Блог: "Кыргызстандын алакандай кагазы" казак тууганыма эмнеге мынча керек болду?

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети
Image caption Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети

Кыргызстан менен Казакстандын айрым өткөрмө пункттарында ондогон жүк ташуучу унаалар өтө албай убара болуп келишет. Бул көрүнүш соңку учурда кайра-кайра кайталанып, унаалардын тизилген узун сабы бир нече чакырымга чейин жеткен учурлар болду.

Казакстан аркылуу жүк өткөрүү тирүүнүн тозогуна айланды деген "Сапарман" айдоочулар тобу, кыргыз өкмөтүнө маселени 1-июнга чейин чечкиле деген талап койду.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Жүк ташуучулар арыз-муңун айтууга камынууда

Өзүн Аманат Данакеров атаган жүк ташуучу азыркы жагдайды талдап, Би-Би-Сиге кат жолдоду. Ал өзүн тек гана "кайдыгер эмес жаран" деп атап койгон.

Би-Би-Си каттын мазмунун өзгөрүүсүз жарыялайт.

Image caption Кезекте турган жүк ташуучулар

Кыргыз-казак чек арасында эмне болуп жатат же казактар эмнени каалайт?

Казакстан тараптын чек араны жаап, жолду бууп, бөгөт коймой опузасы биринчи эле жолу болуп жаткан жок. 2010-жылы чек араны айлап жаап койгону дале эсте. Анда "бизге революциянын эпкини өтпөсүн" дедик деген жүйөөнү айтышкан эле.

2017-жылы болсо жүк өткөрбөй үч ай кыйнады. Анда "биз айткан кишини колдобойсуңар" деди көрүнөт. Шайлоодон кийин басылды го десек, ал жаңылыштык болду. Өткөн күздөн баштап маал-маалы менен жүк өткөрбөй, кыргыз тараптын эмне кылаарын баамдап жатышкандай...

Бир жарым ай мурда узагыраак жаап көрүштү. Айласы кеткен кыргыз тарап "ЕАЭБден министрлерибизди чакыртып алабыз" деген талапты айтары менен кайра жүктөрдү коё беришти. Бул "ыкманын" да токмогу жумшак экенин көрүшкөн окшойт. Эми кан буугандай бууп, салмакка шымаланышып, Кыргызстандан чыгам же Кыргызстанга кирем дегенине карабай көзөмөлдү күчөттү.

Билгендерге бул жолку чек арадагы бөгөт саясий чечим эместиги айдан ачык. Эң башкысы "кыргыздар аткезчилик (контрабанда) кылып, башка өлкөлөрдөн товар киргизип жатат" деген шылтоо. Кыргыздын интрига издеген саясатчыларына бул майдай жагып, "бажыда контрабанда болуп атат, тиги миллион жеди, бу миллиард жеди" болуп эле жатып калдык.

Image caption Жүк өткөрүүдөгү көйгөйдү чечүү талабы менен айдоочулар кыргыз өкмөтүнө кайрылды

Ойлонбойлубу?

Биздин бул чуубуз казак тууганыбызга майдай жагып калды. ЕАЭБде ооз толтура айтып, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылып жатат. "Мына көрдүңөр, бу кыргыздар контрабанда болгонун өзүлөрү тастыктап жатат. Миллирддар кумга сиңгендей жоголгону ушундан да" деп жага бербей калды. Мунусу эң эле таалылуу жери, ырбаган жарасы жарылып, өздөрүнүн биз сөз кылгандан жүз эселеп ашып түшкөн уурулугу, кыңыр иши ашкереленип, ачыкка чыгып калбасын деген далалаты.

Кыргыз менен казактын төөнүн эки өркөчү же бээнин эки эмчегиндей окшоштугун эске алганда, "кыргызда корупция, контрабанда бар, казактар бул жагынан сүттөн ак" дегенге болобу?

Кытайдан ЕАЭБке канча товар келерин элестетип көрсөңөр, ошонун канчасы Кыргызстан аркылуу өтөт деп ойлойсуңар?

Кыргыздан чымчым жүк өтсө, казактан кош ууч өтөт десек аздык кылат го. Бизден бир кирсе, алардан жүз кирет. Салмагы, саны, көлөмү тууралуу кеп болуп жатат. Бир суроо туулат, анда "баурдастардын чоң алкымдарына" эмне жетпей жатат? Эмнеден улам кыргызстандык ишкерлердин жолун бууп, ЕАЭБ алкагындагы соода-сатыгына бөгөт коюуга мынча жан үрөшөт?

Image caption 2017-жылы Кыргызстандагы президенттик шайлоонун тушунда да Казакстанга катоо кыйындап, жүк турсун жөө адамдар зарыгып кезекке турган эле

Журт атасы саналган адамдардын жакындары, айланасы казак бажысын толук колго алып, ач көздүк менен Кытай жана Түркиядан ЕАЭБке келе турган бүт товарларды өзүлөрүнүн кол алдындагы фирмалар аркылуу гана реэкспортко чыгышын көздөп турат.

Товарлардын орчундуу бөлүмү базарларда сатылчу дүр-дүйнө экенин эске алсак, бул накталай акча дегенди түшүндүрөт. Акча, акча, акча.... Демек, Казакстандагы өтө таасирдүү адамдарга чукулунан өтчү президенттик шайлоо үчүн акча аба-суудай керек болуп жаткан жокпу?

Курулай сөз болбосун, кол алдындагы кайсы фирмалар десеңиз мына бул шилтемеге бир көз чаптырып коюңуз (шилтемени бассаңыз реестр деп жазылып турат, ошону басыңыз). http://kgd.gov.kz/ru/content/reestr-upolnomochennyh-ekonomicheskih-operatorov-1

Сайт ачылбай калса, фирмалардын тизмегинин бир бөлүгүн бул сүрөттөн көрүңүз. Соңку ирет ушул жылдын 16-апрелинде толукталган расмий маалымат.

Сүрөттүн автордук укугу official/kgd.gov.kz
Image caption Блогдун автору жолдогон маалымат

Бул жерде акыркы эки фирма ТОО "TEX ALLIANCE" жана ТОО "BN DEC SERVİSE" бир жылдан бери "Экономический Оператор" фирмалар рээстрине кирип, эбегейсиз чоң "оборот" менен иштеп жатат.

ТОО "BN DEC SERVIS" деген фирманын башындагы BN тамгалары Болат Назарбаев (Н. Назарбаевдин бир тууганы) деп чечмеленип, башка тармактардагы фирмаларынын башында да бул тамгалар бар дешет. Бул фирмалардын атына Кытайда жүк топтогон адамдар, "биз менен иштешкиле, жүктөрүңөрдү эч бир тоскоолдуксуз Орусияга жеткирип беребиз, бажы менен башка органдар контролубузда" деп Болот Назарбаевдин, Самат Абиштин атын ачык эле айтып, жүк топтой турганын көргөн киши аз эмес.

Самат Абиш "Эл Басынын" агасынын баласы жана азыркы маалда Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматында жетекчи орун басары экенин эске алсак, бул жерде өтө чоң "оюн" бар экени талашсыз.

Бирок бул фирмалар Казакстанда кантип "арзан расстаможка" кылышат? Жообу татаал деле эмес. Казакстан 2017-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болордо ЕАЭБден 4000 түрлүү товарга жеңилдик алганын эске салалы.

Ошол жылы ДСУ уюмуна кирген өлкөлөрдөн Казазстан гана 4000 аталыштагы товарга жеңилдик алган. Эми бул тармакта иштебесеңиз дагы сизге баары түшүнүктүү болсо керек. Ошол жеңилдиктерге жамынып, товарлар Казакстанда "расстаможка" болот. Бирок ал товарлар ЕАЭСке кетпеши керек эле. Анан кантип бул жүктөр Орусияга кетип жатат?

Image caption Би-Би-Сиге кат жолдогон адам бул тууралуу жаза турган дагы башка маалыматтар бар деп кошумчалаган экен

Бул фирмалар жүк ээлерине товарлар Казакстанда расстаможка болду деген документ беришпейт, Орусиянын чек арасына чейин "коопсуздук үчүн" деп коштоп жүрүп олтуруп, жүктү чыгарып беришет. Бирок Орусияда да көзөмөл күчөтүлгөнү үчүн бул товарларга документ керек.

Ошондо кыргыздын ичин билгендер буга жол таап берип жатат. Казакстанда "расстаможка" болгон товарларга кыргыздан документ даярдап, жолун таап Кыргызстандан өттү дедирип, мөөрүн басып, мүмкүн болушунча кыргыз номерлүү унааларга жүктөп, Орусияга кетирип жатат.

Эми ойлонуп көрүңүз. Орусияга кагаз жүзүндө жалаң эле Кыргызстанда расстаможка болгон жүктөр келип жатса, экинчи жагынан биз "миллион желди, миллиард болду" деп айгай салып жатсак, кимдин чырагына май тамызып жаткан болобуз?

Так ушуну Казакстандагы аксакалдын "ынсаптуу туугандары" колдонуп, Кыргыздан өткөн анча-мынча жүктү да токтотуп, өзүлөрүнө гана жол ачылгыдай кылып ишенимдүү турганы ошол.

Себеби алар Кытайдан, Түркиядан келген товарлар чындап эле мыйзамдуу жол менен Кыргызстандын бажысынан өттү, салыгы төлөндү деген документ менен барса, тигилердин "мыйзамдуу" документтерине жолтоо болгону жатпайбы. Эки тараптан тең кирсе, саны да, көлөмү да кыйла көбөйсө шек саноо ого бетер күчөй турганы талашсыз иш да. Ошону "адалдап коюу" үчүн Кыргызстан аркылуу барчу жүктү айлап кармап жатуунун түпкү себеби ушунда.

Тажрыйба менен кол жеткен маалыматтардын жетишинче чек арадагы өткөрмө пункттардагы "оюнду" чечмелеп бергенге аракет кылдык. Кийинкиде ушул эле оюндун дагы башка өңүттөрүн талдап, түшүндүрүп беребиз. Азырынча ушуну ойлонуп, талдап кат-кабар жазып тургула.

Азамат Данакеров.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.