Жанар Акаев: Миллиондордун чуусун Атамбаев эмес, ич ара таарыныч чыгарды окшойт

Жанар Акаев: Кыргызстанда ушунча көп акчасы бар адамдын бар экендиги өзү чоң суроо жаратат Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Жанар Акаев: Кыргызстанда ушунча көп акчасы бар адамдын бар экендиги өзү чоң суроо жаратат

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи деп аталган журналисттик иликтөөдөн кийин талаш-тартыш күчөсө күчөп, бирок басаңдай элек. Абакта жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ушул иш боюнча түрмөдөн жазган каты бул талкуунун отуна май чачкандай эле болду.

Өкмөт башчы М. Абылгазиев илктөөдө айтылган маалыматтардын чын-бышыгын тактоо үчүн атайын тапшырма бергени да маалым болду. Активисттер болсо корррупцияга каршы чыныгы күрөштү талап кылып, тынчтык митингисине чыккан жатышат.

"Азаттыктын" бул иликтөөсүндө 2011-2017-жылдары Кыргызстандан сыртка болжолдуу түрдө 700 миллион АКШ доллары чыгарылганы айтылган. Дал ушул иликтөөдө эл арасында "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Раимбек Матраимовдун өзү жана анын жакындары тууралуу кенен кеп болду.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин орун басары болуп келген Кундуз Жолдубаева Сапар Исаковдун каты делген сүрөттү жарыялады

Айрымдар түшкө кирбеген, суммасы асман чапчыган акчалар тууралуу чуу чыкканы менен Жогорку Кеңештин бул ишке кылы да кыйшайган жок деп сындап жатышат. Би-Би-Си Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге кайрылып, парламентте бул ишке канчалык олутуу көңүл бурулганын сурады.

Ж.Акаев: Ошол иликтөө чыкканда мен дароо эле депутаттык комиссия түзүүнү сунуштасамбы деп ойлогом. Бирок депутаттык комиссия таап чыга турган фактылардын баары журналисттик иликтөөдө эле кашкайып турат. Өкмөт качан гана биз депутаттар кыйкырып "иликтөөнүн жыйынтыгы качан чыгат" дегенде гана ортозаар реакция кылды. Мунусу абдан өкүнүчтүү. Депутаттар эмнегедир бул маселеге олуттуу көңүл бурган жок. 2-3 депутат сүйлөдү, көнүл бурасыңарбы деп суроо берди. Ошол эле учурда бажыдагы акчалар тууралуу сүйлөп койгон депутаттар "көрдүңөрбү, мен сүйлөдүм", "мен ушуну айттым", "мен баатырмын" деп чыгып атканы өтө уят. Анткени, нормалдуу коомдо мындай иштер ачыкка чыгып, талкуулар болуп туруш керек. Биз, айрым депутаттар, өкмөттү жооп берүүгө мажбурлап жатабыз.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Азаттыктын" бул иликтөөсүндө 2011-2017-жылдары Кыргызстандан сыртка болжолдуу түрдө 700 миллион АКШ доллары чыгарылганы айтылган. Дал ушул иликтөөдө эл арасында "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Раимбек Матраимовдун өзү жана анын жакындары тууралуу кенен кеп болду.

Би-Би-Си: Жанар мырза, мына сиз Жогорку Кеңеш тиешелүү деңгээлде көңүл бурган жок деп айттыңыз. Ошонун ичинде жеке өзүңүз жөнүндө айтсаңыз?

Ж.Акаев: Өкмөт башчыга түздөн-түз суроо берип, тезирээк реакция кылып, иликтеп, жыйынтыгын чыгарып, элге маалымат бергиле деп айткандардын бири болдум. Жогорку Кеңеш бул сот же прокуратура органы эмес. Биз кылмыш ишин козгой албайбыз, же адамдарды соттоп жибере албайбыз. Биздин функциябыз, мыйзамдарды көзөмөлдөө, өзүбүз кураган өкмөткө тапшырма берүү менен гана чектелебиз.

Би-Би-Си: Айтылды, көрсөтүлдү, эми мындан аркы аракет кандай болушу керек?

Ж.Акаев: Парламенттеги тар чөйрөдө сөз жүрүп жатат. Билишимче, бир жуманын ичинде каржы полициясы өзүнүн чечимдерин чыгарат деп уктум. Ошону күтүп жатабыз. Бул кимдин акчасы? Кайдан келген акча?

Ошол эле убакта өкмөт абдан кеч калды, анткени ошол акча чын эле бир адамдыкы болсо, ошону айтыш керек эле. Эгер ал акча чын эле Кытай менен иштеген ишкерлердин топтолуп салып жиберилген акчасы болсо, анда өкмөт ошону дагы түшүндүрүш керек эле. Ушул жагынан алганда өкмөт маалыматтын баардык жагынан утулду. Чоң резонанска өкмөт жөн эле жымсалдап жооп берип коюу менен кутулбайт.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев

Би-Би-Си: Экинчи тараптын пикирлери айтылып баштады. Тагыраак айтканда, Бажы кызматын мурда жетектеген адамдар бул соодагерлердин акчасы деп жатат. Бул канчалык ынанымдуу деп ойлойсуз?

