Суданда масштабдуу каршылык акциялары

Каршылык кциясына чыккандар курган баррикадалар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Каршылык кциясына чыккандар курган баррикадалар

Суданда башкаруучу аскердик кеңеш саясий оппозицияны жарандык каршылык акциясынан баш тартууга чакырууда. Бир апта мурда Судан полициясы жана атайын күчтөр каршылык акциясына чыккандардын палаткаларын кыйратып, кууп таркатканда көп адам курман болуп, кырдаал курчуп кетти.

Оппозиция жекшембиде мөөнөтсүз иш таштоо акциясын баштап, аскердик кеңеш менен диалогду таптакыр токтотту.

Көп адамдар оппозициянын жарандык баш ийбөө жөнүндө чакырыгына кулак салып жаткандай.

Хартумда көп ишканалар жана кеңселердин көпчүлүгү бүгүн экинчи күн жабык турат. Коомдук транспорт дээрлик жүргон жок, анча-мынча жеке менчик автоунаалар жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Дарыгерлер чукул жардамга муктаж оорулууларды гана карашууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Каршылык акциясына чыккандарды полиция күч менен кууп тараткан учурда кан төгүлүп, жүздөн ашык адам курман болду.

Каршылык акциялары баш калаанын сыртында да болуп жатат, Омдурман, Аль-Обейд жана Порт-Судан сыяктуу шаарларда ишке чыкпай койгондор көп.

Бирок Интернет иштебей тургандыктан чыныгы кырдаал жөнүндө маалымат чектелүү болууда.

Бир апта мурда каршылык акциясына чыккандардын лагерин күч менен кууп таратышкан, кан төгүлүп, жүздөн ашык адам курман болду.

Активисттер жарандык каршылык акциясы аскердик башкаруучулар бийликти жарандык күчтөргө өткөрүп бермейинче уланта берерин билдиришти.

Аскердик кеңеш өз кезегинде өлкөдөгү тартипти кармоо үчүн бардык күч-аракетти көрөрүн айтып жатат.

Тектеш темалар