Шайлоо-2020: акча эмес, акыл сапырылсын

Кыргыз бийлиги кийинки шайлоо циклине жаңы мыйзамдар менен барууга камданууда Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO
Image caption Кыргыз бийлиги кийинки шайлоо циклине жаңы мыйзамдар менен барууга камданууда

Парламентте "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу" Конституциялык мыйзамга төрт башка өзгөртүүлөр демилгеленип жатат. Мындан тышкары президенттик аппарат жетектеген атайы жумушчу топтун шайлоо стратегиясынын алкагында депутаттардын жоон тобу шайлоо тууралуу жети мыйзамга толуктоолорду сунуштоодо.

2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоо алдында добуш берүү эрежеси кандай өзгөргөнү жатат жана кайсы мыйзамдык демилге парламентте колдоо табышы мүмкүн?

Депуттар демилгелери

Жогорку Кеңеште Исхак Масалиев менен Жанар Акаев парламенттик шайлоодо партияга гана эмес, партиялык тизмедеги ар бир талапкер үчүн добуш берүүнү сунуштап жатышат. Долбоордо азыркыдай эле бирдиктүү жалпы республикалык округдан талапкерлер көрсөтүлөт делет, бирок мандаттар партиялык тизмедеги иретине карабастан, алган добушуна жараша бөлүштүрүлөт.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Шайлоочу конкреттүү адамга ишеним көргөзүп жатканын билиши керек"

Депутат Мирлан Бакировдун мыйзам долбоорунда деле партиялык шайлоо принциби сакталат, бирок тизмени түзүүдө аймактык өкүлчүлүк эске алынган. Эл өкүлү парламенттик шайлоодо өлкөнү он үч округга бөлүп, ар бир партия ошол округдардан талапкерлерин көрсөтсө деген.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өз мыйзамы менен парламентке жалаң олигархтардын келишине бөгөт коюлат деп жатат. Бул себептүү шайлоого чукул пайда боло калган калган партияларды шайлоого кое бербөө, үгүт маалында концерттерге чек коюну сунуштоодо. Маанилүүсү, мыйзамда шайлоодо админресурсту колдонууга каршы конкреттүү механизмдер бар.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бирдиктүү шайлоо аймагын тогуз шайлоо округуна бөлүп, анан ошол аймактагы шайлоочулардын санына жараша мандат бөлүнсө дейт.

Жыйынтыктап айтканда, депутаттар партиялык тизме менен добуш берүүдө мандаттар шайлоодон кийин болушунча калыс бөлүштүрүлсө деген идеяны сүрөп жатканы байкалат.

Бирок БШКнын мурунку төрагасы Ишенбай Кадырбеков депутаттар бул жерде маселенин өзөгүнө тийбей жатат дейт:

Сүрөттүн автордук укугу Knews.kg
Image caption "Эл партияны эмес, депутатты шайлашы керек"

"Конституцияда эл партияны эмес, депутатты шайлайт деп жазылат. Биз, тескерисинче, конституциялык мыйзамдын негизинде депутаттарды эмес партияларды шайлап атабыз. Эгерде биз ушуну өзгөртпөсөк, кайра эле бүгүнкүдөй абалга келебиз. Шайлоочуларга депутаттарды шайлоого мүмкүнчүлүк бериш керек. Ал эми пропорционалдык же мажоритардык система деген ал процедурный гана маселе, эсептөө маселеси эле".

Жумушчу топтун сунушу

Ал арада президенттик аппарат жетектеген жумушчу топтун стратегиясы алкагында парламенттеги 25 депутат шайлоо тууралуу жети мыйзамга толуктоолорду сунуштоодо. Алар:

  • "Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу";
  • "Референдум өткөрүү тууралуу" конституциялык мыйзамы;
  • "Шайлоо комиссиялары жана референдум өткөрүү тууралуу";
  • "Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу";
  • "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тууралуу";
  • "Борбор калаа макамы тууралуу";
  • "Ош шаарынын макамы тууралуу".

Жумушчу топтун стратегиясына ылайык иш алып барып жаткан депутаттар Алмазбек Эргешов жана Абдывахаб Нурбаев парламенттик шайлоого тийиштүү манилүү төмөнкү сунуштар менен чыгууда.

