Саясий күрөштө садага чабылган Салянова

Сот мурдакы баш прокурордун бөгөт чарасын карап, аны 26-июлга чейин камакта калтырган Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Сот мурдакы баш прокурордун бөгөт чарасын карап, аны 26-июлга чейин камакта калтырган

Камактагы Аида Салянованын жактоочулары биринчи тергөө абагындагы мурунку баш прокурордун коопсуздугу жөнүндө маселе көтөрүштү. Кезинде коррупцияга каршы күрөштүн башында турган Саляновада душман жетиштүү экени айтылып, ал түрмөгө камаган айрым паракорлор да ошол эле тергөө абагында экени эскертилди.

Салянованын экс-президентке каршы көрсөтмө алыш үчүн камалганын да айткандар болууда.

Дүжүр берене

Мурдакы баш прокурордун жактоочусу Рабига Сыдыкова бүгүн өткөн басма сөз жыйында Аида Саляновага оор айыптар негизсиз коюлуп жатканын айтты:

"Саляновага дүжүр болуп калган коррупция беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Тагырак айтканда, 319-берененин 2-бөлүгү менен айыпталып жатат. Эмнеге биз бул берененин дужүр деп атабыз. Учурда адамдарга ойлонбой туруп жемкорлук айыбы коюлуп же шектөөлөр болуп жатат. Бирок бул абдан оор кылмыштардан болуп анын негизинде 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бул абдан катуу жаза болуп аткандан кийин, коюлган айыптарга айныксыз далилдер болуш керек да".

Сүрөттүн автордук укугу Rasul Usenaliev
Image caption Саляновага коррупция беренеси боюнча айып коюлуп жатат

Жактоочу ошондой эле Батукаевдин иши боюнча Салянова жең ичинен бүтүмгө келип, паракорчулукка барган деп айыпталып жатканын, бирок тергөө анын кимдер менен тымызын сүйлөшкөнүн тактай албай жатканына көңүл бурду.

"Баш прокуратура тарабынан Батукаев боюнча соттор тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдыгын текшерген бардык чаралар көрүлгөн. Батукаевдин бошотулуш жагдайын иликтөө үчүн кылмыш иши козголгон. Ишти андан ара иликтөө УКМК органдарына тапшырылган. Андан тышкары Баш прокуратура ал чечимдерге укуктук баа бергиле деп Соттордун кеңешине да кайрылган. Ал жактан соттун чечиминде укуктук катачылык жок деген жооп болгон".

Ал арада Жаза аткаруу кызматы Салянованын жактоочуларынын басма сөз жыйынынан кийин экс-прокурордун өмүрүнө эч кандай тобокелчилик жок экенин билдирди.

"Айыпталуучу Аида Салянова аялдардын режимдик корпусундагы камерада жайгашкан. Ал эркектердикинен бөлүнгөн. Атайын контингент өкүлдөрүнөн Салянованын дарегине коркутуулар болгон эмес. Салянова өзү дагы тергөө абагынын жетекчилигине анын өмүрү же саламаттыгына коркунуч келип жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган эмес", -делет ЖАМК жолдогон билдирүүдө.

"Салянованы камоо мыйзамсыз"

Салянованын партиялашы, "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев 10-июнда мурдагы башкы прокурордун камакка алынышы боюнча өз пикирин билдирди.

Адвокат Чынара Жакупбекованын жардамы менен жазуу түрүндө алынган интервьюда Текебаев Баш мыйзамда президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар жана баш прокурорго иммунитет каралган дейт.

Бирок Салянованы камакка алууда ал жагдай эске алынбай калган:

"Аида Салянова баш прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз. Ал аракеттерди жүргүзгөн адамдар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш".

Сүрөттүн автордук укугу PHOTO BY NEZIR ALIYEV/ANADOLU AGENCY/GETTY IMAGES
Image caption Текебаев мурунку баш прокурордун камалышы боюнча комментарий берди

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдакы баш прокурордун бөгөт чарасын карап, аны 26-июлга чейин камакта калтырган.

Атамбаевдин тушунда 2011-жылы баш прокурор болуп дайындалган Аида Салянова чоң кызматтагы адамдардан тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун эсинде калган.

Жалпылап айтканда 12 депутатка, 4 министрге, 10 судьяга жана бир катар губернатор, аким жана мэрлерге коррупциялык иштер боюнча жана кызматынан кыянат пайдаланды деген негизде иштер козголгон.

"Атамбаевге каршы көрсөтмө"

Салянованын дагы бир партиялашы Асия Сасыкбаева Салянова кайсы бир деңгээлде ички саясий күрөштүн курмандыгы болуп жатканы тууралуу да кыйытып өттү:

"Салянованы бекер камаган жок деп айтылып жатат. Аны коркутуп-үркүтүп, Атамбаевге каршы жалган көрсөтмө бересиң деген мааниде отургузду деген сөздөр болуп атат. Бирок Атамбаев ага Батукаев жөнүндө бир да сөз айтпаса керек. Себеби, Салянова Атамбаевге жакын адам болгон эмес. Ал жөн гана баш прокурор болуп өз ишин аткарган. Атамбаевдин ал кездеги жакын адамдары башкалар болгон".

Өткөн ишембиде митингде экс-президент өзү дагы Батукаев темасына кайрылып, бул иште өзүн ак деп көрсөтүп, башка бирөөлөр акча алышы мүмкүндүгүн билдирип, мисалга мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун атын атаган.

Сүрөттүн автордук укугу Mirlan Toktaliev
Image caption Мурдагы акыйкатчы экс-президентти сотко берем дейт

Турсунбек Акун өз кезегинде Атамбаевдин өзүн сотко бергени жатат.

" Элге жек көргөзүп, жамантатты кылып жатат мени. Бирок эн чоң жоопкерчилик анда да. Ал ушул иштин башында турбаганда, бир күндүк операция мындай ийгилик менен ишке ашпайт эле да", - деди Акун.

Бир күндүк операция

Эл арасында "мыйзамдагы уруу атыккан" Азиз Батукаев айыкпас ооруга чалдыгып, өлүм алдында жатат деп 2013-жылы Нарын түрмөсүнөн бошотулуп, ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошондо бул ишти парламенттик комиссия карап териштирип, аягына чыккан эмес. Эми ошондон алты жыл өткөндөн кийин Баш прокуратура бул кылмыш ишин жандантып, кайра карап баштады. Иш боюнча шектүү катары Саляновадан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, депутат жана беш медицина кызматкери кармалган.

Эки дарыгер, Сагынбаева кайрадан үй камагына чыгарылган. Атахановдун да бөгөт чарасы өзгөргөнү кабарланып, бирок тиешелүү органдар анын үй камагына чыкканын ырастай элек. ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, азыркы Жогорку Кеңеш депутаты Зарылбек Рысалиев да сурак берип, бирок тергөө маалында өзүн начар сезип ооруканага түшкөн.

Тектеш темалар