Өкмөттөгү садага чабылган кадрлар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйынында Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйынында

"КТ Мобайл" чуусунан улам өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамил Асымбеков, орун басары Мурат Мукамбетов жана Маалыматтык технологиялар, байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин иштен кетиши, премьер-министрдин айланасындагы талкууну ого бетер кызытты.

Өкмөт башчы аппараттын башындагы кадрларын кетирип, өзүнүн кызматын сактап калыштын айласын жасап жаткандай көрүнөт.

Ал арада Абылгазиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн кымбат жашоосу тууралуу социалдык желеде малыматтык чабуул жүрүп, анын отставкасы тууралуу сөздөр күчөдү.

"Маселе отставкага чейин жетпесе керек. Бирок премьердин кызматтык ишине байланыштуу эмес, жеке факторлор ойноп кетиши мүмкүн. Мисалы, кыздары чет жакта, кымбат окууда окуйт деген нерселер эле мааниге ээ болуп калбаса. Азыркы тапта президентке, парламентке, башкаларга деле премьердин кетип, өкмөт алмашканынын кажетин көрбөй турам. Болгону жакшы иштебей, кашаң болуп жаткан министирлерди алмаштырыш керек го. Кандай болгон күндө да өкмөттүн тагдыры президенттин эмес, Жогорку Кеңештин колунда", - дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Абылгазиев өкмөттү жетектеп жатканына бир жылдан жаңы эле ашты, бирок ага карата сындар ал премьер болгон күндөн тарта басылбай келет.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьер министрлер

Жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекстерде айып пулдардын оголе көп суммада коюлушу, андан кийин мартта Баткендеги чек-арада болгон жаңжалга өкмөттүн жетиштүү чара көрбөгөнү парламентте катуу сындалган. Ал түгүл парламенттик трибунада Абылгазиевдин отставкасы тууралуу талап да жаңырган.

"Өкмөт чек-арада чулгандуу окуя болуп ок чыгып атса, элдин баары ыйлап көчөдө турса, бир жолу ошол жакка барып кабар алган жок. Эми парламенттеги талкууга келбесе, бизге андай өкмөттүн кереги барбы же жокпу. Мен өкмөттүн отставкасын талап кылам",- деген депутат Карамат Орозова.

Анткен менен бир ай өтпөй ошол эле Жогорку Кеңеш 24-апрелде өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун колдоп беришкен.

Бирок майда Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүүдөн жаңжал чыгып, ал басыла электе "КТ Мобайл" чуусу от алып, "Ачык өкмөттөгү" бажалар байланышы Абылгазиевдин отставкасы тууралуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.

"Премьер-министрдин туугандары, ал тургай "кланы" тууралуу маалыматтардын бири да тастыкталган жок. Себеби, алар чындыкка коошпойт. Өлкө үчүн ушундай кыйын кезеңде, өкмөттүн алдында маанилүү милдеттер турганда өкмөт башчы жакын адамдары иш менен камсыз кылуу менен алек болмок беле. Бул болбогон кеп", - дейт Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.

Ошентсе премьер буга чейин эл сынына калган сунуштар менен чыкканы эсте.

Абылгазиев "мамлекетке жардам берүүнү каалагандарга" банк эсебин ачууну жана Бишкекте таза сууга тарифтерди беш сомдон жети сомго көтөрүү жөнүндө демилге көтөргөн.

Премьердин сим картаны алмаштыруу үчүн 100 сомдук төлөм киргизүү сунушуна да эл арасында терс кабыл алынган.

Коммуникацияга чабал өкмөт

Талдоочулар өкмөттүн дарегине болгон нааразылыктарды анын коммуникациялык дараметинин чабалдыгы шарттап жатат дешет:

"Кыргыз өкмөтү дайым өз демилгелерин, жаңычылдык идеяларын түшүндүрө албай келет. Элге жеткире албайт. Системалык түрдө саясий маданиятыбызда ушундай калыптанып калган окшойт. Бизде чечимдер кабыл алынат, бирок андай чечимдер кабыл алынганы, кимге пайдалуу болору, эмне үчүн эл аны кабыл алышы керектигин түшүндүрүү жагынан иштер болбой келет. Абылгазиевдин өкмөтүндө бул өзгөчө байкалып атат", - деди саясий серепчи Эмилбек Жороев.

Image caption Эмилбек Жороев, серепчи

Абылгазиевдин өкмөтү былтыр жазында Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишеним көрсөтпөй отставкага кетиргенден кийин келген. Башында учурдагы өкмөт атайы даярдыксыз, программасы жок келгени сындалса, жогорудагы факторлордон улам анын отставкасы тууралуу маселе маал-маалы менен көтөрүлүп келди.

Өкмөттөн өксүк

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасына ылайык, президент менен Жогорку Кеңеш шайлоо жолу менен бийликке келет. Эл шайлаган эки бийлик бутагы анан барып аткаруу бийлигин - өкмөттү түзөт. Мындай шартта күчтүү, эффективдүү өкмөттүн түзүлүшү жана иштеши мүмкүн эмес, дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев:

"Себеби, ар кандай экономикалык программасы бар, ар башка партиялар калп эле коалицияга бириге калып, эптеп эле портфель бөлүштүрүү максатында болуп жатышат. Бул жакта премьердин ролу жок. Премьер деле өкмөткө келген ал кишилерди бириктире албайт. Анткени, коалицияга кирген фракциялар өз катарындагы күчтүү реформаторлорду, адистерди жибербейт. Партиялык тизмеге батпай калган же чоң финансылык жардам берген, болбосо фракция лидерлеринин жоро-жолдошу, тууганы, жердештери сунушалып атат".

Буга чейинки саясаттагы тажрыйбаны алганда, өкмөттөр орто эсеп менен тогуз айга кармаларын байкоочулар айтып келишкен. Экономикасы чабал Кыргызстанда коом козголсо эле, бийлик өкмөттү "садага чаап" келгени белгилүү.

Бул өкмөттүн тагдыры кандай болот, айтуу кыйын. Бирок Абылгазиевдин өкмөтүнүн ишмердиги экономикалык көрсөткүчтөр эмес, саясий жагдайда бааланып жатканы айгине болуп турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар