"Бала багуучу" болуп жалданган эселектердин бактысын ким ойлойт?

Акыркы жылдары ата-энесин багуу үчүн бешиктен бели чыга элек өспүрүм кыздар да чет өлкөгө иштегени кеткен учурлар көбөйдү. Мектеп курагындагы 12 жаштан 16 жашка чейинки кыздар көбүнчө бала багуу үчүн кетип жатышат. Бирок, өзү бала боло туруп бала багып иштөө кыздардын психикасына терс таасирин тийгизүүдө, деп укук коргоочулар коңгуроо кагышууда.

кыз Сүрөттүн автордук укугу Гүлжан Алтымышбаева

Жылына Кыргызстандын чегинен бир гана Ош облусунан эки жарым миңге чукул он сегизге чыга элек өспүрүм кыздар, балдар чыгып кетишет. Бул Ош облустук билим берүү башкармалыгынын расмий маалыматы. Бул балдар кайсы өлкөдө эмне менен алектенип жүргөнүн эч бир мамлекеттик орган изилдебейт. Чындыгында бул өспүрүмдөрдүн аз гана бөлүгү чет жакта окуп билим алышат, көпчүлүгү иштеп жүргөнү ачуу чындык. Өспүрүмдөрдү жумушка өзүбүздүн эле чет өлкөдөгү мекендеш мигранттарыбыз жалдашат. Чет жака иштегени кеткен өспүрүм кыздардын көпчүлүгү бала багуучу, башкача айтканда "бакчы кыз" болуп иштегени барышат. Бирок бул түйшүгү жана жоопкерчилиги оор жумушта алар абдан көп кыйынчылыкка тушугат, дешет бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү.

Малай болгон Мираида

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлмира Картаңбаева (аты өзгөртүлдү) Мираида (аты өзгөртүлдү) ысымдуу кызын 14 жашында бейтааныш бирөөлөрдүн колуна, Казакстанга бала багып акча табуу үчүн жөнөткөн. Мираида бир жылдан ашык иштеп келген. Өспүрүм кыз өзү бала болуп туруп, бирөөнүн балдарын багуу учурунда моралдык-психологиялык кысымдарга дуушар болгонун айтат. Анткени балдарын бактырган жубайлар Мираидага алдын ала сүйлөшкөндөй эмес, көп милдетти жүктөп коюшкан экен:

аял жана кызы Сүрөттүн автордук укугу Гүлжан Алтымышбаева

"Бала карайт элем, кирлерин жууйт элем, тамак жасайт элем, арада соодага да чыгарат эле кожойке. Казакстанда Ала-Тоо базарында соода кылчу. Бала багуучу катары эмес, үй кызматчысы катары көрөт эле. Ар кандай жумушун кылдырып, кылбайм десем жаман көрүп, кагып-силкет болчу. Башында алты айлык баланы карайсың, айлыгыңды 10 000 сомдон төлөп беребиз дешкен. Анан баргандан кийин бир жума өтүп өтпөй эле дагы эки баласын Оштон алып келип алган. Бири алты жашар, бири төрт жашар, эң кичинеси алты айлык. Аларды да карайсың деп койду. Айлыгымды толук берген жок, жаңы жылдан кийин айлыгымды 7000 сомго түшүрүп койду".

Мираида түйшүккө чыдабай, үйүнө кетерин билдиргенде, кожойкеси акыркы эки айынын маянасын төлөбөй коюптур. Бул өспүрүм кыздын психикасына оор тийип, Мираида Казакстандан келгенден кийин психологго кайрылган. Жашы жете элек кызын иштөөгө жөнөткөнүнө Гүлмира Картаңбаева өзү да кийин бушайман болгонун жашырбайт.

"Кыйналдым аябай, үйүбүз жок көчөдө калдык, кыйналганымдан бизге бир аз жардам болсун деп кызымды жөнөткөмүн. Өзүм стомотологияда көп жыл иштедим санитарка болуп. Батирден батирге көчүп, жатаканаларда жашап жүрдүк. Күйөөм арак көп ичет эле, ичкиликтин кесепетинен каза болуп калганына он жыл болду. 10 жылдан бери үч баланы өзүм жалгыз багып келе жатам, кыйналып",-дейт Гүлмира көзүнө жаш алып.

Бала багып жүргөндө Мираида көп эле ирет кеткиси келип ыйлап, апасына чалып арызданган. Апасы бир аз чыдап иштеп турчу деп сооротуп койчу экен.

"Ыйлаган күндөрүм болгон, кайненеси менен урушуп кетсе менден чыгарып алчы, кечке мага сүйлөнүп, сен муну эмнеге мындай кылдың, аны эмнеге андай кылдың, деп уруша берчи",-деп эскерет Мираида.

Бармагын тиштеген ата-энелер

Орусияга, Казакстанга иштегени барып, айлыктарын ала албай же зомбулука кабылып, психологдордун жардамына муктаж болгон өспүрүм кыздардын ата-энелеринин Оштогу "Ак-Жүрөк" кризистик борборуна кайрылган учурлары көп.

"Ата-энелер кыздарын жиберип алып, анан бармагын тиштеп кайрылбай, кетип бара жатканда укуктарын билип алып, анан жөнөтүшсө, көптөгөн укук бузууларга жол берилмек эмес. Өкүнүчтүүсү - бизге качан гана айлыгын ала албай калганда же чет өлкөдө көчөгө кууп жиберишкенде же кожоюндары зордуктап коюп, боюнда болуп калганда гана эч кимге айтпай жардам бергиле деп келишет",-дейт борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, укук коргоо органдарына да маалыматтар ар кандай булактардан келет. Териштирип келгенде жабырлануучулар арыз жазуудан баш тартышат экен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Сүрөттүн автордук укугу Гүлжан Алтымышбаева
Image caption Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков

"Чет өлкөдө иштеп жүргөндө өспүрүм кыздардын укугу тебеленип жатат. Катуу сөз укканды кой, аларды айрым учурда баласын бактырган адамдар ур-соккуга алган учурлары да болот. Же болбосо иштетип туруп, кандайдыр бир шылтоо айтып, айлыгын бербей кетирип жиберген фактылар тууралуу угуп жатабыз. Бул учурларда азыркы жаңы жоруктар тууралуу кодекстин беренелерине ылайык иш берүүчүлөрдү тиешелүү жазага тартышыбыз керек. Бирок тилекке каршы бул тууралуу ата-энелер да, балдар да бизге арыз беришпейт".

Кыз-келиндердин көйгөйүн изилдеген бейөкмөт уюмдарынын анализине ылайык, чет өлкөгө бакчы кыз болуп иштегени көбүнчө жакыр жашаган, көп балалуу үй-бүлөнүн кыздары барышат. Айрыкча Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун тоолуу, шарты катаал, алыскы аймактарынан. Мигрант өспүрүмдөр Түркия, Орусия жана Казакстанга көп кетишет.

Мираида да Казакстанда жүрүп, өзүнө окшогон өспүрүм бакчы кыздарды көп көргөнүн айтат:

"Казакстанда баарынын эле нянкалары бар эле, баары эле окуучу, он сегизге чыга элек кыздар болчу. Менин да бир досум 9-классты бүтө электе эле Орусияга нянка болуп иштегени кеткен. Алар баары эле мектепти бүтпөй, аттестат албай калышты".

Арзан эмгек күчү

Эмнеге мигранттар жашы жете элек мектеп курагындагы кыздарды ишке тартууга кызыкдар? Анткени, "өспүрүм бакчы кыздар" арзан эмгек күч, алар өздөрүнүн укуктарын билбейт жана коргой алышпайт.

"Эрезеге жете элек кыздар өздөрүнүн укугун билишпейт, андыктан аларды башкаруу оңой, иш берүүчүгө талап коё алышпайт. Негизгиси, алар абдан арзан эмгек күч болуп саналат. Бала бактыргандан тышкары бул кыздарды үй жыйнатып, тамак жасатып, азык-түлүккө жөнөтүп, кошумча жеке иштерин да жасатууга ыңгайлуу,"-дейт эксперт Гүлсана Абытова.

Мектептен өксүгөн өспүрүмдөр

Кыргызстанда биринчи класстан тогузунчу класска чейинки билим алуу милдеттүү түрдө экени маалым. Андыктан чет өлкөгө кетип жаткан мектеп курагындагы кыздар мугалимдердин көзөмөлүндө болушу керек. Ошондой көзөмөл жөнүндө сурап, Ош облустук билим берүү башкармалыгына кайрылдык.

"Окуучулардын кыймыл-аракети боюнча чейрек сайын отчеттор алынат, Орусияга кетти, Казакстанга кетти, республиканын аймагынан сырткары кетти деген отчеттук форма бар, ошого киргизип, анан ал жактан келген справкаларды тиркеп, окуп жатат деген справка берет. Мектеп каттоодон чыгарат, ушундай процедура жүрөт бизде. Такыр окубай калды деген фактылар жок, аларды ата-энелеринин колуна өткөрүп бергенден кийин алардын жоопкерчилигине өтөт", -деди Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Асан Артыкбаев.

Ата-энелер баласынын барган өлкөсүндө окутуу милдетин алып, мугалимдерге тил кат жазып беришет экен. Бирок чындыгында, чет өлкөгө кеткен өспүрүмдөрдүн аз гана бөлүгү окууга тартылып, көпчүлүгү билим албай эле акча табуу менен убара болуп келишет. Ал эми мугалимдер тил кат алгандан кийин баланын калган тагдырына жоопкерчиликтүү эмеспиз дешет.

2019-жылдын экинчи жарым жылдыгында бир эле Ош облусунан 1243 окуучу чет өлкөгө кеткен. Булардын баардыгы эле билим алып жатканын текшерген киши жок.

"Ата-энелер жаш кыздарынын арзыбаган айлыгына кызыгып, аларды билимсиз калтырып, тагдырларына балта чаап жатышат. Убактылуу кыйынчылыктарды балким чечип жаткандыр, бирок бул жагдай кийин кайра эле ата-энесине терс таасирин тийгизет. Кыздары турмуш куруп барганда билимсиз, кесиби жок болуп барып, барган жеринен кемсинтүүгө дуушар болот. Бул алардын үй-бүлөсүнүн бузулушуна да алып келүүсү толук ыктымал. Кемсинтүүнүн айынан зордук-зомбулук көрүп, ыйлап келген келиндерди көп эле көрүп жатабыз",-дейт Ош шаардык ИИБ басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

"Эркектер менен жатасың деп мажбурлашчу"

Өспүрүмдөр арасындагы миграциянын кесепеттери ар кандай болушу мүмкүн. Мисалга, 2014-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан он төрт жашар кыз бала бакканы Ош шаарына келген. Бирок бала бакпай эле ал кыз жыныстык кулчулукта бир жыл кармалган. Бала бактырам деп алып келген аял сойкукана иштетип жүргөн экен, жаш кызды мажбурлап, кардарларга салып берген. Бул үрөй учурган окуя качан гана өспүрүм кыз төрөп койгондо милицияга, андан кийин коомчулукка билинген. Төрөт үйүнөн кызды апасы чыгарып, Жалал-Абадга алып кеткен.

Төрөт үйүнүн алдында апасы бизге буларды айткан:

"Кызымды Күмүшай деген аял бала бактырам, өзүм кафеде иштейм деп алып кеткен. Жада калса мен бир текшерип келгенде эки баласын да көрсөткөн. Кызымдын милицияга берген көрсөтмөсүн окусам, мени эркектер менен жатасың деп мажбурлачу, жатпайм десем уруп-сабашчу, деп жазып бериптир. Жазасын алаар деген үмүттөмүн".

Ачкадан өлгөн Айганыш

Дагы бир бакчы кыздын тагдыры андан да аянычтуу. Он үч жаштагы Айганыш Өзгөн районунан Орусияга бала бакканы барган. Акыркы жолу ал дүкөндө сүт уурдап, кароолчуга кармалып, камерага тартылып калган. Ошол бойдон Айганышты тирүүлөй эч ким көргөн эмес. Бир топ убакыттан кийин өспүрүмдүн жансыз денеси көчөдө табылган. Экспертиза Айганышты ачкадан өлгөн деп аныктама берген. Кыргызстанга Айганыштын сөөгү келген.

"Аялдар Тынчтык Банкы" коомдук фондунун маалыматына ылайык, "бакчы кыз" болуп иштегени кеткен эселек кыздар көпчүлүк учурда зомубулуктун ар кандай түрүнө кабылышат.

"Бакчы кыздар эрте жумушка тартылган үчүн психологиялык жактан жабыркайт. Биринчиден, алар куса болушат, ар убак стрессте жүрүшөт. Экинчиден, көпчүлүк учурда иш берүүчүлөр тарабынан физикалык, моралдык зомбулука кабылышат. Эң эле өкүнүчтүүсү, жыныстык зомбулука кабылгандар да жок эмес. Кыздар коркконунан эч кимге айтпай, мындай кылмыштар сыр бойдон калган учурлар көп,-дейт аталган фонддун жетекчиси Гүлсана Абытова.

Чет өлкөгө иштегени кеткен жашы жете элек кыздардын саны өсүп жатканы тууралуу мамлекеттик органдардын баардыгынын кабары бар. Бирок укуктук жактан алардын колу байлануу. Анткени ата-энелер керектүү справкаларды жасай коюп, балдарын жөнөтүүнүн жолун табышууда.

Гүлжан Алтымышбаева, Ош шаары

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.