Мунай контрабандасы: казынадан кайып өткөн каражаттар

Кыргызстанда бир катар активисттер өлкөдөгү мунай аткезчилигине бөгөт коюуну талап кылып чыгышты. Алар бул тармактагы контрабандадан улам мамлекеттин экономикасы жабыркап жатканын айтышууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда май куюучу жайлар тогуз жүздөн ашат

Кыргызстан жылына 1,5 млн тоннанын тегерегинде мунай заттарын керектейт. Продукциянын 80 пайызы Орусиядан келет. Экономисттердин айтымында, Кыргызстанга күйүүчү майдын 30 пайызга жакыны аткезчилик жол менен кирип, бюджетке жылына 5 млрд сомдон ашык каражат түшпөй калат.

"Өлкөдө болжолу 920 май куюучу жайлар бар. Алар жылына 1,5 млн тоннага жакын күйүүчү жана майлоочу майды ташып келет. Ал эми 2018-жылы салыктан болгону 7 млрд сомдун тегерегинде каражат жыйналган. Кыргызстанда эң белгилүү, 39 май куюучу жайы бар компания былтыр болгону 3 млрд сом салык төлөп жатат. Калган каражат кайда кетти. Мунайдан түшкөн салыктын баасы мындан 2-3 эсеге көп болушу керек",- деди экономист Максат Мамытканов.

Аткезчиликтин азабы

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов, Казакстандан Кыргызстанга мунайды мыйзамсыз ташуу күч алганын айтат. Аткезчиликтин кесепетинен таза иштеген нефтетрейдерлердин иши солгундап, саатуу 35 пайызга чейин төмөндөп кеткен.

Былтыр коңшу Казакстан мамлекетинде мунайды кайра иштетүү күч алып, өндүрүштүн көлөмү көбөйгөн. Орусияга салыштырмалуу Казакстанда мунайдын баасы төмөн экенин айткан кыргыз өкмөтү, күйүүчү майды арзан баада ташып келүүгө шарт түзүлүп жатат деп кубанган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанга мунайдын 80 пайызы Орусиядан келет

Талкууланып бүтпөгөн келишим

Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат делгени менен келишимге кол коюлганы тууралуу маалымат жок.

Казакстан продукциясын Кыргызстанга сунуштагандан тартып, ал жактан мунайды көмүскө жол менен ташуу дагы күч алды дейт Эшатов.

"Күйүүчү-майлоочу майды салыксыз ташып келүү боюнча Казакстан менен өкмөттөр аралык келишимге кол коюлса контрабанда кескин кыскармак. Ошондой эле өкмөт товарларды электрондук системанын жардамы менен каттоо жана көзөмөлдөө долбоорун иштеп чыгып жатат. Бул жакшы аракет, бирок тездетүү зарыл".

Өкмөт болсо сөз болуп жаткан келишим боюнча казак бийлиги менен бир пикирге келе албай жатканын айтат.

"Ага качан кол коюлуп, качан ишке ашат азырынча айта албайбыз",- деди Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Жылдыз Макеева Би-Би-Сиге.

Image caption Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү үч ири завод бар

Көмүскө экономикадан бюджетке жыйырма миллиард сомдун тегерегинде каражат түшпөй калып жатканын өкмөт дагы мойнуна алып келет. Алар санарипештирүүнү көмүскө экономикадан чыгуунун бирден-бир жолу катары кароодо. Кыргыз бийлиги өлкөгө кирип жана чыгып жаткан товарларды электрондук каттоого алуу менен маселени чечүүгө боло тургандыгын айып жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көмүскө экономиканы жок кылуу үчүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жумуштарын тездетүүнү тапшырган.

"2019-жылы фискалдаштыруу маселесин күчөтүшүбүз керек. Ошондо аткезчилик токтойт. Күйүүчү май, буудай, жыгач өлкөдө канча көлөмдө колдонулуп жатканын билебиз да. Ушул эле товарларды түн ичинде келип, эки эсе арзан алып кетип жаткандыктарын айтышууда. Бул эмнени түшүндүрөт, аткезчилик да".

Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү үч ири завод бар. Алардын бири кубаттуулугу сегиз жүз миң тоннадан ашкан Кара-Балтадагы "Жунда" ишканасы. Экинчиси кубаттуулугу беш жүз миң тоннага жеткен Жалал-Абад мунай заводу. Үчүнчүсү кубаттуулугу төрт жүз миң тонна болгон Токмок мунай ишканасы. Жалпылап алганда бир жарым миң тоннадан ашык мунайды кайра иштетүүгө күчү жетиштүү болгон ишканалар учурда өлкөнүн керектөөсүн 20 пайызга гана камсыздайт.

Тектеш темалар