Кыргызстанда бир жарым миллионго жакын адам кедей жашайт

Жакырчылыктын айынан мектепке барбай жаткан балдардын көйгөйү көбүнчө айыл жеринде болуп жатат. Сүрөттүн автордук укугу VIKTOR DRACHEV
Image caption ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакыр үй-бүлөдө өсүп жатат. Жакырчылыктын айынан мектепке барбай жаткан балдардын көйгөйү көбүнчө айыл жеринде.

Кыргызcтандын улуттук статистика комитети 2018-жылы кедейчиликтин деңгээли жалпы өлкө боюнча 22,4% түзгөнүн билдирди. Башкача айтканда, 1 млн. 429 миң адам жакырчылыктын чегинде жашайт, алардын 68,0 пайызы айыл тургундары.

Элдин жашоо деңгээлин өлчөө Улутстатком тарабынан квартал сайын, 5016 үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчтөрдү тандалма интеграциялык изилдөөнүн негизинде жүргүзүлдү.

2018-жылы жалпы кедейчиликтин чегинин нарктык көлөмү калктын киши башына бир жылдын ичинде 32679 сомду, эң төмөнкүсү - 17471 сомду түздү.

Сүрөттүн автордук укугу Улуттук статком

2018-жылы Чүй (17,7%), Баткен (6,7%), Ысык-Көл (2,6%) жана Жалал-Абад (0,4%) облустарында, Бишкек шаарында (0,5%) мурунку жылга салыштырганда кедейчиликтин деңгээли төмөндөгөн. Калган облустарда тескерисинче эл жакырланууда. Эң начар көрсөткүч Ош шаарында (2,0%), андан кийин Нарын менен Таласта (1,4%), Ош областында (0,5%).

1-таблица: Аймактар боюнча кедейчиликтин деңгээли

2014 2015 2016 2017 2018
Кыргыз Республикасы 30,6 32,1 25,4 25,6 22,4
Баткен облусу 40,7 41,2 37,0 40,5 33,8
Жалал-Абад облусу 46,4 45,1 32,2 32,6 32,2
Ысык-Көл облусу 26,0 28,9 24,7 24,2 21,5
Нарын облусу 30,6 38,0 37,8 29,2 30,6
Ош облусу 31,7 28,9 22,0 14,3 14,8
Талас облусу 19,0 21,5 18,1 20,7 22,1
Чүй облусу 21,6 24,8 30,3 33,3 15,6
Бишкек шаары 17,6 23,5 9,8 15,9 15,4
Ош шаары 33,4 38,3 24,6 33,5 35,5

Өтө кедейчиликтин деңгээли Нарында эң жогору

2018-жылы өтө кедейчилик деңгээли 0,6 пайызды түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 0,2 пайызга төмөндөдү. 35 миңден ашык адам өтө жакыр жашайт, алардын 84,6 % айылда.

Өтө кедейчиликтин деңгээли Баткен облусунда (2,5%), Чүй облусунда - (1,4%) Ош шаарында (0,6%) жана Ысык-Көл облусунда (0,1%) төмөндөдү. Жалал-Абад облусунда (1,0%) Бишкек шаарында (0,3%) жана Нарын облусунда (0,2%) жогорулады.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO

2-таблица: Аймактар боюнча кедейчиликтин эң төмөн деңгээли

(калктын жалпы санына карата пайыз менен)

2014 2015 2016 2017 2018
Кыргыз Республикасы 1,2 1,2 0,8 0,8 0,6
Баткен облусу 2,6 4,0 0,3 3,4 0,9
Жалал-Абад облусу 1,1 0,5 0,1 0,0 1,0
Ысык-Көл облусу 0,0 0,4 0,0 1,0 0,9
Нарын облусу 1,8 2,1 2,6 2,0 2,2
Ош облусу 0,4 1,2 0,8 0,0 0,0
Талас облусу 0,0 0,0 0,0 0,0 0,0
Чүй облусу 3,2 1,7 3,1 1,7 0,3
Бишкек шаары 0,0 0,8 0,0 0,0 0,3
Ош шаары 3,1 1,7 0,0 1,2 0,6

3-таблица: Элдин колундагы акчалай кирешенин түзүмү

Баардыгы Кыргызстандын тышкаркы эмгек ишмердиги Социалдык трансферттер Жеке көмөкчү чарба Башка киреше
Кыргыз Республикасы 68,9 11,7 15,8 11,2 4,2
Баткен облусу 69,3 31,5 16,9 11,8 2,0
Жалал-Абад облусу 68,8 18,1 14,1 11,4 5,7
Ысык-Көл облусу 46,6 2,4 17,4 27,5 8,5
Нарын облусу 39,3 0,3 32,2 22,6 5,9
Ош облусу 73,7 22,2 14,3 9,6 2,3
Талас облусу 44,3 1,9 16,0 37,4 2,4
Чүй облусу 69,7 5,2 15,4 12,1 2,8
Бишкек шаары 81,2 0,1 14,9 0,0 3,9
Ош шаары 72,9 4,8 16,8 0,3 10,0

Эгерде эмгек мигранттарынын салымын эске албаганда, республика боюнча кедейчиликтин деңгээли орточо алганда 22,4 пайыздан 32,2 пайызга чейин өсө тургандыгын эсептөөлөр көрсөтүп турат. Анын ичинде кедейчилик Баткен облусунда 33,8 пайыздан 54,6 пайызга, Жалал-Абад облусунда - 32,2 пайыздан 44,9 пайызга чейин, Ош шаарында - 35,5 пайыздан 42,1 пайызга чейин жогорулайт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар