Дарыгер: акчанын айынан эмне гана кылбадым?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Би-Би-Си айтылып жаткан дооматтар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылды. Аталган мекеме өкмөт, бийлик, министрлик баары биригип эмгек акынын жогорулатуу боюнча тынымсыз иштеп жатканын айтты

Топтолмок турсун "тойгуза" албаган айлыкка иштеп, каржалып бүттүк деген "Үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясы" муң-зарыбызга кулак салыңыздар деп коомдук сайттар аркылуу кайрылуу жарыялады.

Би-Би-Си кайрылууну колдогон дарыгерлердин бири менен маектешти. Дарыгер Индира Казиева Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштейт.

Индира Казиева: Менин беш миң сом туруктуу айлыгым бар. Буга категория, кызмат деген көрсөткүчтөрдөн дагы бир аз каражат кошулуп келген. Башка эч кандай колдоо жок. 2018-жылдын октябрь айынан тарта президентибиз аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу боюнча аябай жакшы жарлыгын чыгарды. Ошого байланыштуу тогуз көрсөткүч (индикатор) деген пайда болду. Анда ишибизди упай менен өлчөп, айлыгыбызга кошумча төлөй турган болду.

Сүрөттүн автордук укугу 24.kg
Image caption Реформалар тууралуу маал-маалы менен убадалар айтылып келе жатат. Сын да токтой элек

Бирок бизди атайын окуудан өткүлө деген талап келди. Ансыз ал жаңы эрежеге туура келбейт экен. Күнүгө каттап, сегиз айдан бери окуп жатабыз. Азыр да окуудамын. Чейрек ставка жумуш орун менен жарым жыл бою 900 сомдон айлык алып окудум. Февралдан баштап толук жумушчу орунун алдым. Көрсөткүчүм боюнча 41 упай чыкты. Айлыгым беш миң сом, упайыма 8000 сом төлөдү. Төбөм көккө жетип сүйүнгөнүмдү айтпа. Кийинки айда билекти түрүп алып бутум үзүлгөнчө чуркап иштеп, мартта 72 упайга жеткирдим. Муну эсептеп келгенде 14 000 сомдой чыгат экен. Аны жакын арада эле төлөдү. Мына кызыктын баары ошондо чыкты. Ар кайсы салык, тигил, бул деп кармап олтуруп 14000 сомдун 9000 сомун менден кармап алышты. Колума 5000 сом тийди. Эгер мындай боло турган болсо реформа дебей эле биздин мурунку эле айлыгыбызды берсе болбойт беле?

Би-Би-Си: Дагы бир жолу тактап алалычы, сиз колуңузга канча айлык алдыңыз?

Индира Казиева: Кайра эле ошол мурунку айлыгым колума тийди. Киреше салыгы, социалдык фонд, профсоюз деп 21 пайыз кармагандан кийин дагы жалпы эсептен деп туруп кайра кармап калып атпайбы.

Сүрөттүн автордук укугу Rianovosti
Image caption Саламаттыкты сактоо министрилиги айлык акыны мүмкүн болушунча жогорулатууга аракет кылып жатканын айтууда

Би-Би-Си: Дарыгерлерге жогору болбосо да жетиштүү эле эмгек акы төлөнүп жаткандыгын, айлыкты жогорулатууга өкмөт колунан келишинче далаалат кылып жатканын айтып келе жатпайбы?

Индира Казиева: Эми айтып берейин. Жаның жай алып олтуруу деген жок. Тытынып гана жүрүшүң керек. Менин экинчи жогорку билимим бар. Юристмин. Кайрылгандарга юридикалык кеңеш берем, бейөкмөт уюмдарда ыктыярчы болуп иштейм. Кыскасы бир жерге туруу деген болбой калды. Өкмөт сөөк аңдыган иттей кылбай, берем деген соң берсе болмок. Ден-соолук, нерв корогонун айтпай эле кой. Жолдошум, балдарым иштейт. Ушунча көп иштейсиз деп алар да таң калат. Кээ бир бейтаптын тууган-уругунун келекелегенин айтпай эле кой. Канча оорулуну кыдырасың? Өлүп калса, дарысын ичпей койсо жооп бересиң. Милдетиң жык-жыйма, а кана ошого жараша айлык? Деги бизде жашоо болобу? Баары эле "Гиппократтын антын" бергенсиң деп жарга такайт. Биз эч нерсе сурабайт элек. Болгону дурусураак кылып эмгек акыбызды коюп берсе болот эле. Бизди арзыбаган айлык менен мыйзамсыз ишке түртүп жатабы же мажбурлап жатабы. Эми эмне кылабыз?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индира Казиева: Баары эле "Гиппократтын антын" бергенсиң деп жарга такайт.

Би-Би-Си айтылып жаткан дооматтар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылды. Аталган мекеме өкмөт, бийлик, министрлик баары биригип эмгек акынын жогорулатуу боюнча тынымсыз иштеп жатканын айтты. Өткөн жылдын соңунан тарта аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагылардын эмгеги атайын көрсөткүч (индикатор) менен бааланып, жылыштар болуп жатканын да кошумчалады.

Министирликтин финансылык саясат бөлүмүнүн башчысы Мирлан Атакулов дарыгер Индира Казиеванын март айындагы айлыгы "балким, туура эмес эсептелип калышы" мүмкүндүгүн айтып, текшерсе болот деп кошумчалады.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Дарыгерлердин интернетке жарыялаган кайрылуусунан үзүндү

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова дарыгерлердин айлык акысы боюнча атайын баяндама да даярдап жаткан экен. Ал дал ушул индикатор деген эреже менен айлык төлөөдө талаш чыкпайбы деген суроону эбак эле бергенин, бирок, өкмөт башчы, министр баш болуп баары жакшы болот деп ишендирип келишкенин билдирди.

Айлык акынын аздыгы дарыгерлердин пара алуусуна башкы себеп экени байма-бай эле айтылып келе жатат. Ошол эле учурда айрым дарыгерлер так ушул маселени бетке кармап, пара алууда кош колун малып, акчасыз киши карабай калды деген дооматтар басылбай келе жатат.

Тема боюнча башка макалалар