Пашинян Армения "ыңкылабынын экинчи этабын баштады"

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян соттордун иш кеңселерине киргизбей койгон тарапташтарын колдоп, бир жыл мурун болгон революциянын "экинчи баскычын" жарыялады. Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы Армения бийлигин сотторго кысым көрсөтпөөгө чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Никол Пашиняндын тарапташтары сотторду иш кеңселерине киргизбей койгон

Дүйшөмбүдө аскер, сот жана саясий жетекчилердин катышуусунда өткөн жыйында Пашинян өлкөдө сот реформасын жүргүзүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө даярдыгын билдирди. Пашинян өлкөдөгү сотторду мурдагы бийлик башчылары дайындаганын айтып, алар кызматына канчалык татыктуу экенин текшерүүгө чакырды.

"Таза иш алып барбаган соттор кызматынын кетиши керек. Өткөөл адилеттүүлүк механизмдерин жүзөгө ашыруу зарыл деп эсептейм. Көз карандысыз жана адилет сот системасын камсыздоо үчүн Конституцияны өзгөртүп же коомдук референдумга баруу керек болсо, биз аны дагы жасайбыз", - деди Пашинян Facebook аркылуу жасаган түз кайрылуусунда.

"Хирургиялык кийлигишүүнүн убактысы келди", -деп кошумчалады премьер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пашинян аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагын башкарат

Реформа качан жана ким тарабынан жүргүзүлө турганын Пашинян так айткан жок. Премьердин билдирүүсүн Жогорку сот кеңеши жана оппозициячыл партиялар сынга алды. Омбудсмен Арман Татоян, Пашиняндын мындай билдирүүсү мамлекеттин укуктук системасынын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн коркунуч жаратат деди.

"Мамлекеттик жана коомдук кызматты ээлегендерди мындай чакырыктарды токтотууга үндөйм. Силер Конституцияда көрсөтүлгөн функцияларды аткарууга милдеттүүсүңөр. Мыйзамдан кандай гана четтөө болбосун, ал жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн", - деди Татоян.

Пашинян видео кайрылуусунда сот системасын реформалоо боюнча чакырыгы Армениянын саясий абалы менен байланышы барбы же жокпу так айткан жок. Бирок анын кайрылуусу Ереван соту Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянды абактан чыгаруу чечимин кабыл алгандан кийин жарыяланды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2018-жылы декабрда парламенттик шайлоодо Пашиняндын блогу 70 пайыздан ашуун добуш алган

Кочарян Конституциялык түзүмдү бузууга аракет кылган жана 2008-жылкы президенттик шайлоодо бурмалоо боюнча нааразылык билдирип чыккан адамдарга каршы күч колдонууга буйрук берген деп айыпталууда.

Дүйшөмбү күнү Кочарянга каршы козголгон иш боюнча өндүрүш токтогону жана ал Конституциялык сотко жөнөтүлгөнү маалым болду.

Кочаряндын адвокаттары соттук териштирүү одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешүүдө. Пашиняндын тарапташтары сот жаңылыш чечим чыгарганын айтып, Кочаряндын абактан бошотулганын саясат менен байланыштырууда.

Тоолу Карабактын кандай тиешеси бар?

Кочаряндын иши боюнча акыркы соттук отурумга Тоолу Карабактын азыркы башчысы Бако Саакян жана анын жакын санаалашы Аркадий Гукасян дагы катышкан. Алардын соттук отурумга келгени көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Экөө тең Армениянын тарыхында жана саясатында орду бар фигуралар.

Өзүнүн кайрылуусунда Пашинян Карабакта жаңжал баштап, Армениянын өкмөтүнө каршы чагымчыл аракет жүрүп жатканын айтты.

"Мурдагы коррупциялашкан өкмөттүн чеңгелинде калган конкреттүү күчтөр бар. Алар Армения менен Карабактын элин бири-бирине тукуруп, жаңжал чыгарууну көздөп жатат. Өздөрүнүн коррупциялашкан байланыштарын колдонуп, Армениянын өкмөтүнө каршы жалган пропаганда жасап жатышат", -деди Пашинян.

Армян журналисти Марк Григорян, Пашиняндын кайрылуусу өтө кооптуу маселе жаратышы ыктымал экенин айтты.

"Ал Карабактын жана Армениянын элин бири-бирине каршы тукуруп жатат. Анын сөзүнө Баку, Москва жана Европа мамлекеттери кулак түрүүдө. Мен Пашинян эмне кылып жатканын өзү түшүнбөй жатат деп коркуп турам", - деди Григорян.

Пашинян өлкөдөгү массалык каршылык жүрүштөрүнөн кийин, өткөн жылы 8-майда премьерлик кызматка келген. Элдик толкундоолор арты менен мурунку өкмөт башчысы Серж Саргсян отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Саясатчы кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү убадасын аткарып, 2018-жылдын декабрь айындагы парламенттик шайлоодо анын блогу 70 пайыздан ашуун добушту алган. Учурда Пашинян аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагын башкарат. (VA)

Тектеш темалар