Коррупцияга каршы күрөш: "президент убадасын аткарууда"

Коррупция айыбы менен быйыл 688 кылмыш иши козголду Сүрөттүн автордук укугу TABYLDY KADYRBEKOV
Image caption Коррупция айыбы менен быйыл 688 кылмыш иши козголду

Коррупция айыбы менен быйыл 688 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыян 3,5 миллиард сомду түздү. Баш прокуратура быйылкы жылдын I кварталындагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, резонанстуу иштердин жүрүшү боюнча маалымат берди.

Өлкөдө кызмат абалынан кыянат пайдалануу жемкорлуктун эң жайылган түрү болуп жатат. Баш прокуратура быйыл катталган коррупциялык кылмыштарды талдап, ушундай жыйынтыкка келди.

Жемкорлуктун зыяны

"Коррупциялык кылмыштарды талдоодо кылмыштардын басымдүү бөлүгү кызмат абалынан кыянат пайдалануу (497), жер мыйзамдарынын бузуу, ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу, мамлекеттик сатып алуудагы паракорчулук болуп жатат. Коррупциянын эсебинен мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы жыл башынан бери 3 миллиард 489 миллион 515 миң сомду түздү. Келтирилген зыяндын 183 миллион 809 миңинин орду толтурулду" ,- деди Баш прокуратуранын өкүлү Бакытбек Сыдыгалиев.

Былтыр коррупциялык жана кызматтык кылмыш айыбы менен жалпы 962 иш козголгон болсо, быйыл төрт айдын ичинде эле 688 иш ачылды.

Өлкөдө жемкорлукка каршы күрөш динамикасы өсүп жаткандай.

"Атамбаевге каршы күрөш"

Коррупцияга каршы күрөш мурдакы башкаруучулардай эле Сооронбай Жээнбековдун дагы башкы урааны болууда. Мурдакы бийлик коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштарын куугунтукка алганы үчүн сынга алынган эле.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы саясаты канчалык акыйкат жүрүп жатат?

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Мирбек Айтикеев, КСДП мүчөсү

"Коррупция менен эмес, Алмазбек Атамбаевге жакын адамдарга, КСДП мүчөлөрү менен күрөшүп жатат. Соңку бир жарым жылдагы кармоолор жана камоолор буга далил боло алат. Эгерде бийлик чындап эле коррупция менен күрөшө турган болсо, бардыгына бирдей караш эле. Азыр тандалма болуп атат. Бүгүнкү бийликти колдоп, эч кандай каршылык көрсөтпөгөн, ошол эле учурда коомчулукта кызуу талкууларды жаратып жаткан да фигуралар бар. Бийлик аларга кылмыш ишин козгоп, соттомок турсун, керек болсо текшерип дагы эчтеке таппай жатканы күлкүнү келтирет", -деди учурда оппозициядагы КСДП партиясынын өкүлү Мирбек Айтикеев.

Өткөн аптада Свердлов райондук соту Дамир Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген айып менен беш жылга эркинен ажыратты.

Анын алдында президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов дагы кызматтык кылмышка шектелип, кылмыш иши козголгон.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ, Тарых музейиндеги коррупциялык схемалар боюнча айыпталып, иши тергелип бүтүп, учурда соту жүрүүдө.

Жер тууралуу мыйзамдарын бузду, кызматтык кылмышка барды деп Бишкектин мурунку мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов да абакта.

Президенттик аппараттын мурунку жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов Салык кызматынын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, чет элдик компаниядан 150 миң доллар эсебинде акча жеген деп айыпталып абакта. Баш прокуратура анын ишин тергөө убактысы 28-августка узартылганын бүгүн билдирди.

"Президент убадасын аткарууда"

Бирок бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн бутасы жалаң эле экс-президенттин саналааштары дегенге болобу? Балким, бул учурдагы президент жемкордукка каршы аеусуз күрөшүп жатканынан кабар берет, дейт саясий серепчи Алмазбек Акматалиев:

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption "Азыркы президенттин эң чоң өзгөчөлүгү - коррупцияга каршы аесуз күрөшүп жатат"

"Азыркы президенттин эң чоң өзгөчөлүгү - коррупцияга каршы аесуз күрөшүп жатат. Эгерде биз коррупция менен ийгиликтүү күрөшкөн мамлекеттердин тажрыйбасын алсак, Сингапур же Грузияны алалы, тартиптүү орнотуу ошол аесуз күрөштөн башталган. Президент коррупция боюнча өзүнүн шайлоо алдындагы программасында камтылган убадаларын аткарып атат. Албетте, жыйынтыгы батырак болсо экен дейбиз, түшүнүш керек бул оңой иш эмес. Себеби, коррупция далилдениши өтө татаал кылмыштарга кирет. Бюджеттен уурдагандар билинбегидей кылып уурдайт да".

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы баштаган жүрүшү негизинен коомчулукта колдоо табууда. Бирок жогорку деңгээлдеги саясий реформасыз бул күрөш канчалык максатына жетет, канчалык адилеттүү жүрөт деген күмөндүү мамиле да болуп жатканын айта кетүү керек.

Укук коргоочулар коррупциялык факты аныкталганда гана, кармап-камап, көйгөйдүн жыйынтыгы менен күрөшпөй, улуттук план же программа кабыл алууга президентти үндөп келишет.

"Бюджетке жана эл аралык жардамга жарандык көзөмөл, мониторинг деген болуш керек. Бюджет процесси көз карандысыз топтордун тарабынан көзөмөлдөнүп, жети дубанда керек болсо жети түйүн болуш керек. Ошолордун баасын комитеттерге алып келиш керек. Өкмөткө алып келиш керек. Болбосо биз жемкорлорду алар турмөгө отурганда гана ууру экенин билип атабыз. Жарандык көзөмол коррупция менен күрөшүүдө маанилүү", - деди "Жарандар коррупцияга каршы" коалициясынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

Укук коргоочулар коррупцияга каршы стратегиянын негизинде ыраттуу жана комплекстуү иш алып баруу коомдо жемкорлуктун алдын алмак, дешет.

Тектеш темалар