Атамбаев убактылуу чегинди

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгем деп, элден кечирим сураган Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгем деп, элден кечирим сураган

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада КСДП партиясынын төралыгынан кетип, серепчилер бул жүрүштү саясаттан убактылуу чегинүү деп баалап жатышат. Чегинүү 27-майда күчүнө кирген "Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу" мыйзамына байланыштуу болду.

Ал арада КСДПнын юристтери жаңы мыйзам Баш мыйзамдын он бир беренесине каршы келет деп, Конституциялык палатага кайрылганы жатышат.

"Мыйзам күчүнө кирди"

"Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койгон мыйзамга ылайык, Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгын тапшырып, партиядагы мүчөлүгүн токтотту. Бул туурасында Саясый кеңештин жыйынында чечилди", -деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө жана саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынат.

Социал-демократтар партиясынын юристи Нурбек Касымбеков мыйзам Баш мыйзамга каршы келет деп, аны жокко чыгарганы аппелляциялык арыз даярдалып жатканын Би-Би-Сиге билдирди:

"Конституциялык палатага кайрылабыз. Эң негизгиси, бул мыйзам адамдардын саясий партияларга биригүүгө болгон укуктарын бузуп жатат. Жарандын мамлекеттик кызматка кирүү, шайланууга болгон укуктары да эске алынбай калып атат. Мыйзамдын күчү артка иштей турган кылып коюшту, 2007-жылдан баштап иштейт деп. Бул "мыйзам артка иштебейт" деген дүйнөлүк принципти бузат".

Атамбаев партиянын саясий кеңешин жетектөөнү партиялашы Асел Кодурановага тапшырды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кодуранова парламенттеги вице-спикер кызматынан былтыр түшүрүлгөн

КСДПнын съездинин чечимине ылайык, Фарид Ниязов саясый кеңештин жана кеңештин алдындагы Туруктуу комитеттин курамына кошумча шайланды.

Ниязов демекчи, 24-майда экс-президенттин эң жакын адамдарынын бири басма сөз жыйында Атамбаев-Жээнбеков тиреши тууралуу токтолуп, экс президент азыркы өлкө башчысына бир нече жолу жолугууга аракет кылганын, бирок "Ак үй" ал сунуштарды четке какканын айткан.

"Сооронбай Шарипович Атамбаев менен тирешин токтотпосо, туңгуюкка кептелет",- деди Ниязов. Ал ошондой эле азыркы бийликтин эң биринчи бутасы Атамбаев болуп жатканын, "бирок ал өлкөдөн да, саясий аренадан да кетпей турганын" айтты.

Соңку жолугушуу

Атамбаевдин азыркы президентке карата таарыныч риторикалары былтыр марттагы КСДП курултайында белгилүү болгон. Экс-президент өзү кийин "Апрель" телеканалына интервью берип жатып, соңку жолу Жээнбеков менен 29-мартта кездешкенин айткан:

"Ноябрдын этегинен баштап көп эле жолу сүйлөштүк. Акыркы жолу 29-мартта жолукканбыз. Мен анда анын туура эмес жактарын айтып, аларды курултайда айтам дегем. Асылбек Жээнбеков парламентте калбашы керек, Матраимовдор менен достошпош керек, Бишкек ЖЭБдеги аварияны Сапар Исаковго шылтаба дегем".

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO
Image caption Жээнбековдун президенттик инагурациясы, 24-ноябрь, 2019

Ошол эле интервьюсунун кыргызча бөлүгүндө ал Жээнбеков менен андан бери жолугушууга көп жолу аракет жасаганын айткан:

"Ачык айтайын, бир топ эле кишини ортого салдым. Сооронбайдын аппаратындагы бир жакын адамына сүйлөшүп, Фарид Ниязов дагы барган. Андан кийин бир-эки үч депутат кирген. Жээнбековдор: Сооронбай, Асылбек, Жусуптар муну башка түшүнүптүр да. Атамбаев коркуп атат, такыр эле тебелеш керек, жок кылыш керек деп. Бир жыл иштегенинче чыдадым. Элдешүү бир тараптан боло албайт. Ал үчүн эки адам биринин колун кысышы керек".

"Күнөө Жээнбековдо эмес"

Каршылашкан тараптардын конфликтисине бир жылдан ашып, бул утур-утур саясий чыңалууну жаратууда.

"Elgezit" аналитикалык тобу бул тирештеги күнөөлү тарап - Жээнбеков эмес деп жазды.

"Ал конфликти баштаган эмес. Партиялашынын дарегине кемсинткен сөздөрдү айткан да ал эмес. Коомдук пикир жаратам деп каралап, ушак тараткан дагы Жээнбеков эмес. Анын бир эле "күнөөсү" ал "башкарылма" фигура болуудан баш тартты. Саясий эксперттерге, элге деле так ушул нерсе Атамбаевдин Жээнбековго болгон агрессивдүү сынынын себеби болуп атканы белгилүү болуп турат", -деп айтылат бул тууралуу серепте.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президент Жээнбековдун былтыркы 19-декабрдагы басма сөз жыйыны

Сооронбай Жээнбеков өзү деле былтыркы жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Атамбаев менен конфликтисине кайрылып, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн иштебей турганын баса белгилеген:

"Мени саткын деген атка кондурушту. Жээнбеков сатып кетти дешип. Мен бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп элге убада берген эмесмин. Мен элдин кызыкчылыгын коргойм деп убада бергем. Мени "бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргобой атат, саткын болду", дешсе дешсин. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын саткандай Кудай мени сактасын".

"Өзүн коргоонун куралы"

Анткен менен талдоочулар Жээнбековго карата коомдун лоялдуу мамилеси көпкө кармалбасын эскертип жатышат. Себеби өлкөдө чындап маанилүү иштер туруп калып жатканы айтылууда, көзгө көрүнөрлүк реформалар жок болуп жатат, кадр саясаты чабал экени байкалууда.

Бул кемчиликтерди, албетте, Атамбаевчил күчтөр колдонуп жатат. Бирок айрым убакта алар өздөрүнүн жоопкерчилиги бар маселелер боюнча сын айтып жатканы байкалат.

"Азыр Атамбаев жана анын тарапташтары өздөрү түзгөн репрессивдүү укук коргоо же сот системасын сындап, өздөрүн оппозиция деп атап жатканы таң калычтуу болууда. Бирок азыркы президент Атамбаев кетирген каталардан сөзсүз сабак алышы керек", -деди саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.

Серепчи Атамбаев эми расмий түрдө саясий талаага кайтып келбеши мүмкүн деген пикирде, себеби мыйзам ага жол бербейт. Бирок КСДП партиясын каржылоону улантат, себеби партия эми ага жеке позициясын билдирүү жана реванш алуу, ал түгүл өзүн өзү коргоо куралы болуп калды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар