Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга аралашкан жарандарын артка кайтарат

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдуу аймактан Кыргызстан өз жарандарын алып келүүгө аракет кылып жатат. Бул жөнүндө Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Кыргызстан Сириядагы жарандарын артка кайтарат

"3-июнда вице-премьер-министр Ж.Разаков Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жана Сириянын аймагындагы жашы жете элек балдары менен жүргөн кыргыз жарандарына байланыштуу кеңешме өткөрдү. Буга чейин өкмөттүн тапшырмасы менен мекемелер аралык жумушчу тобу түзүлгөн эле. Кыргызстандын компетенттүү органдары Ирак өкмөтү менен биргеликте жарандарды мекенине кайтаруу үчүн өздүгүн тактоо иштерин жүргүзгөн. Ушундай эле аракеттер Сирия аймагында дагы көрүлүп жатат",-деп айтылды расмий маалыматта.

Өткөн апталарда он чакты адамдан турган демилгелүү топ президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Сирияда кармалып турган жакындарын Кыргызстанга кайтарууга көмөк сураган эле.

"Менин кызым ошол жактан келе албай жатат. Мекенине келсем дегенде ак эткенден, так этет. Өтө татаал шартта кармалып турушат экен. Кызым ошол жакта жүрүп турмушка чыгып, эки балалуу болуптур. Азыркы маалда балдарынын бири катуу ооруп жатыптыр. Алар Түркия менен Сириянын чек арасына жакын жердеги лагерде кармалып турганын айтып телефон чалган",-деп айтып берди Сирияда жүргөн кыздардын биринин апасы.

"Ал жакта дагы аз эмес балдар төрөлдү. Алды жети жашка чыгып, арты кучактагы балдар. Ошондуктан биздин мамлекет ошол жакка адашып барып калган жарандарга карата сөзсүз чараларды көрүшү абзел. Күч органдары териштирүү жүргүзүшү керек. Укуктук жактан бул абдан назик маселе. Баргандын баарын эле булар террорист, саткын деп айтуу кыйын. Ар кандай жол менен кеткендери бар, алданып, азгырылып, өз ыктыяры менен согушам деп кеткендери бар. Сирия, Ирактагы абалды эске алганда, кимдин согушуп келгенин, кимдин согушпай келгенин аныктоо абдан кыйын. Бул каражатты талап кылган нерселер. Өзгөчө ошол жактагы Сирия, Ирактын расмий бийлиги менен тыгыз иштешип, алардын колундагы маалыматты алып, анализдөө керек",-дейт Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, теолог Маметбек Мырзабаев.

Жакынкы Чыгышта куралдуу жаңжал башталгандан бери Кыргызстандын аймагынан жети жүздөй киши чыгып кеткени айтылып келүүдө.

Сирияга азгырылган кыргызстандыктардын кээ бири үй-бүлөсү менен чогуу чыгып кеткендиктен, ал жакта жүздөн ашуун жаш балдар жана аялдар бар деп айтылып жүрөт. Бирок артка кайтып келгендери тууралуу так маалымат жок.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сириядагы жаңжалга аралашкан кыргызстандыктар:

Айрым маалыматтарга караганда, жаңжалга аралашкан жүзгө чукул кыргызстандык Сирия аймагында каза тапкан.

Буга чейинки маегинде Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев кыргызстандык жарандардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок деп билдирген эле.

"Лагерлерде жаш балдары менен биздин жарандарбыз жүрөт деген маалыматтар бар. Алардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок. Бирок мыйзам чегинде жаза каралган",-деген Бакиев.

Сирия менен Ирактагы лагерлер тууралуу жыл башында француз журналисттери тарткан даректүү тасмада кыргыз паспорту менен жүргөн адамдын көрүнгөнү дагы өлкө ичинде бир топ талкууланды. Андан кийин кыргызстандык кыз-келиндер "Сириядагы күрд лагеринен алып кеткиле" деп кайрылганы тууралуу маалыматтар чыкты. Бирок кыргыз бийлиги жарандарын артка кайтарган учур боло элек.

Коңшулаш Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан жаңжалдуу аймакка барып калган жарандарын артка кайтарган учурлары болуп жатат. Алар негизинен аялдар жана балдарды кайтарып келген. (AbA)