Атамбаевдин пиар стратегиясы өзгөрдү

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү чыккан Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү чыккан

Экс-президенттин соңку митингдеги риторикасы эми ал эч нерседен кайра тартпаган жүрүш баштагандай таасир калтырууда. Атамбаев азыркы президент менен мамилесин оңдоо аракети оңунан чыкпаган соң, курч сындуу саясат стратегиясын карманып жатканы байкалат.

Саясий күрөштөгү анын медиа жана пиар стратегиясы да өзгөрүп жатканын талдоочулар белгилешүүдө.

"Сооронбай кет"

"Азыркы өзүмбилемдик, зөөкүрлүк токтобосо, биз мындан ары "Сооронбай кет" деп чыгабыз. Кыргызстандан чыгарылган акча менен кошо жогол деп чыгабыз", - деди Алмазбек Атамбаев ишембиде Бишкекте болгон митингде.

Экс-президент мурункудай эле "Раим-миллион" жана саткынчылык темасын козгоп, президенттин аброюна шек келтире турган сөздөрдөн да кайра тарткан жок.

Image caption Коррупцияга каршы митинги, 8-июнь.

Мындан тышкары президенттик шайлоого кеткен чыгымдар тууралуу айрым маалыматтар жаңырды. Бирок мурунку өлкө башчысы ал бийликте турган кезинде коррупция менен контрабандадан кабары болбогонун айтып, актанды.

"Экс-президент буга чейинки жолбашчы-лидер бейнесин, абийирсиз досторунун таасиринде калган "ишенчээк команда мүчөсүнө" алмаштыруу аракетин жасап жатат. Жээнбековдор менден кийинки эле өлкөдөгү көп маселелер чечип келген экинчи таасирдүү адамдар болчу, ал чечимдерден менин кабарым жок болчу деген жаңы нукка бурууда", -деп анализдейт Атамбаевдин айткандарын "elgezit" аналитикалык тобу.

Серепчилер экс-президенттин билдирүүлөрүнүн негизинде күч органдары козголуп, иликтөө баштап, ал эми Баш прокуратура президентин аброюн коргоого милдеттүү экенин эскерте башташты.

"Атамбаев оппозиция эмес"

Экс-президент азыркы убакта бийлик коррупция менен чындап күрөшпөй, кайра чыныгы коррупциячыларды калкалап, ал эми саясий атаандаштарын куугунтуктап жатат деп сындады.

Парламенттеги эң башкы оппозициялык күч "Ата Мекен" фракциясы, анын лидери Өмүрбек Текебаев учурда камакта. Дагы бир "чөнтөк" оппозициялык фракциясы атыккан "Республика Ата Журт" фракциясынын лидери, Жээнбековдун шайлоодогу башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов учурда бозгунда. Мындай шартта оппозициялык милдетти Алмазбек Атамбаев аткарып жатат.

Бирок анын сөзү элге алымдуу болуп жатат деп айтыш кыйын.

Сүрөттүн автордук укугу sport.kg
Image caption Маматокторов: Атамбаев мырза, өз мүмкүнчүлүктөрүн аша чаап баалап жатат

"Өзүн оппозиция сезип, көрсөткөндүгү логикага жатпайт. Себеби, 2011-жылдан берки саясий системаны түзгөн адам так ушул -Атамбаев. Азыр жагдайлардын көбүнө өзүн күнөөкөр эсептөөнүн ордуна, мен оппозициямын жана катааларымды оңдойм деп жатат. Атамбаев мырза, өз мүмкүнчүлүктөрүн аша чаап баалап жатат. Өлкөдөгү абалды курчутуп, өзүнүн ишке ашпай калган амбицияларын ызаланганын зыянын жарандарга, жалпы өлкөгө тийгизбеши керек",-дейт "Ата Журт" партиясынын мүчөсү Шаирбек Маматокторов.

Ал өз алдынча коомдук желедеги экс-президентке карата маанайды иликтеп жатканын, ага ылайык Атамбаевге жан тарткандан да кыжырдангандар көп болуп жатканын кошумчалады.

Курч сындуу саясат

Саясатта 24 жыл дос болгон эки саясатчынын кармашы башталганына бир жылдан ашып, бул утур-утур саясий чыңалууну жаратууда. Бул убакыт аралыгында экс-президент жакын тарапкерлеринен айрылып, КСДП партиясын тарттырып, эми экс-президент макамынан айрылуу коркунучуна да кептелип отурат.

"Алардын кырдаалында туура стратегия болуп жатат. Анткени аларда жогото же уттура турган эч нерсеси калбады окшойт. Атамбаевдин Жээнбеков менен ымалага келүү , бирин-бери кечиришүүго жасалган аракеттерга президент тарабынан оңунан мамиле болбоду. Убакыт өткөн сайын экс-президенттин командасы, өзү деле сезип турат, курч сындуу саясат стратегиясы алар үчүн утуштуу", -дейт саясий серепчи Эмилбек Жураев.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption "Экс-президент үчүн курч сындуу саясат стратегиясы утуштуу болуп турат"

Азырынча бийлик экс-президенттин айыптоолоруна билдирүү жасабай, теңелбөө саясатын карманып жатат.

"Унчукпай, жооп бербей жүрө берүү кайсы бир деңгээлде калың эл арасында президенттин командасында айтарга жообу калбаптыр, же бийлик тарап кичине кооптонуп калыптыр деген ойлорду жаратышы мүмкүн. Бирок ошол эле убакта экс-президенттин создөрүнө күн сайын айтыша берүү бийликке аброй алып келбейт", - деп кошумчалады Жураев.

Анын үстүнө ушул аптада өтө турган ШКУ самммити, андан соң 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдыктар бийликке көбүрөөк маанилүү болуп жатат өңдүү.

Бирок бийлик тараптын дагы чыдамы көпкө созулбашы түшүнүктүү болуп турат.

Тектеш темалар