"Бажыгейт" баскан байлыктын сыры ачылууда

Раим Матраимов Сүрөттүн автордук укугу Social Media

Матраимовдордун эсеби жок байлыгы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн кийин жарандык коом коррупция менен чыныгы күрөштү талап кылып, 3-июнда Ак үй алдында тынчтык митингин өткөргөнү жатат.

Аткезчиликке шектелген миллиондогон акчалардын көмүскө кожоюндарын ачыкка чыгарган иликтөөнүн саясий жаңырыгы кандай болот?

Сырдуу инсайдер

"Кыргызстандан изи сууган миллиондор" иликтөөсүнө негиз болгон документтер "Азаттыктын" колуна кимдер аркылуу түшкөнү суроо жаратууда. Айрым талдоочулар Атамбаевчил күчтөр Матраимовдун жакында эле жолдонгон видео-кайрылуусуна ушундай "жооп" кылып жатышы мүмкүн дейт.

Дагы бир жагдай, 25-майда экс-президенттерден кол тийбестикти алган мыйзам күчүнө кирип, Алмазбек Атамбаев КСДП төрагалыгынан кетип, иликтөө ага улай эле жарык көрүп атат.

"Бул маалыматты экс-президент Атамбаев деле ачыкташы мүмкүн. Себеби, ал бул компромат аркылуу өзүн сактап калам, Раим Матраимовду азыркы президент Жээнбековго байлап, беделине зыян кылат деп ойлоп, бул маалыматтарды ачыкташы мүмкүн, бул эми вариант катары айтылган сөз", -дейт саясий серепчи Даниэль Кадырбеков.

Иликтөөдө айтылган "изи сууган миллиондор" Атамбаевдин башкаруу убагында болуп жатканына көңүл буралы. Андай чоң акчалардын сыртка агылышы ошол убактагы бийликтин көз жаздымында калмак эмес, дейт ал.

Бирок мурунку бийлик кыңыр схемалардан кабардар болсо, анда эмнеге эми "өз этегин өзү ачат" эле, деген суроо чыгат.

Реакция болобу?

Бул иликтөө чыгардын алдында эле премьер-министр Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү жөнүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырма берген эле.

Өлкөдөгү эң бай кландардын бирөөсүнүн айланасында түзүлгөн азыркы кырдаалда эми президент Сооронбай Жээнбековдон кандай реакция болорун күтүп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Коомчулук бул маселеде президенттин реакциясын күтүп жатат

"Президент Жээнбековдун Матраимовго карата саясаты эч өзгөрбөйт. Себеби, Жээнбеков Раим Матраимов, Жалил Атамбаев деген кишилерге окшогон көмүскө кардиналдар деп коебузбу же регионалдык чоң муштумдар деп коебузбу, ошолордун аркасынан шайлоолордо элди мобилизация кылып, добушка ээ болуп бийликке келгенден кийин ал кишилерге бир нерсе деп айта албайт. Мамлекеттик органдар дагы эч нерсе кыла алышпайт",- дейт Даниэль Кадырбеков.

Саясий адилеттүүлүк талабы

Коррупцияга каршы күрөш мурдакы башкаруучулардай эле Сооронбай Жээнбековдун дагы башкы урааны болду. Ал бийликке келгени өлкөдө Бишкек ЖЭБ, Тарых музейи өңдүү бир катар ири коррупциялык кылмыштардын бети ачылды. Миллиондоп пара алган аткаминерлер кармалып-камалууда.

Бирок бажы тармагындагы ашкереленген ири суммадагы акчалардын изинен кийин, жарандык коом учурдагы коррупция менен күрөштүн саясий адилеттүүлүгү тууралуу суроо коюуда.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Рита Карасартова, укук коргоочу

Укук коргоочу Рита Карасартова бажыдагы көмүскө алымдардан миллиондор бюджетке түшпөй жатса, маселеге бийлик кош көңүл болуп атат дейт:

"Маселени курч коюушубуз керек. Азыр ушул маалыматтардын баары ачыкка чыгып калганда, тим калып, унчукпай койсок, кадимки көрүнүш экен да, эл деле коррупцияга көнүп калган тура деп кабылданышы мүмкүн. Ошол үчүн коррупция менен болуп жаткан күрөш жагдайларга пикирлер айтылсын деп атабыз".

Кылы кыйшайбаган кылмыштуу система

Кыргызстандагы бажы тармагындагы коррупция жөнүндө Казакстан, Орусия буга чейин кыргыз бийлигине ачык айтып келди, ал тургай айрым учурларда кошуна өлкөлөр чек арасын кыргызстандык ишкерлерге жаап, бул маселени жүйө да кылып келди.

Тармактагы жемкорлук масштабы тууралуу буга чейин журналисттер деле бир нече жолу иликтөөлөрдү жасаганы белгилүү.

Ошентсе да, бажыдагы жоготууларга көрүлгөн олуттуу чаралар байкала элек.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Бажы алымдары мамлекеттик казынаны башкы булактарынын бири

"Михаил Саакашвили Грузияда өзгөртүүлөрдү бажы тармагын реформалоо менен баштаган. Одессага губернатор болуп дайындалгандан кийин да ал дароо бажы кызматынын штатын жаңылаган. Себеби, бажы алымдары мамлекеттик казынаны башкы булактарынын бири. Кыргызстанда бажы схемалары тээ Акаевдин убагынан бери өзгөрө элек. Ал схемалар Бакиевдин кезинде, Атамбаевдин убагында иштеген. Азыр да иштеп атат. Кытай менен чектеш болгондуктан Кыргызстандын эң сонун транзиттик потенциалы бар", - дейт саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.

Транзиттен түшкөн миллиарддар мамлекетке эмес, бир ууч адамдардын чөнтөгүнө кетип жатат деген пикирлер күчөгөн шартта, бийлик алмашса дагы кылмыштуу системалар кылы кыйшайбай сакталып турабы деген суроо кырынан коюулуп жатат.

Коомдук сайттарда "Бажагейт" чыры эми эле басылып баратканда, "Бажыгейт" деген лакапка коно баштаган чуу башталып, кызуу талкууларга жем таштап турган чагы.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар