Дарыгерлер ВИЧ вирусу калктын калың катмарында тарап жатканын айтууда

Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. Адистер мурда эпидемия калктын аярлуу катмарында көп катталса, учурда жалпы коомго тарап жатканын айтып кооптонушууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД илдетине кабылгандардын саны 9010 кишиге жеткен

Быйылкы жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД илдетине кабылгандардын саны 9010 кишиге жеткен. Алардын ичинен 658и балдар. Вирустан улам 1952 киши каза болгон. Каттоого тургандардын 66 пайызы жыныстык катнаштан, 18 пайыз кан аркылуу жуктургандар. 2,3 пайыз энеден балага өтсө, калгандарынын жугуу себеби белгисиз.

"Акыркы жылдары жугуу жолдору дагы өзгөрүүдө. Маселен, 2010-жылы жыныстык жол менен жугуу 33 гана пайызды түзүп келген. Ошондой эле вирус аялдар арасында көп катталууда. 2010-жылы ВИЧ вирусун алып жүргөн аялдар 30 пайыз болсо, учурда 38 пайызга жогорулады. Каттоодо тургандардын 62 пайызын эмгекке жарамдуу жарандар түзөт"- деди СПИД республикалык борборунун директору Үмүткан Чокморова.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД илдетинен 1952 киши каза болгон

Саламаттыгыңа кам көр

Жогоруда сөз болгон сан каттоого алынгандар гана, коомдо вируска кабылганын билбей жүргөндөр дагы болушу мүмкүн. Учурда вирусту аныктоо үчүн толгон-токой анализ тапшырып, айлап жыйынтыгын күтүүнүн кереги жок. Андыктан ар бир жаран өзүнүн саламаттыгына кам көрүп, жылына бир жолу ВИЧ жана СПИД илдеттерине анализ тапшырышы керек дейт дарыгерлер.

"Бул кооптондуруучу маселе, анткени кимдир бирөө өзүнүн ооруп калганын билбей башкаларга дагы жайып жиберүү коркунучу бар. Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринен биринчи болуп, вирусту аныктоонун жаны ыкмаларын кабыл алды. Биринчиси, экспресс тест же шилекей аркылуу аныктоо. Экинчиси, чыпалактан кан алуу жолу менен тез убакыт ичинде аныктоо",- деди Үмүткан Чокморова.

Майдын акыркы он күнү СПИД илдетинен өлгөндөрдү эскерүү күнү катары белгиленип келет. Мунун алкагында өткөн аптада Бишкектин ири үч базарында мобилдик клиникалар уюштурулуп, экспресс тесттирөө жүргүзүлгөн. Текшерилген 285 кишинин ичинен беш кишиде ВИЧ вирусу аныкталган.

"Коом кодулабашы керек"

Дарыгерлердин айтымында, ВИЧ жана СПИД илдетинен айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок дарынын жардамы менен кандагы вирустун жайылышын алдын алып турууга болот. Мындай учурда бейтап өзүнө жана жанындагыларга эч кандай коркунуч жаратпайт. Андыктан коомдо вирусту жуктуруп алгандар дискриминацияга кабылбашы керек дейт Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Шарипа Суваналиева.

"Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД илдеттери биринчи катталганда жыйырма биринчи кылымдын чумасы деп өтө жаман кабыл алынган. Ошол бойдон ушундай түшүнүк калыптанып калды жана коомдо илдетке кабылган кишилерди кодулоо күч. Бул ооруну биз гепатит же кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулар сыяктуу эле түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. ВИЧ илдетине кабылбайм деп эч ким ишенимдүү айта албайт".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда 2006-2007-жылдары ооруканада жаткан кезде 382 балага ВИЧ жуккан

"Сактансаң сактайм"

Кыргызстанда ВИЧ жана СПИД илдеттери алгачкы жолу 1996-жылы катталган. Анда вирусту жуктуруп алган кишилердин саны он чакты гана болсо, учурда жүздөп саналат.

"Вирусту алдын алуу үчүн туш келди жыныстык катнашка барбаш керек. Жок дегенде сактануучу каражаттарды колдонуу зарыл. ВИЧ бул жынысына, улутуна, бийлигине, байлыгына карабайт. Вирустун алдында барыбыз бирдейбиз. Андыктан ооруканага барганда шприцти, системаны менин көзүмчө ач деп талап коюшубуз керек. Биз канчалык сабаттуу болсок, буга чейин Ошто болгон окуялар кайталанбайт. Чач-тарачка барганда деле тарагыңды жана башка каражаттарыңды менин көзүмдө тазала же бир жолу гана колдонулуучу жабдыктарды колдон деп талап коюу керек",- деди Үмүткан Чокморова.

Ошто 2006-2007-жылдары 382 балага ооруканадан ВИЧ жуккан. Дарыгерлердин катасынын айынан илдетке чалдыккан балдардын алды 20 жашка чыгып калды. Аларга өкмөт ай сайын 4000 сом жөлөк пул бергени менен балдардын ата-энеси дарт аларды басынтканын, канча жылдан бери коомдо өгөйлөнүп жашап жаткандарын айтып келет.

Тема боюнча башка макалалар