"Бажагейт" чуусу басылчудай эмес

Комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди шалаакылык үчүн айыптады Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди шалаакылык үчүн айыптады

"КТ мобайл" компаниясында чыккан чыр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия эч бир жыйынтык чыгарбай, экинчи отурумун аяктады. Парламенттеги жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Кыргызстандын биринчи улуттук уюлдук оператору ишке кирер алдында "Бажагейт" чуусу тутанып, инновациялык долбоор үзгүлтүккө учурады.

"Бажасын кууп, баласына баа бериш керек болчу"

Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев, бүгүнкү жыйын соңунда "КТ мобайл" компаниясынын тегерегинде чуунун от алып кетишине өкмөт башчыны айыптады:

"Мухаммедкалый Дүйшекеевич, ачык айтканда комиссиянын түзүлүшүнө сиздин шалаакылыгыңыз себеп болгон. Сиз маалымат чыкканда эле өкмөттү жыйнап туруп, кызматтан кетирилген жетекчилерди ошондо кубалап, бажаңызды кууп, баласына баа берсеңиз, комиссия да түзүлбөйт эле. Депутаттык комиссия бүгүн жыйынтык чыгарбайбыз. Өзүбүздүн отурумда дагы карап, парламентке алып чыгып, тишелүү жетекчилердин жоопкерчилигин карайбыз".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Курманкул Зулушев

Зулушев Мамлекеттик мүлк фондусу, "Кыргызтелеком" жана Маалыматтык технологиялар, байланыш комитетинин жетекчилерине дагы суроолор бар экенин белгиледи.

Премьер-министр жыйындын жүрүшүндө өзүнүн бажасы Иманкадыр Рысалиев "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси, анын уулу Эрназар Иманкадыр уулу "КТ Мобайлдын" жетекчисинин мурунку орун басары экенинен кабары жок болгонун улам-улам кайталап жатты.

Абылгазиев "Мегаком" директоруна да кине койду.

"Чарбалык иш ушул деңгээлге чыгып атат. Мен Акылбек Жаманкуловдун өзүнө да айттым, этика боюнча мага келип, эгер мен премьер-министр катары чара көрбөсөм, коомчулуккка чыгышы керек. Коркутуу-үркүтүү болуптур дегенде мен чара көрбөсөм, жооп беришим керек болчу. Ушул жагынан кандай болду анын өзүңүздөр таразап алыңыздар. Өзүм туугандарым чарбага аралашып, премьер-министрдин тегерегинде маселе чечкенге каршымын", -деди өкмөт башчы.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Иманкадыр Рысалиевбуга чейин "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетектеп келген

Премьер-министр Абылгазиевдин карачечекей бажасы Иманкадыр Рысалиевдин дарегине буга чейин ал "КТ Мобайл" жетекчисине басым көрсөткөнү тууралуу айыптар коюулуп, бирок өзү аларды четке кагып келди. Бирок отставкага кетүүгө мажбур болду.

Рысалиевдин уулу Эрназар да "КТ Мобайл" ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп, чоң суммада айлык алып келгени үчүн сынга кабылган.

Бейшембиде премьер-министрдин жээни быйыл төрт айда алган айлыгын компаниянын кассасына кайрып берди. Кайтарылган акчанын жалпы суммасы 787 миң болду, Иманкадыр уулунун бул сумма ичиндеги бир айлык оклады 157 миң сомду түзгөн.

Парламентке чакыруу болсо да, бүгүнкү жыйынга ата-бала келген жок.

Чарбалык талаштан - каржылык талашка

"КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген, компания "Кыргызтелекомго" караштуу ишкана. Ишкана "Мегаком" брендин алып жүргөн "Альфа Телеком" менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн.

Ага ылайык, "Альфа Телеком" 345 миллион сомду өнүгүү максатына бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон. Түзүлгөн депутаттык комиссия "Альфа-Телеком" мамлекеттик компаниясынын эсебинен "КТ Мобайл" компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун да иликтеп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Акылбек Жамангулов өкмөт башчынын бажасы анын коркутуп-үркүткөнү тууралуу буга чейин билдирүү жасаган

"Келишпестик эмнеден чыкты? Биз аукционго катышып жатканда, бизнес план даярдаганда 345 миллион сом жыштыктын ижарасына, ал эми 2 миллион доллардын виртуалдык операторго сарпталышын караганбыз. Бирок келишимге кол коюлуп, акча-каражаттын баары которулгандан кийин "КТ Мобайлдын" мурунку жетекчилери виртуалдуу оператор эмес, кадимки уюлдук оператор кылабыз дегенде чыгым 86 миллион долларга чыгып кетти. Биздин компания ошого каршы чыкты", -деп бүгүн маселенин чоо-жайын Акылбек Жамангулов түшүндүрдү.

"Бажагейттин" саясий өңүтү барбы?

Депутаттык комиссиянын жыйынын утурлай, "Кыргызтелеком" ишкана билдирүү таратып, анда маселе өтө эле саясатташып жатканы белгиленет.

"Өкмөт улуттук уюлдук операторун ишке киргизүүгө аз калганда, айрым саясий күчтөр процессти саясатташтырып, масштабдуу пландарды үзгүлтүккө учуратканы жатат. Техникалык инновациялык долбоорду саясий интригага салып, каралоо жүрүп жатканына кейип жатабыз", - делет кайрылууда.

"КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны 17-майда өткөн.

Комиссиянын айрым мучөлөрү бүгүн алар биринчи отурумда койгон талаптар, ишке аша баштаганын да айтышты.

"Биз Иманкадыр Рысалиевди кызматтан алуу боюнча талап койгонбуз. Анын уулу да боюнча чыккан сөздөрдөн улам туугандык схеманы биз жыгылтышыбыз керек болгон. Койгон талаптары аткарылып жатат", -деди депутат Жанар Акаев.

Өткөн аптада "КТ Мобайл" чуусунан улам өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамил Асымбеков, орун басары Мурат Мукамбетов жана Маалыматтык технологиялар, байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин иштен кетиши, премьер-министрдин айланасындагы талкууну ого бетер кызытты.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар