Жансакчынын ишиндеги саясаттын жүрүшү жана үлүшү

Экс-президенттин жансакчысынын жактоочулары Ысык-Көлдө кайрадан нааразылык акциясына чыгууну көздөп жатышат. Алар Дамир Мусакеевдин мыйзамсыз айыпталып жатканын айтып, аны бошотууну талап кылышууда. Буга чейин Атамбаевдин командасына каршы болуп, сындап келген саясатчылардын айрымдары дагы жансакчынын иши боюнча күч органдарын аша чаап кетти дешүүдө.

Image caption Дамир Мусакеев

Свердлов райондук соту Дамир Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген айып менен беш жылга эркинен ажыратты. Ал сот залынан дароо Бишкектеги №1- тергөө абагына камакка алынды. Соттун чечимине нааразы болгон жактоочулар жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылууга камданып жатканын айтты.

"Дамир Мусакеевдин болгон күнөөсү ал экс-президентти сатпаганы болду. Ал Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппараттарды орнотууга дагы бөгөт койду. Ошол себептүү аны тез арада соттоп, эркинен ажыратып салыш керек болду. Кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө эч ким зыянга учураган жок. Ал жерде батирлер менчиктештирилип кеткен эмес. Убактылуу гана берилген. Батирлерди бөлүштүрүү жагын дагы Мусакеев чечкен эмес",- деди КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков.

Батир чыры

Башкы прокуратура Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча кенен түшүндүрмө таратып, анын Турак-жай кодексин одоно бузганын билдирди. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Мусакеев 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон. Ал эми алдыңкы сапта кезекте турган 18 кызматкер турак жайга жетпей калган.

Мусакеев мындан сырткары "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде дагы айыпталып жатат. Ал өз кезегинде мындай айыпты четке кагып, бир нече журналисттин коштоосунда өзүнө жана жакындарына таандык делген беш башка даректеги турак-жайды көрсөтүп чыккан эле. Айыпталуучу өзүнө коюлуп жаткан дооматтарды бийлик тараптан болгон басым катары баалап, ага таандык мүлктөрдүн баасы 20 миллион сомго караандабай турганын айткан.

Күч органдары аша чаап жатабы?

Атамбаевдин командасын катуу сындап келген саясатчы Эмилбек Каптагаев бул ирет Дамир Мусакеевдин айткандарына ишеним артып турганын өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазып чыкты. Эки-үч жыл мурун өзү дагы дал ушундай окуянын курмандыгына айланганын эске салган саясатчы, укук коргоо органдарында азыр деле ошол "азаматтар" отурат деп кыйытты.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Cаясатчы Эмилбек Каптагаев

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да ушул пикирге кошулат.

"Кыргызда эки дөө күрөшсө ортосунда кара чымын кырылат" деген жакшы макал бар. Мусакеевдин иши ошондой эле болуп жатат".

Укук эксперти Бекбосун Бөрүбашовдин айтымында, учурда коомдо күч түзүмүнө болгон ишеним төмөндөп, нааразылык күч алды.

"Эгер Кыргызстанда мыйзамсыз байыгандарды санай турган болсок, Дамир Мусакеев артынан санаганда алдынкы орунда турушу мүмкүн. Бизде андан башка деле мыйзамсыз байыгандар толуп жатат. Алар өздөрүнүн байлыктарын ачык эле демонстрациялап жатпайбы. Аларга эмнеге кылмыш иши козголбойт? Учурда бул берене тандалма жол менен колдонулуп жатат. Ошол себептүү күч органдарына нааразылык күч алууда. Эгер мыйзам бары үчүн бирдей иштесе, мындай көрүнүш болмок эмес".

КСДПнын талабы

Ал ортодо КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Райымбек Матраимов бардык мүлкүн коомчулукка жарыялашы керек деп жазып чыкты. Ал жогорудагы кишилер кымбат баалуу мүлккө ээлик кылаарын айтып, мамлекеттик кызматта иштеп жатып кайсы акчасына хан сарайларды жана курулуштарды салып жатат деп кызыккан.

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодексинде "Мыйзамсыз баюу" беренеси киргизилген. Берене эмгек акыдан ашыкча каражат топтоп, анын булагын көрсөтө албай калган мамлекеттик кызматкерге колдонулат. Бул берене менен буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев соттолгон.

Тектеш темалар