Эргешовдун долбоору талапкердин шайлоо өнөктүгүнө кеткен каражаты тыкыр текшерүүнү карайт. Анонимдик демилге деген түшүнүк кирүүдө. Ал боюнча атын атагысы келбеген жарандар шайлоо фондусуна акча бере албайт. Шайлоо күрөөсү боюнча президенттик шайлоонукун 2 миллион сомго, партиялардын фондусун 5 миллиондон 3 миллион сомго чейин түшүрүү каралган.

Сүрөттүн автордук укугу Offiicial
Image caption КСДП фракциясынын өкүлү Абдывахаб Нурбаев

Абдывахаб Нурбаевдын долбоорунда негизгиси диний ишмерлердин шайлоо процессине катышуусуна бөгөт кою жана шайлоочулар тизмесин түзүү функциясын Каттоо кызматынан кайра БШКга өткөрүүнү каралган.

Бул парламенттик талкуудан улам белгилүү болгон мыйзам долбоорлорундагы жагдайлар гана болду. Сунуштарды деталдуу иликтөө, балким, шайлоо мыйзамдарында бир караганда байкалбаган, бирок олуттуу толуктоолор чыгышы мүмкүн.

"Бийлик варианты өтөт"

Себеби, серепчилер Жогорку Кеңеште парламент депуттары өз алдынча сунуштап жаткан эмес, президенттик аппарат демилгелеген мыйзамдар өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп жатышат.

"Азыркы варианттар талкуу болот, бирок бийликтики өтүп кетет. Бизде азиялык коммуникация деп коет, ошо менен чечип алса болот. Бизде эч ким идеологияга таянбайт. Бирок бул туура эмес. Баш мыйзамды кайра карамайынча, эки палаталуу парламентке өтмөйүнчө ушинтип эле ичинен чечип алышат", -дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

Парламент депутаттары жана президенттик аппарат тарабынан бир эле мыйзамдарга кирип жаткан толуктоо-өзгөртүүлөрдөн киши чаташчудай. Мыйзамдарды талдай келгенде, техникалык жактан бирин-бири кайталаган учурлары да бар.

Мындан улам БШК мүчөсү Абдыжапар сунушталып жаткан демилгелер боюнча орток вариант жаралышы мүмкүн дейт:

"Депутаттар биринчи окууда концепциясын кабыл алып, кийин булар макулдашылган топ түзүшсө керек. Өзүнчө аны-деле муну деле кабыл ала бербейт. Бул долбоордун бул нормасы жакшы, беркинин берки нормасы дешет".

Эл аралык тажрыйбага ылайык, шайлоо мыйзамдары шайлоого бир жыл калгыча өзгөртүлүп бүтүп калышы керек. Демек, Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдары тууралуу каникулга чыкканга чейин чечим кабыл алат деп күтүлүүдө.

Партиялык тизме: өткөндөн сабак

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлоо 2000-жылы башталды. 1998-жылы өткөн Конституциялык реформанын негизинде кыргыз парламентинин курамынын саны кайра каралып чыгып, партиялык тизме менен шайлоо кирген.

2000-2005-жылдары парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасынын 60 депутатынын 15и партиялык тизме парламентке келген.

Бирок ошол чакырылышта бир мандаттуу округ аркылуу келген 15тей депутат парламентте активдүү болуп , маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда таасирдүү роль ойногону айтылып келет.

2005-жылы өлкө бир палаталуу парламентке кайтып, партиялык тизме жоюлган.

2007-жылы Бакиев президент болуп турган учурда Жогорку Кеңеш биринчи жолу бүтүндөй партиялык тизме менен шайланып, бийликтин "Ак Жол" партиясы көпчүлүк орунга ээ болгон.

Байкоочулар партиялык тизме менен өткөн 2010 жана 2015-жылдардагы парламенттик шайлоолор коррупцияны күчөтүп, таасирлүү партиялардын тизмесиндеги баштапкы орундар чоң акчаларга сатылып калганын айтып жатышат.

Мындай шартта талапкердин депутат болор- болбосун шайлоочулар эмес, партия лидерлери же калың капчык аныктап калып жатат. Азыркы парламент "олигархтар парламенти" деп сынга алынып жатканынын себеби ушунда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар