Тилек Токтогазиев: "Болсом министр болом, башкасына макул эмесмин"

Тилек Токтогазиев
Image caption Тилек Токтогазиев

Айыл чарба министирлигин ким жетектейт деген суроо кабыргасынан коюлду. Мурунку министр Нурбек Мурашев кызматтан кеткен соң жаш ишкер Тилек Токтогазиев бул кызматка өзүнүн талапкерлигин көрсөттү.

Башка дагы эки, үч адамды интернет колдоочулар сунуштап жатат. Өкмөт башчы учурда министрдин орун басары болуп турган Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуш кылды. Парламенттин тиешелүү комитети да Чодуевдин талапкерлигин колдоду.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Эркинбек Чодуев

Би-Би-Си жаш ишкер Тилек Токтогазиевди кепке тартып, анын өзүнүн жүйөлөрүн укту.

Би-Би-Си: Өкмөт башчы сизди эмес, башка адамдын талапкерлигин колдоду. Бул кабарды сиз кандай кабыл алдыңыз?

Т.Токтогазиев: Өкмөт ошол эле түзүмдө жүргөн талапкерди колдоого алганын абдан терс кабыл алдым. Себеби айыл чарбасын азыркы кризиске ошол кишилер алып келди да. Министрдин орун басары катары ал кишинин да буга тиешеси бар деп ойлойм. Башында кандай иш алып барса, мындан ары да ошол эле көрүнүш болот. Мен министр кызматтан кеткен күнү эле өз программам менен чыга калган жерим жок. Мен бул программаны мурунтан эле, үч жылдан бери эле сунуштап келе жаткам. Ошол эле министрдин өзүнө да кайрылгам. Алар бизде муну ишке ашыра турган адам жок деп жооп берген күндөр болду. Акыры, келгиле ушуну мен өзүм ишке ашырайын, жасайын деп талапкерлигимди койдум. Өкмөт мага кыска мөөнөткө мүмкүндүк берип, иштейсиң, оңдойсуң, керек болсо сот алдында жооп бересиң десе да даяр тургам. Эгерде кыска мөөнөттө чон өзгөрүү жасай албасам, эч кимди түрткүлөтпөй эле өз ыктыярым менен кызматтан кеткенге даярмын.

Тилек Токтогазиевдин Би-Би-Сиге курган маегин бул жерден толугу менен көрүңүз. Токтогазиев биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов менен жолугушуусу жана "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун пикири тууралуу да айтып берди.

Би-Би-Си: Өкмөттүн пикирин уктуңуз. Эми эгер сизди башка кызматка же министрдин орун басарлыгына чакырса эмне деп жооп бересиз?

Т.Токтогазиев: Мен ага макул эмесмин. Мен баардык жоопкерчиликти колго алып, бул тармакка толук реформа баштайм. Эң чоң өтүнүчүм - президентен дагы, өкмөт башчыдан дагы толук мүмкүнчүлүк жана толук ишеним сурайм. Башка заман болсо, балким, мен ошол сунушту кабыл алмакмын. Мен изилдеп көрдүм. Министрдин орун басарынын реформа жасай турган эч кандай ыйгарым укугу деле жок. Ошондуктан мен ал жерге жөн эле баргым келбейт. Себеби, мен андай сунушка мкул болуп барып, жаманатты болгум келбейт. Эптеп эле кызматка жетип алып, "мына, реформа кылам, кыйратам деген Тилегиңерди көргүлө" дегенин каалабайм. Биздин ишкерлер арасында сөз, убадага туруу деген бар. Саясатчыларда мындай деген жок экен.

Тема боюнча башка макалалар