Жеке менчик бакчага акчаны өкмөт кошо төлөшөт

1-июньдан тарта Бишкекте жаңы социалдык долбоор ишке ашат Сүрөттүн автордук укугу UNICEF/2019/S.Lister
Image caption 1-июньдан тарта Бишкекте жаңы социалдык долбоор ишке ашат

Өкмөт колунда жок ата-энерлерге жардам кылып, жеке менчик бала бакчага кеткен чыгымдын жарымын көтөргөнү жатат. Азырынча мындай жеңилдик Бишкек шаарындагы каражаты тартыш үй-бүлөлөр үчүн гана берилет.

Бир айлык кирешеси 12 миңден ашпаган ата-эне айына өкмөттөн алты миңден сегиз миң сомго чейин акчалай жардам алса болот.

"Бакчага акча жок"

Бишкектеги сейил бактардын биринде үч жашар небересин жетелеген жашы өйдөлөп калган чоң энени жолуктурдук. Так секирип ойногон баланын артынан араң жетишип, болушунча небересин чалынып, жыгылгандан коруп келе жатты, Нурипа эже.

"Бакчага барганга акчабыз жок, барбай калдык. Акчасы кымбат деп ата-энеси бере албайт. Ошондойбу, айтчы Кайрат",- деп небересине үйрүлдү.

Пенсияга чыкса да жаңы тирдик уул-келинине кол кабыш кылып, небересин багып берип жатканын айтты.

"Уул-келиним квартирада турушат, айына 12 миң төлөшөт. 20 миң алса деле бир айга жетпей калып атпайбы, сегиз миң менен кантип жашаганга болот. Мамасы кантип баламды садикке берем деп отурат. Бюджетттик садиктерди бекер эле кылып койсо жакшы болот эле да".

Сүрөттүн автордук укугу ЮНИСЕФ
Image caption Бишкек кошумча 62 бала бакчага муктаж

Бишкекте бала бакча абдан көйгөйлүү маселе, бакчага орун дайым тартыш.

Пара берип, тааныш салып атып мамлекеттик бала бакчадан орун тийсе деле, бир керебетке үч-төрттөн бала туура келет. Мындан улам көпчүлүк үй-бүлөдө баланын эртелей билим алуусуна кол шилтеп коюшат да, үйдө тарбиялашат.

"Ушу тапта Бишкекте 15 миң бала муниципалдык балдар бакчаларына кезекте турат. Шаар боюнча кошумча 62 бала бакчага муктаждык бар. Жаңылары курулушу керек, ал үчүн атайын участоктор бөлүнүшү керек, бирок ага чейин эле учурдагы муктаждыкты эске алып жаңы саясат иштеп чыктык", -деди Билим министрлигинни өкүлү Салтанат Мамбетова.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Мокуо: тарбияда үй-бүлө да, бала бакча да маанилүү

Жардам алгач Бишкектеги 3-5 жаш курагындагы бир миң баланын ата-энеси үчүн берилет. Бирок ага илинүү үчүн атайын талаптар бар.

"Шарты катаал"

Алалы, көмөк беш же андан көп балалуулар, бир айлык кирешеси 12 миң сомдон ашпаган үй-бүлөлөр, күйөөсү же аялы майып жана мамлекеттик кызматта иштегендердин балдарына гана берилет.

Бишкек көчөлөрүндөгү сурамжылоого катышкан ата-энелер талаптар катаал болуп калганын айтышты:

"Эми азыр беш балалуу үй-бүлөлөр жокко эсе да. Бул жөн эле элди алдагандык деп эсептейм. Менин балам үчтө. Бюджеттик бакча албай койгонунан жеке менчик садикке барат. Жети миң сомдон төлөйбүз. Мен мамлекеттик кызматта иштейм, 12 миңден бир аз көп алам, бирок ал деле эмнеге жетет?", -деди Адилет аттуу жаран.

Ал талаптарга көбүнчө айыл жериндеги үй-бүлөлөр туура келип жатканын айтып, анда эмнеге долбоорду Бишкекте баштап жатышат деген суроону койду.

Сүрөттүн автордук укугу ЮНИСЕФ
Image caption Кыргызстанда бала бакчалар өзгөчө элетте жетишсиз

Ал арада жетишсиз үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алууга даяр борбордогу сегиз бала-бакча өкмөт жарыялаган сынакка арыз беришти, сынак жыйынтыгын жакын арада Билим берүү министрлиги чыгарат.

Ал эми жаңы башталып жаткан долбоор тууралуу бишкектиктердин кабары анча жок болгондуктан, ата-энелерден арыздар сейрек түшүп жатат.

Арыз үчүн баланы метрикасынын, ата-энесинин бирөөсүнүн паспортунун көчүрмөсү, баланын саламаттыгы тууралуу медициналык маалым кат жана жардам алуу үчүн ата-эне жеңилдик каралган кайсы категорияга кирерин тастыктаган документ керек.

ЮНИСЕФтин соңку изилдөөлөрү боюнча Кыргызстанда 3-4 жаштагы балдардын 23% гана бала бакчага барышат. Шаарларда балдардын 40,5%, ал эми айыл жерлеринде балдардын 16%гана эртелей билим алуу укугуна ээ.

Тектеш темалар