"КТ Мобайлдын" эртеңи эмне болот?

Түркияда Осмон империясынын тушундагы мартабалуу делген адамга чөнтөк телефон карматып, тамашага чакырган айкел орнотушкан Сүрөттүн автордук укугу Hurriyet
Image caption Түркияда Осмон империясынын тушундагы мартабалуу делген адамга чөнтөк телефон карматып, тамашага чакырган айкел орнотушкан

"КТ Мобайл" ишканасынын жетекчисинин орун басары кызматынан кеткени менен талкуу басылып калган жок. Аталган компания жетекчилери "100 миңдеп айлык акы алат экен" деген такталбаган кабар желдей тарап, түркүн суроолор чыкты. Бул талаш парламент трибунасына чейин жетти.

"КТ Мобайл" ишканасынын тамыры 2003-жылга барып такалат. Убагында бул ишкананы түзүп, лицензия берүү, Кыргыз телекомду кымбатырак сатуунун эле амалы болгону айтылууда.

Ошондон бери компаниянын дымы чыкпай келди деген сындар айтылган. Кызматынан кеткен жетекчи орун басары Эрназар Иманкадыр уулу компания ушул айда ишин баштайт деген план болгонун журналисттерге жакында эле билдирген. Ал бардык иш мыйзамга ылайык жүрүп жатканын баса белгилеп, маалыматты калыс, бейтарап чагылдырууга чакырган.

Эрназар Иманкадыр уулунун тек жайын сүрүштүргөндөр "ал мурунку министр Иманкадыр Рысалиевдин баласы экен, бул иш туугандык байланыш менен жүргүзүүлүүдө деген" дооматын айтып жатат.

Ал эле эмес, Иманкадыр Рысалиев азыркы өкмөт башчынын бажасы экенине көңүл бургандар интернетке ар кандай шакабаларды жарыялай баштады.

Кыргызстанда үч ири уюлдук байланыш компаниясы бар. Алар "Мегаком", "Билайн" жана "О" уюлдук оператору. "КТ Мобайл" дал ушул компаниялар сыяктуу эле төртүнчү ишкана катары ишмердүүлүгүн баштоого белсенген. Өкмөттүн расмий сайты бул компания эми "Салам" деген бренд менен ишин баштайт деп жарыялады. "КТ Мобайл" "Мегаком" менен өнөктөштүктү түзүп, иш жүргүзөт.

Би-Би-Си бул темада уюштурган талкуунун видеосун төмөн жактан көрсөңүз болот

Сүрөттүн автордук укугу official publication
Image caption Кыргызстанда үч ири уюлдук байланыш компаниясы бар. Алар "Мегаком", "Билайн" жана "О" уюлдук оператору. "КТ Мобайл" дал ушул компаниялар сыяктуу эле төртүнчү ишкана катары ишмердүүлүгүн баштоого белсенген

Ар түрдүү сындарга карбастан, өкмөт бул иштин бир топ артыкчылыктары бар экенин өз сайтына так жазып чыкты.

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, ал эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфраструктуралык локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат. Мындан тышкары Премьер-министрдин айтымында, бул сыяктуу өнөктөштүк кирешени да артырат",- деп жазылат өкмөттүн сайтында.

Сүрөттүн автордук укугу Screenshoot
Image caption Эксперттер жаакташмай эми кызыйт деп боолголоп жатат. Депутат Жанар Акаев бул ишти тыкыр иликтөө чакырыгы менен кесиптештерине кайрылды.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев болсо, өкмөттүн түшүндүрмөсүн акылга сыйбай турган иш экенин айтып жатат. Ал "КТ Мобайл" "Мегакомдун" жеңилин жерден, оорун колдон алмак турсун ага ашка жүк, башка жүк болот деп жатат.

Бул чуу парламентти да кыйгап өткөн жок. Кээ бир депутаттар мамлекттик компанияга, дагы бир мамлекеттик компанияны чиркештирүүгө эмне зарылчылык болду деген суроону кабыргасынан коюп турган чак. Андан тышкары буга олчойгон каражат сарпталып жатканын айтышып, ал тургай депутаттык комиссия да түзүп жиберишти.

Эксперттер жаакташмай эми кызыйт деп боолголоп жатат. Депутат Жанар Акаев бул ишти тыкыр иликтөө чакырыгы менен кесиптештерине кайрылды.

Би-Би-Си саясатчы Равшан Жээнбеков менен журналист Тынчтыкбек Алтымышевди чакырып, ушул теманы талкуулады. Талкууну толугу менен бул шилтемеден көрүңүз:

Тема боюнча башка макалалар