Блог: Казак-кыргыз "соода согушу" тутандыбы?

Кытай менен АКШ ортосунда соода согушу ырбап кетти деп дүйнөлүк басма сөз байма-бай жазууда. Бирок Кыргызстан өзү да "соода согушуна" туш болгонун билебизби?

Айлануудагы каражаттын суммасы баланча миллиард болгондо гана соода согушу болот деген түшүнүк жана чен-өлчөм жок Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Айлануудагы каражаттын суммасы баланча миллиард болгондо гана соода согушу болот деген түшүнүк жана чен-өлчөм жок

Буга чейин мындайды эшите элек болсоңуз, анда дагы бир кайталап кетейин, чындап эле Кыргызстан менен Казакстан ортосунда айыгышкан "соода согушу" жүрүп жатат.

Айлануудагы каражаттын суммасы баланча миллиард болгондо гана соода согушу болот деген түшүнүк жана чен-өлчөм жок. Ал ошол мамлекеттердин же компаниялардын чама-чаркына жараша жүрөт. Атаандаштык менен соода согушу деген эки башка түшүнүк. Биз казак-кыргыз "соода согушу" тууралуу кеп кылалы.

Бул качан башталды?

Бул "согуш" казак тарап жүктөрүбүздү ар кандай шылтоо менен токтото баштаганда дүрт этти.

Мурда чек арадагы бөгөттөргө саясий боёк шыбалып, бул саясат деп келсе, соңку эки-үч айдан бери себеп такыр башка экенин буга чейинки катымда жаздым эле.

чек арадагы кишилер

Соода согушу боордошубуз, коңшубуз деген өлкө эл аралык келишимдерге карабай, өз өлкөсүндөгү фирмалардын гана кызыкчылыгын коргоп, өз көмөчүнө күл тарта баштаганда чыкты.

Казакстан "Эл башынын" тууган-уругуна таандык делген фирмалардын кызыкчылыгын көздөп, кыргыз-казак чек арасынан өтчү жүккө чектөөлөрдү киргизди.

Казакстанда иштеген тогуз "экономический оператор" делген фирманын (http://kgd.gov.kz/ru/content/reestr-upolnomochennyh-ekonomicheskih-operatorov-1) экөө, ТОО "TEX ALLIANCE" жана ТОО "BN DEC SERVİSE" Болат Назарбаев менен Самат Абишке таандык экенин өткөн катымда жаздым эле. Автордун буга чейинки каты материалдын аяк жагына жайгаштырылды.

Блогдун автору шек санап жаткан казакстандык фирмалардын тизмеси деп көрсөткөн расмий сайттан алынган сүрөт Сүрөттүн автордук укугу http://kgd.gov.kz/ru/content/reestr-upolnomochenny
Image caption Блогдун автору шек санап жаткан казакстандык фирмалардын тизмеси деп көрсөткөн расмий сайттан алынган сүрөт

Бул фирмалар аркылуу Кытайдан, Түркиядан ЕАЭБге кете турган жүктөрдүн барын Казакстанда "растаможка" кылып, топтолгон салыктар (НДС) казак казынасын толтуруп жаткандай түр көрсөткөнү менен иш жүзүндө такыр башкача. Тагырак айтканда, Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн капчыгына эсепсиз байлык кошуунун эле амалы.

Чынында казактар да, кыргыздар да Орусияда сатыла турган товарлардын НДСине көз артып, эптеп өз бюджеттерин толтурууга кызыкдар. Мунун эч кандай жаман жагы жок. Маселе ошол атаандаштык цивилдүү, мыйзамдуу жүрбөй жатканында.

Орусия президенти Путин мындан үч жыл мурун "дүкөндөрдө кайдан-жайдан эле Белорус креветкалары сатылып жатат? Белоруста деңиз барбы" деп собол салды эле. Ушул көрүнүштү көрүп алыштыбы, айтор, "биздин эмнебиз кем деп" баурдастарыбыз да чалмакейди чала баштады. Кыргыздар болсо "көлөкөсүнөн" коркуп, анчалык даай албай, өз укуктарын жактай албай турганда коңшубуз кысымын күчөтүп, чек ара көзөмөлүн куралга айлантты.

Кыргызстан аркылуу өткөн товар, "Дордойдон" чыккан жүктөр, тигүү цехтеринен чыккан кийим-кече мурун шыдыр эле өтүп келген.

Жүк ташуучулар арыз-муңун айтууга камынууда Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Жүк ташуучулар арыз-муңун айтууга камынууда

Анан эле соңку жылдары казактар кантип муунтуп, кантип чалма ыргытып жатышканын азыр баары көрүп турат. Оор жүк ташуучу эң жөнөкөй унаанны зарыгып кезек күткөндөгү, бир күндүк чыгымы эң болбоду дегенде 17 миң сомдон жогору.

"Соода согушуна" ураалап барып кирген жерибиз жок. Эми кандай болот?

ЕАЭБге рынок кеңейет деп кирдик эле го? Эми базар кеңеймек турсун минтип "соода согушуна" кабылдык. Ал күчөгөндөн күчөп баратат. Казактардын он күндөн бери чыга турган эле эмес, кыргызга кире турчу жүктөргө да бөгөт койо баштаганы буга далил.

Бул согушта жеңилдик деп кол көтөрүп, багынып берүү мүмкүн эмес. Ушинтип турганда экономика эмне болот? Алсыз, чала жан экономикабыздын эртеңкиси эмне болоорун кутумдан (интригадан) башы чыкпаган жетекчилер качан түшүнөр экен?

Оор жүк ташуучу эң жөнөкөй унаанны зарыгып кезек күткөндөгү, бир күндүк чыгымы эң болбоду дегенде 17 миң сомдон жогору.
Image caption Оор жүк ташуучу эң жөнөкөй унаанны зарыгып кезек күткөндөгү, бир күндүк чыгымы эң болбоду дегенде 17 миң сомдон жогору.

Убагында Кыргызстанды Бажы биримдигине чүлүктөп, жетелеп киргендердин бири Олег Панкратовдун кызматтан кол жууганы эмнени түшүндүрөт? Эл арасында болсо азыркыга чейин бул кишини "Орусиянын кызыкчылыгы десе, эт-бетинен кеткен адам катары" сыпаттап жүрүшөт. Эми Орусия бул "согушта" казак тараптын камчысын чаба турган болдубу деген чоң суроо жатат.

Автордун буга чейинки катын бул жерден окуңуз:

Болбосо казак-кыргыз соода алакасы кантип жатканы, өкүмзордук кай тараптан болуп жатканы аларга маалым эмеспи? Соода согушунун" жакын арада жана келечекте тие турган кесепетин, залакасын кийинки катымда жазып берейин.

Азамат Данакеров, Бишкектин тургуну

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тема боюнча башка макалалар