жагдайлар бар болчу. Биз көп эле иштердин тергелгенин көрдүк. Атүгүл атайын кызматтын офицерлери өздөрү таңыркап жатат. Таң атпай саат алтыда ондогон кишилердин үйүн тинтип, алардын банк эсептерин текшерип, өздөрүн суткалап суракка алган учур болгон эмес. Эгер уюшкан кылмыштуулук боюнча маселе болсо бир жөн. Бул жерде катардагы эле тендер тууралуу сөз болуп жатат. Бирок эч нерсе таба алышкан жок го. Эч кандай коррупция ачыкталган эмес. Тендер ишти эң арзан аткара турган компанияны табуу үчүн жарыяланбайт да. Кандай гана компетенттүү жетекчи болбосун, бул факт маселе жаратпашы керек эле. Бул жерде УКМК популизмге барып жатат. Мындан башка коррупция жок болгонсуп Шаикова менен Догоев сыяктуу адистердин артынан түшкөндөрү өтө табышмактуу болду",- деди Эдил Байсалов Би-Би-Сиге.

Паспорт чатагы президенттин дагы көңүл сыртында калган жок. Апрелде Ошто өткөн санариптештирүү маселесине арналган жыйында Жээнбеков тендердин айланасында суроо абдан көп экенин айтып, бардыгы мыйзам чегинде чечилүүсү керек деди:

"Жакында эле тендерге байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул коомдо чоң резонанс жаратты. Мен коомдук пикирге ар дайым сый-урмат менен мамиле кылам. Бизде жарандык коом абдан күчтүү. Жарандардын мамлекеттик маселеге кайдыгер карабагандыгы жакшы көрүнүш. Мындай кадамдар мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет. Тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан шашылыш жыйынтык чыгарбоо керек. Сиздерди дагы ошого чакырам. Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгер мыйзам бузулса, ким болбосун жоопкерчиликке тартылышы керек".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Сооронбай Жээнбеков

Басылбаган паспорт чыры

Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн тендерлер жөнүндө маселе биринчи жолу чыгып жаткан жок. Мындан эки жыл мурун, бул мекеменин мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев вице-премьер-министр кезинде тендерден утулган ишкананын кызыкчылыгы үчүн тапшырма берген деп айыпталган эле.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү басып чыгарууга жарыяланган тендерге эки компания катышып, бирок Мамлекеттик каттоо кызматы жеңген компания менен келишим түзбөстөн, тендерден утулган компаниядан 40 миң нуска бланкты сатып алганы ашкере болгон.

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга паспорт мыйзамсыз берилгени боюнча бир нече факты ачыкка чыккан. 2017-жылы Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган элүүдөн ашык кыргыз жараны аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган.

2016-жылы болсо Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон уйгур улутундагы 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалганы белгилүү болгон. Жакында эле Украинада террордук чабуул боюнча шектелип кармалгандардын экөөнүн жанынан Кыргызстандын паспорттору чыкканы тууралуу маалымат коомдун кыжырын ого бетер келтирди.

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери бул тармакты реформалоо аракети жүрүп жатканы менен көйгөйлөр дале чечиле элек. Кыргыз өкмөтү көпчүлүк учурда сырттан кармалган паспорттор жасалма экенин айтып актанып келишет.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2012-жылдан тартып аталган кызмат тарабынан жасалма паспорттор боюнча 150 кылмыш иши козголгон.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар