ЕАЭБ: Энергетикалык рынок Кыргызстанга эмне берет?

Нур-Султан шаарында Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчылары уюмдун беш жылдыгына арналган саммитке чогулду. Саммитте ЕАЭБ мамлекеттеринин жалпы энергетикалык рыногун түзүү маселеси каралды.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы кошулган

Евразиялык экономикалык кеңеш быйыл мааракелик жыйынга чогулду. Анын курамындагы мамлекеттердин лидерлери беш жыл аралыгында аткарылган иштерге саресеп салып, кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Бирдиктүү энергетикалык рынок деген эмне?

Саммитте бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү башкы темалардан болуп, бир катар документтерге кол коюлду.

ЕАЭБдин 2014-жылдын 29-майында кабыл алынган документтерине ылайык, уюмга мүчө мамлекеттер бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү боюнча макулдашып, ал 2019-жылдын 1-июлуна чейин күчүнө кириши керек болчу.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны

Адистердин айтымында, энергетикалык рынок түзүү менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттер бул тармакта бирдиктүү иш алып барат. Электр энергиясын сатуу жолдору жөнөкөйлөштүрүлүп, жеңилдиктер каралат. Кыргызстандын энергетикалык тармагы учурда мактанаарлык эмес экенин айткан эксперт Расул Үмбөталиев, өлкө үчүн бирдиктүү энергетикалык рыноктун мааниси чоң дейт.

"Эгер бирдиктүү рынок жакшы иштеп кете турган болсо, Кыргызстандын энергетикалык системасынын туруктуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өчүрүүлөр, авариялар кескин түрдө азаят. Өлкө учурда калкты электр энергиясы менен толук кандуу камсыздай албайт. Кыш мезгилинде болгону 75 пайызга гана камсыздап жатат. Рынок түзүлсө, бул маселени чечсе болот. Бирок документке кол коюп жатканда, электр энергиясын алуу боюнча көлөмгө-көлөм деп сүйлөшүү зарыл. Маселен, кышында 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын салып алсак, жазында ошол эле көлөмдү кайтарып берүү керек. Ал эми алардын тарифи менен сатып алсак, биз чоң чыгымга учурайбыз. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен электр энергиясына болгон эң төмөн тариф Кыргызстанда".

"ЕАЭБ көбүрөөк саясий мотивди көздөйт"

Айрым эксперттер учурда ЕАЭБ көбүрөөк саясий мотивди көздөп жатканын, беш жыл аралыгында Кыргызстан олуттуу деле утушка ээ болбогонун айтып сындап келишет. Алар уюмдун негизги принциптери болгон эркин соода тилкеси, эркин акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү толук кандуу аткарылбай жатат дешүүдө.

ЕАЭБдин алкагында агрардык кызыкчылыгы корголбой убара тартып жаткан дыйкандар дагы жок эмес. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар кармалып, продукцияларын алып өтө албай нааразы болгон айдоочулардын көйгөйлөрү дагы соңку учурда коомдун назарын бурду. Ошондой эле Орусиянын апрелден тартып мигранттардын каражат которуусуна чектөөлөрдү киргизгени ЕАЭБге болгон нааразылыкты огобетер ырбатты көрүнөт.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Саммитте бирдиктүү энергетикалык рынок түзүү башкы темалардан болду

Андыктан бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүүнүн канчалык зарылдыгы бар деген суроо коом тарабынан берилбей койгон жок.

"Жалпы энергетикалык рынок дароо иштеп кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Бул боюнча келишим ийгиликтүү иштеп кетиши үчүн Кыргызстан жана уюмга мүчө мамлекеттер кабыл алынган талаптарды, так аткарышы өтө маанилүү. Мунун бардыгы мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ишинен көз каранды. Кыргызстанда өкмөт туруктуу болбогондуктан бул жактан дагы мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай калышы мүмкүн",- деди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгү

Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп Кыргызстандан көрсөтүлгөн Эмил Кайкиев иштеп келет.

Энергетиктердин айтымында, Кыргызстан суу ресурстарына бай болгону менен бирдиктүү энергетикалык рынок түзүүдө негизги фигура боло албайт. Казакстан жылына 180-200 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрсө, Орусия 600-700 миллиард киловатт-саат электр энергиясын чыгарат. Ал эми Кыргызстандын суу ресурстарын эске алганда жылына 140-150 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү болгону менен учурда 15 миллиард гана киловатт-саат электр энергиясын чыгарат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар