Батукаев чырынан чыңалган саясий күрөш

Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин кепилдиктери тууралуу мыйзамга кол койду. Бул өлкөдө Азиз Батукаев чыры ырбап, камоолор күч алган учурга туш келди. Айрым саясат талдоочулар Батукаев жаңжалынын кайра козголушу менен экс-президенттин кепилдиктери алынганында чоң саясат бар деп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Азиз Батукаев

"Тойгончо же өлгөнчө карган"

Азиз Батукаевдин чыры боюнча ошол кездеги жооптуу кызматта тургандардын баары четинен актанып, айрымдары сурак бере баштады. Адегенде экс- вице-премьер-министр Шамил Атаханов Батукаевди абактан чыгаруу аракети ал кызматка келгенге чейин башталганын, өзү жана уулу тууралуу айтылып жаткан сөздөр абсурд экенин айтты.

Чырга түздөн түз аралашкандардын бири катары ошол убактагы Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин дагы аты айтылып жүрөт. Ал кечээ сурак бергендиги тууралуу маалымат тарап, бирок өзү аны төгүндөдү.

Ал ортодо Аида Салянова өз чындыгы менен бөлүшүп, Батукаевди бошотууда Башкы прокуратура мыйзам бузууга барган эмес деди. Ал Батукаевди бошотуу атайын операция экени тууралуу маалыматы болбогонун айтып актанды.

Бүгүн экинчи жолу суракка чакырылган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун тергөө органдарына бир катар фамилияларды атаганын Би-Би-Сиге билдирди.

"Шамиль Атаханов, Зарылбек Рысалиев, Аида Салянова күнөөнү бири бирине оодарып, жаш баладай тытышкандан көрө аларга ким көрсөтмө бергенин ачык айтып чыгышы керек болчу. Бүгүн мен сурак берип жатып Батукаев балээсине экс-президент Атамбаевдин, президенттин ошол кездеги аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин, президенттин аппаратынын коопсуздук жана коргоо бөлүмүнүн экс-башчысы Бусурманкул Табалдиевдин ысымдарын атадым. Булар иштеги эң негизги фигуралар. Ал эми жогоруда бири-бирин күнөөлөп, тытышып жаткандар үчөөнүн буйругун аткаргандар",- деди Акун Би-Би-Сиге.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева иш боюнча Атамбаевдин атынын айтылып жатканын кезектеги каралоо деп атады. Эгерде алардын колунда жетиштүү далил болсо, экс-президент жоопкерчиликтен качпайт деди.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган

Саясатташкан кылмыш иши

Батукаевдин иши алты жыл тыныгуудан кийин, 2019-жылдын башында кайра жанданды. Адегенде эле ишке шектүү катары Онкологиялык борбордун дарыгери Эмил Макимбетов кармалып, анын артынан ошол кездеги саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Макимбетовдин адвокаты муну саясий маселе деп атап, ага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров өзү аралашкан деп айтып чыкты.

"Тартип сакчылары жана өкмөт каякты карап отурушту эле? Алар анализге алынган үлгү материалдын корголушу үчүн жооптуу болчу. ДНК эксперт катары бир нерсени ачык айтып коеюн. Кылмыш иши боюнча үлгү материалдар протоколдук негизде, күбөлөрдүн катышуусу менен алынат. Тергөөчүнүн көз алдында ага мөөр басылат. Тиешелүү мекеменин кызматкерлеринин коштоосунда алынып келет. Мөөр басылган үлгү Онкологиялык борбордун директорунун сейфинде эмес, тергөөчүдө сакталат. Тергөөчү токтом токугандан кийин гана үлгү материал текшерүүгө жөнөтүлөт. Батукаевден анализ алганда бул эрежелердин бардыгы сакталган эмес. Эмнеге үлгү материалдар мөөр басылбай, кол коюлбай текшерүүгө берилет? Мындан улам аны алмаштырып коюшкан жокпу деген суроо жаралат. Болгондо дагы алынган анализ Батукаевдин эжесинин унаасы менен алынып келип жатпайбы",- деди Анара Кыштобаева.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Азиз Батукаев Кыргызстандан 2013-жылы чыгып кеткен

Батукаев чырынын саясатташып кеткени тууралуу сындар жөн жерден чыгып жаткан жок. Чатак мурдагы жана азыркы бийликтин тиреши күч алган учурга туш келди. Маселе курчуп турганда Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттин кепилдиктери тууралуу мыйзамга кол койгону дагы коомдогу мындай пикирди курчутту.

"Кыргызстанда кайсы гана бийлик болбосун, убагында жаап-жашырган кылмышты өздөрүнө керек болгон учурда гана чукуп чыгат. Чуу жаңы башталганда бийликте отургандар парламентке келип эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, бардыгы мыйзам чегинде болду деп айтып чыгышкан. Качан гана Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси бузулгандан кийин иш актуалдашып жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес, мындай кадам өлкөнү жакшылыкка алып келбейт",- деди мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Батукаевдин иши алты жыл тыныгуудан кийин, 2019-жылдын башында кайра жанданды

Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев катардагы кызматкерлер иштин курмандыгына айланбашы керек дейт. Анын айтымында, аты аталып жаткан фигуралардын саясий дагы, укуктук дагы жоопкерчилиги каралышы өтө маанилүү.

"Батукаев маселесин саясатка аралаштырбаганда дагы, мунун аягына чыгарылышы тарых, улуттук ар-намыс үчүн өтө керек. Бул иштин артында бир гана Башкы прокуратура, ЖАМК же Акыйкатчы институту эмес, чоң саясий фигуралар турганынан кабар берет. Болбосо, булар өз алдынча мындай кадамга даап бара алышмак эмес".

Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айып коюлган. Ал өлүм алдында жатат деп абактан чыгарылып, мекенине учуп кеткенден кийин кыргыз расмийлери Батукаевдин ден-соолугу жакшы экенин, атүгүл жаш кызга үйлөнгөнүн өздөрү айтып чыккан.

Тектеш темалар