Аида Салянова 26-июлга чейин камакта болот

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдакы баш прокурордун бөгөт чарасын карап, аны 26-июлга чейин камакта калтырды. Салянова шейшембиде сураккка чакырылып, андан соң 48 саатка кармалган. 5-июнь күнү анын бөгөт чарасы каралган учурда сотко жактоочусунан башка эч ким киргизилген жок.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп кеткени жөнүндө каралып жаткан кылмыш иши боюнча кармалды. Азиз Батукаев "ак кан оорусунун айыккыс түрүнө чалдыкты" деп 2013-жылы Нарын түрмөсүнөн бошотулуп, ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен.

Салянова буга чейинки жергиликтүү басылмаларга берген маегинде Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана анын бошотулганын билгенин айтканы бар.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Батукаевдин иши алты жылдык тыныгуудан кийин 2019-жылдын башында кайра жанданды. Бул ишке шектүү катары Онкологиялык борбордун дарыгери Эмил Макимбетов кармалып, анын артынан ошол кездеги саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан кийин экс- вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалган эле.

Азиз Батукаев 2006-жылы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратылган. Ага "киши өлтүрүүгө катышкан, курал-жаракты мыйзамсыз сактаган, мыйзамсыз курал-жарак жасаган, массалык башаламандык уюштурган" деген айып коюлган.

Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткени учурунда чоң чуу жаратып, кызыл чеке талашка түшкөнү менен аягы барып тим болгон эле. (AbA)

Тектеш темалар