Ж.Акаев: Жогорку Кеңеште экономикалык жана фискалдык комитет бар. Ошол комитеттин мүчөлөрү буга чейин эле бул тармакты иликтеп, кызыгып, текшерип комитеттин көчмө жыйындарын өткөрсө болмок. Бул жагынан алар абдан кечигишти. Мен ушул бажы же финансы тармагында өтө жакшы адистешкен эмесмин. Бирок, эгер ошондой болсо, Өкмөт аны далилдеп бериш керек. Чын эле 700 млн абдан чоң акча. Бул бир үй-бүлөнүн акчасы болушу мүмкүн дегенге оңой менен ишенүү кыйын. Анткени, Кыргызстанда ушунча көп акчасы бар адамдын бар экендиги өзү чоң суроо жаратат.

Би-Би-Си: "Азаттыкка" же ошол эле иликтөөчү журналист Али Токтакуновко маалыматтын булагын ким бергени жөнүндө суроо да абдан талкууланып жатат. Ал тургай, бул жерде чет өлкөлүк атайын кызматтар, экс-президент А.Атамбаевдин ысымы да аталып жатат. Сиздин божомолуңуз кандай?

Ж.Акаев: Маалымат карым-катышта жүргөн ошол эле тараптардын ички таарынычтарынан улам чыккан маселе болушу мүмкүн. Мен бул жерде А.Атамбаевдин командасы тарабынан болду дегендерге анчалык ишенбейт элем. Анкени ошол эле "Азаттык" маалымат каражаты катары кайсы бир саясий күчтөр менен иштебегенин мен жакшы билем.

Азыркы бийликке, Матраимовдордун үй-бүлөсүнө чабуул жасайм деп даярданып жүргөн адамдардын аракети деп ойлойм. Мына шайлоого жакын өзгөчө саясий компроматтар, маалыматтык чабуулдар башталды деп айтсак болот. Мындан ары бир жыл бою парламенттик шайлоого чейин ушундай маалыматтар менен коомго чыккан саясатчылар абдан көп болот.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Жакында эле бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарадан кийин талкуу күчөгөн. Айрымдар дал ушундай шакабалуу сүрөттөрдү да чыгарышкан эле

Би-Би-Си: Жанар мырза, ошол иликтөөдө айтылып, айрым бир видео кадрлар да турат. Тагыраак айтканда, ошол эле Матраимовдордун жакында эле өткөргөн чоң салтанатына, волейболуна барып сый көрүп келген бийлик өкүлдөрү, ошол эле Жогорку Кеңештин депуттары жөнүндө дагы кадрлар көрсөтүлдү. Э. Сурабалдиева, Р. Момбеков бул маселени көтөрдү, башка депуттар унчуккан жок деп кеп-сөз жүрүп жатат. Айрымдар "Жанар кечээ жакында эле тоюна барды эле, балким, ошондон улам мамилени бузуп албайын деп жатат" деген пикирлер да айтылууда

Ж.Акаев: Кара-Суудагы өткөрүлгөн спорттук иш-чарага мен төртүнчү жолу бардым. Эмки жылы өткөрүлсө, балким, эмки жылы дагы барам. Анткени, ал жакта калың эл бар. Биз бир кишинин сыйын көрөлү же туулган күнүн өткөрөлү деп барган жокпуз. Биз, депутаттар, калкка байланышкан кандай иш-чаралар болсо бири-бирибизди чакырып, алар бизге барып жүргөн окуялар көп эле болот. Ошон үчүн Матраимовдорго байланышкан маселени кечээ бир эмес, эки жолу катары менен көтөрдүм. Өкмөт башчыга чукул арада жооп бериңиз деп маселе койдук. Мен ар бир олуттуу маселелерге пикир билдирип эле келе жатам. Анан парламенттен эки сөз айтып коюу менен чектелбеш керек. Биз аягына чейин күрөшүп, далилдеп жаткан учурлар көп эле. Комиссия түзүш керек, укук коргоо органдары текшерип, тиешелүү жыйынтыктарын бериш керек. Бул сыяктуу маселелерди кош колдоп кубаттайм. Эч качан текшерилбеши керек, же бирөөнүн мүлкүн коргошубуз керек деген сөз эч качан менин оозуман чыкпайт.

Би-Би-Си: Жогоруда "төртүнчү жолу бардым, кийинки жылы уюшулса дагы барам" деп айтып калдыңыз. Ушул жолкусунда дагы, буга чейинкисинде да чакыруу сизге ким тараптан келип жүргөн?

Ж.Акаев: Үч жолку чакыруу тең кесиптешибиз Искендер Матраимов тарабынан болгон. Ошого депуттардын баары барган. Мени бир да жолу Раимбек Матраимов чакырган эмес.

Би-Би-Си: Жанар мырза, буга чейин ушул сыяктуу маселелерди абдан курч көтөрүп келдиңиз эле. Бул жолкусу балким, чөп башылап мамиле кылганыңыздай сезилип жаткан жокпу?

Ж. Акаев: Өмүр бою жалган айтып келген адам бир жолу чындыкты айтып койсо, ошол баатыр боло калат. А өмүр бою чындыкты айтып келе жаткан адам бир жолу анчалык реакция кылбагандай сезилиши мүмкүн. Укуктук мамлекет катары, укук коргоо органдары жетиштүү деңгээлде териштирсин деген сөз болушу керек. Эл ичинде "баланчаны камагыла, таш бараңга алыш керек" деген сыяктуу сөздөрдү күтүп жатканы анык. Биз мыйзам чыгаруу өкүлү катары андай сөздү айтпашыбыз керек.

Тема боюнча башка макалалар