УКМКнын реформасы: Талкуудагы чагым, таланган укук коргоочулар

Жарандык коом УКМК реформасын талап кылууда Сүрөттүн автордук укугу Temir Sydykbaev
Image caption Жарандык коом УКМК реформасын талап кылууда

Жарандык коом өкүлдөрүнүн УКМКнын реформасы тууралуу иш-чарасы туш тараптан чагымчыл аракеттерге кабылды.

Атамбаевчил күчтөр, атайын кызматтын өкүлдөрү делген адамдар жана орусиячыл активисттер талкууну үзгүлтүккө учурата жаздады. Ага карабастан талкуу аягына чыкты.

"Форумдагы" тыңшагычтар

Жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаев башындагы КСДП партиясынын өкүлү Адил Турдукулов "Форум" имаратында тыңшоочу аппарат табылганы тууралуу билдирүү жасап, жыйынга келгендердин көңүлүн бурууга аракет жасады:

"Апрелдин этегинде "Форумда" иштеген бир киши менен атайын кызмат өкүлдөрү иш алып барып, Фарид Ниязов менен Алмазбек Атамбаевдин кабинетине тыңшагычтарды коелу дешкен. "Форумдан" эки узарткыч жабдыкта тыңшагычтар табылды, биринчисинин чоо-жайы буга чейин Ютубга жүктөлдү. Экинчиси, мына менин колумда".

УКМК бул маалыматты четке какты.

"Айрым саясатчылар өздөрүн пиарлап, өзүн маанилүү көрсөтүш үчүн атайын кызмат дарегине негизсиз айыптарды коюп атат",- делет бул тууралуу билдирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДП аларга карата тыңшоо аракети болгонун айтууда

Саясатчы Равшан Жээнбеков КСДП өкүлүн бул боюнча өзүнчө басма сөз жыйынын уюштуруп, укук коргоочулардын УКМК реформасы боюнча талкуусун саясатташтырбоого чакырды.

Андан соң жыйында Нурбек Токтакунов сөз алып, атайын кызматтын ишмердиги тууралуу баяндамасы менен чыкты. Бирок орусиячыл активисттер укук коргоочуну "Батыштын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатасың" деп айыптап, ортодо чыр чыкты.

"Бул жерге георгий ленталарын тагынып алып келишип, Орусиянын ФСБынын биздин УКМКга бүгүнкү күндөгү таасирин көрүп жатабыз",- деди иш-чаранын уюштуруучусу Рита Карасатартова.

Укук коргоочу "Кремлдин агенттери иш-чараны үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатат" деп алардын айрымдарын жыйындан түртүп чыгарууга аракет жасады.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption УКМК реформасы тууралуу петиция демилгечиси Рита Карасартова

Чагымчылдарды сыртка сүрүп чыгаруу мүмкүн болбой, УКМК реформасы тууралуу талкуу ортодо саамга токтоп, кайым айтышуу уланды.

Ал аз келгенсин "Нарындан келдим" деген жигит сөз алып, укук коргоочуларга күтүүсүз чабуул жасады. Өзүн Максат деп тааныштырган жигит укук коргоочулардын 8-мартта феминисттер жүрүшүнө чыкканын эске салып, талаш-тартыш ого бетер күчөп кетти:

"Өткөндө Равшан Жээнбековду көрдүк го. Реформа кылыш керек, бирок аны силер кылбайсыңар. Силердин буга моралдык укугуңар жок, андай сунуш бергидей Батыштын акчаларына сатылбагыла".

Айтор, ушундай талаштар менен коштолгон атайын кызматты реформалоо тууралуу талкуу андан ары салыштырмалуу тынч уланды.

Атайын кызмат кантип күчтөндү?

Укук коргоочулар эгемен Кыргызстан тарыхында Улуттук коопсуздук комитетинин ыйгарым укуктары улам кеңейип жүрүп отурду дешет.

2009-жылы атайын кызмат чалгын жана контр-чалгындан тышкары экстремизмге каршы иш алып баруу укугун алды. Ошол эле жылы УКМК маалыматтык коопсуздукка көзөмөлдү алууга жетишкен.

2011-жылы УКМК мамлекеттик объектилеринин күзөтүнүн коопсуздугун да камсыздоо укугуна ээ болгон. Ошондой эле Антикоррупциялык кызмат түзүлүп, УКМК кызматтык кылмыштарга каршы иш алып бара баштады.

2014-жылдан тарта атайын кызмат өлкөгө кирип-чыккан транзитти көзөмөлдөй алат.

2016-жылы ишке ашкан Конституциялык реформанын негизинде УКМК Баш прокуратурадан тергөө функциясын да өзүнө алды.

Сүрөттүн автордук укугу Temir Sydykbekov
Image caption Укук коргоочулар УКМК реформасын талап кылып жатат

Серепчилер атайын кызмат буга чейин дээрлик бардык президенттердин куралы болуп келгендигин белгилеп жатышат.

"Азыркы президент мурунку өлкө башчыларындай эле УКМКны өзүнүн саясий оппененттерин коркутуп-үркүтүү үчүн колдонуп жатат. Атамбаевдин тарапкерлерине карата кылмыш иши козголуп жатат. Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши мунун эң ачык мисалы. Атайын кызмат буга чейинки президенттердин тушундагыдай эле жазалоочу функциясын улантууда", -деди эксперт Аида Алымбаева.

Адис учурда атайын кызмат кылмыш иштерин иликтеп, тинтүү жасап, шектүүлөрдү кармап-камап, коррупция, контрабандага каршы иш алып барганын белгиледи. Башкача айтаканда УКМК милициянын ишин аткарып калганын кошумчалады.

Укуктук коллизия

Соңку Баш мыйзам реформасына ылайык, УКМК маселесинде укуктук коллизия орун алды дешет адистер.

"Конституцияга ылайык президент атайын кызматтын башчысын тикелей дайындай алат. Бирок ошол эле маалда парламентте бул аракетке көзөмөл салуу ыйгарым укуктары болбой жатат. Дагы бир жагдай, президент УКМК жетекчилигин дайындай алат деп Баш мыйзамда жазылат да, бирок кайра ошол эле Конституцияда президент улуттук коопсуздук боюнча чараларды камсыздоого укуктуу эмес деп жазылат. Ал функция - өкмөттө", - дейт Алымбаева.

Сүрөттүн автордук укугу knews.kg
Image caption Аида Алымбаева, саясат талдоочу

Ал тапта "Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!" онлайн петицияга 400дөн ашык киши кол койду.

Президентке петиция

Атайын кызматты реформалоо үчүн петицияда эки негизги сунуш берилип жатат: Антикоррупция кызматын УКМКнын карамагынан чыгаруу жана мекемеден тергөө функциясын алып салуу.

"Экөөнү тең УКМКдан чыгаруу керек. Антикоррупция кызматы киреше декларацияларын текшерип, аналитикалык гана кызматты аркаласын. Сатып алуусу көп болуп, кирешеси аз болсо, демек ал жерде коррупция бар. Тергөө функциясын УКМКдан алып, кайра Баш прокуратурага берүү Баш мыйзам боюнча мүмкүн эмес экен. Конституциялык реформа аябай оор жана ал узакка созулат. Андыктан, Тергөө комитетин түзүп, башка күч органдарындагы бардык тергөө функцияларын ага өткөрүп берүү керек", - дейт петициянын демилгечиси, жарандык активист Рита Карасартова Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Атайын кызматтын реформасы тууралуу талкуу. 24-май, 2019

УКМК тегерегиндеги соңку талаш-талкуу, талаптар тууралуу атайын кызмат азырынча пикирин билдире элек.

Былтыр Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбеков күч жана коопсуздук органдары коррупция менен күрөшкөндүн ордуна, өздөрү коррупцияга малынганын айткан.

Президент, ал тургай УКМКга караган Антикоррупциялык кызматка токтолуп жатып, анын айрым кызматкерлери "кол тийбес кастага" айланыптыр деген.

Бирок өлкө башчысы аны тазалоо же текшерүү боюнча тапшырма берген эмес.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар