"Эсимде": Бандиттер менен кармашкан көкжал баатырлар жөнүндө

Совет доорундагы окуяларды чагылдырган детектиф роман реалдуу окуялардын негизинде жазылган
Image caption Совет доорундагы окуяларды чагылдырган детектиф роман реалдуу окуялардын негизинде жазылган

Бишкекте белгилүү кыргыз режиссеру Болотбек Шамшиевдин совет доорундагы бандиттерге каршы күрөшкөн кыргыз милициясы жөнүндө "Эсимде" деп аталган жаңы кино-романы жарык көрдү. Китепте согуштан кийинки бандиттик топтор, аларга каршы күрөшкөн легендарлуу баатырлар жөнүндө кыргыз коому мурда кийин билбеген, көп жылдар бою жабык болуп келген окуялар жазылган.

Чыгармада негизинен манаптын тукуму катары куугунтукталып көп кыйынчылыкты көргөн, бирок беттегенин бербей максатына жетип, Ленинград юридикалык университетин бүтүп, Кыргызстанда көп оор кылмыштарды иликтеп, бетин ачууга жетишкен кыргыз жигиттин (Кыргызстандагы туңгуч юристтердин бири, юридика илимдеринин доктору Карпек Курмановдун прототиби) башынан өткөргөн кызыктуу окуялары жөнүндө баяндалат. Эр жүрөк командир А. Исакеев баштаган отряддын Кыргызстанда согуштан кийинки убакта баш көтөргөн бандиттерге каршы жүргүзгөн күрөшү, баңгизат аткезчилер менен кармашуулары атактуу режиссер тарабынан көркөм тилде элестүү берилген.

Белгилүү кыргыз режиссеру өзү бул китептин максаты жалпы коомчулукка, жаңы муунга Кыргызстандын күч органдарынын ишине байланыштуу архивде ачылбай бек жаткан маалыматтарды, тарых чындыгын эле эмес, улуттук кандагы баатырлык өзгөчөлүктүн өзүн көрсөтүү деп билдирди Би-Би-Сиге.

"Кыргыздын аң-сезиминде баатыр эч качан өзүнүн кызыкчылыгын ойлобошу керек. Кыргызда акчага багынган баатыр жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Мен өткөнгө үңүлүп, бүгүнкү күнгө көз чаптырып туруп ушул романды жаздым. Легендарлуу карыя өзүнүн башынан өткөргөнүн, көкүрөгүндө кайнаган кабат-кабат сырын бүт ага атайы тийишип чукуп суроо берген журналистке айтып берет. Роман мына ушул жөнүндө",-дейт Болотбек Шамшиев.

Китептеги айрым маалыматтар чынында эле Кыргызстанда дүйнөлүк экинчи согуштун убагында жана ал аяктагандан кийин дагы көп сандаган бандиттик топтор болгонун көрсөтөт. 1942-45-жылдары республиканын аймагында 235 бандиттик топ жок кылынып, кылмыш жоопкерчилигине 1498 адам тартылган. Кызыл Армиядан качкан 7845 дезертир, аскердик өндүрүштөн качкан 41769 дезертир кармалган.

1941-жылдан тарта милициянын бандитизге каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 1368 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 2119 адам кармалган.

Согуштун аякташы, тынч турушка өтүү, режим мүнөзүндөгү чектөөлөрдүн алынышы көп сандаган кылмыштуу элементтердин активдешине алып келген. 1945-жылы түрмөлөр менен лагерлерден амнистия менен бошотуулар, массалык миграция, Түндүк Кавказдан депортация болуп келген элдердин күч менен кармалышы республикадагы оперативдүү кырдаалды оорлоткон.

Кылмыштуулук Фрунзе областында жана Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) шаарында өзгөчө сезилген. Бүт респбулика боюнча талап-тоноолордун 82% Фрунзе областына туура келген.

Тектеш темалар