Экс-президентке "элита" чабуулу башталды

Жээнбековдун президенттик инагурациясы, 24-ноябрь, 2019 Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO
Image caption Жээнбековдун президенттик инагурациясы, 24-ноябрь, 2019

Ички саясатта экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы олуттуу саясий чаралардын сааты жакындап калды көрүнөт. Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчыдан экс-президент макамын алып, анын соңку билдирүүлөрүнө катаң чаралар менен жооп берүүгө шымалана киришти.

Мурда көпчүлүгү кыңк этпей колдоп келген депутаттар эми экс-президентке крим төбөлдүн түрмөдөн мыйзамсыз кутулганынан баштап, коррупция, бийликти узурпациялоо сыяктуу оор айыптарды коюп жатышат.

12-июндагы пленардык жыйында "Кыргызстан" фракциясынын өкүлү Канатбек Исаев сөз алып, экс-президент 8-июндагы өз митингинде парламентти мазактап, аброюна шек келтиргенине терикти.

Башкысы, Исаев мурдагы мамлекет башчынын байлыгын текшерип, президент кезинде бийликти менчиктөө аракеттерине баа берүү маселесин көтөрдү.

"Коррупциялык жана узурпациялык көрүнүштөрү Атамбаевдин кыймыл-аракеттеринде өтө көп болгон", -деди депутат.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Исаев мурунку бийлик тушунда куугунтукка кабылганын айтып келет

Ал экс-президент Жогорку Кеңештеги шайлоодо эле эмес, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого да көзөмөл кылып, партиялык тизмеге кийлигишкенин, ал тургай аткаруу бийлигине да басым жасап келген деп сынга алды:

"Башкы прокуратура, Финпол, Ички иштер министрлиги тиешелүү иш алып барбай жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурунку президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек".

Исаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси тууралуу маселени да козгоду:

"Батукаев боюнча комиссияда мен да мүчө болгом. Комиссиянын жыйынына УКМКнын ошол кездеги башчысы Болот Жунусовду чакырып, мен бир нече ыңгайсыз суроолорду бергем. Жунусов чуркап Атамбаевге барган экен, Атамбаев мени чакырып алып, экөөбүз өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо менин бардык күмөнүм тараган. Бул иштин артында Атамбаев турары мен үчүн белгилүү болгон".

Ошентип, парламентте Канатбек Исаев тарабынан Атамбаевдин дарегине айтылбаган сын калбады.

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов буга чейин коомдук сайттардын бириндеги баракчасы аркылуу Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатканын жазган.

"Эки жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, терс мааниде сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда алты жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин", делет анда.

Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйынында экс-президенттин ысымын Жогорку Кеңеш трибунасынан улам-улам кайталап, анын рейтингин көтөргөндөн ордуна Атамбаевден кол тийбестикти алуу боюнча Баш прокуратурага парламент атынан кайрылуу сунушун берди.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина экс-президенттин таламын талашып, кезинде унчукпоо саясатын карманып келишкен айрым депутаттарга эми тил бүтүп аткандыгын сынга алды.

" Көбүңөр анын досу эмес белеңер?! Силер элдин жана мыйзамдын алдында жооп бересиңер. Соттордун, УКМКнын, прокуратуранын ишинде мыйзам бузуулар мурдагыдан да көбөйдү. Атамбаевден мыкты болуп албайсыңарбы, эмнеге эле ага жармаштыңар да калдыңар? Асылбек Жээнбеков төрага, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда кимиңер каршы сөз сүйлөдүңөр эле? Бүгүн "баатыр" болуу модага айланды", -деди Карамушкина.

Экс-президент тууралуу талкууда КСДП жана "Ата Мекен" фракцияларынын лидерлери Иса Өмүркулов менен Алмамбет Шыкмаматов айтыша кетишти.

Шыкмаматов кезинде Иса Өмүркулов экс-президентти "улут атасы" деп атаганын эске салып, эми Атамбаевди колдогон жокмун деп айтып атканы туура эместигин белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Бийликке келгенден кийин колдодук да"

"Анын (ред. Атамбаевдин) президент болуп шайланышына сенин да, Текебаевдин да салымы бар. Ал бийликке келгенден кийин колдодук да. Берген сунуштарын колдодук, фракциянын жетекчиси катары колдодук. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болгонун көрүп жатабыз да", -деп жооп кайтарды буга Өмүркулов.

Коомдук сайттарда парламенттин бүгүнкү талкуусуна байланыштуу ар кыл мазмунда пикирлер жазылып жатат. Атамбаевдин тушунда ага ачык сын айта албай, депутаттар эми "жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап" болуп атышат деген да сындар да болууда.

Депутаттар экс-президенттин аларга берген мүнөздөмөсүнө нааразылык айтып, өздөрүн саясий элита деп атаганы да интернет айдыңында кызуу талкууланып жатат.

"Борбор Азияда Кыргызстандын эле Баш мыйзамында парламенттин көзөмөлдөө функциялары тууралуу жобо бар. Конституция боюнча Жогорку Кеңеш бардык бийлик бутактарына устөмдүк кылып, керек болсо президенттин ишмердигин көзөмөлдөй алат, импичмент жарыялай алат. Бирок ошол бийлигин колдонгондун ордуна бул чакырылыш экс-президенттин айланасындагы адамдарга кызмат кылууну тандаган. Бийликти узурпациялап атканда депутаттар эмнеге унчуккан эмес?" -деди парламенттеги бүгүнкү жыйындагы талкууларга сереп салып саясий серепчи Нурсултан Акылбек.

Саясат талдоочу депутаттар азыр сынга алып жаткан нерселер кезинде алардын кызыкчылыктарына кайчы келген эмес деп, учурдагы Жогорку Кеңештин чакырылыш мамлекеттик кызыкчылыктарды чанда гана эске алып келгенин белгиледи.

Неси болсо да, экс-президентке каршы олуттуу саясий чаралар жакындап, Бишкектеги ШКУ саммитинен кийин ички саясатта олуттуу өзгөрүүлөр болору айныксыз болуп турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар